Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Токио шаары

Баш барак | Өлкөлөр жана шаарлар | Токио шаары

Япон маданияты башкача бир болгону сыр деле болбосо керек, жана башка өлкөлөрдүн жашоочуларына көбүнчө түшүнүксүз. Ошондуктан бул өлкөнүн борбор шаары Токио кызыктуу фактылардын сүйүүчүлөрүнө чыныгы табылга. Алгач "Токио шаары" жонундо жалпы маалымат менен таанышып алалы.

Токио шаары

"Токио шаары" - Япония өлкөсүнүн борбору. Хонсю аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Канто түздүгүндө, Тынч океандын Токио булуңунун жээгинде орун алган. Шаарды аралап Тама, Сумида жана Аракава дарыялары агып өтөт.

Түндүгү менен батышын тоо ээлейт. Климаты субтропиктик, муссондук. Январдын орточо температурасы 6,1°С, июлдуку 25,8°С. Жылдык жаан-чачыны 1300 мм. Калкы 13,3 млн (2014; айланасындагы префектуралар жана борбдук агломерациясы менен 37 млн, өлкөнүн калкынын 30%ы). Ири жол тоому. Деңиз порту (жылына 90 млн тонна жүк ташылат).

Токио шаары

Ханеда жана Нарита эл аралык аэропорттору бар. Метрополитен иштейт. Токио Лондон жана Нью-Йорк менен теңтайлаш соода-финансы борбору. Фонд биржасы (дүйнөдө капиталынын көлөмү боюнча 2-орунда; япон банктарынын штаб-квартиралары, эл аралык 2 ири компаниялары) бар. Өлкөнүн алдыңкы ишкер борбору. Токиодо илим менен техника жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрү өнүккөн. Машина куруу (анын ичинде транспорттук жана электрлештирилген), металл иштетүү, полиграфия, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт.

Япония илимдер академиясы, Япония исккусство академиясы, университеттер, театрлар, ЗОдан ашык музей (а. и. Тенри галереясы, Брижстон жана заманбап исккусство, улуттук, Токио метрополитен-музейи) ж. б. бар. Эстеликтери: император ак сарайы [1869-ж. чейин Эдо сепили (16-17-к.; бул жерге Киотодон императорлор сепили көчүрүлүп келинип Токио (Чыгыш борбор) аталган], ак сарай комплекеи (1600-ж. чен, 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында кайра курулган, 1968-жылдан императордун жаңы ак сарайы)], Рикугиен пейзаж паркы (17-кылымдын аягы 18-кылымдын башы), Уэно паркы (жыгачтан салынган коңгуроолуу чиркөөсү менен, 17-к.), Тосёгу (17-к.), Мэйдзи (19-к-дын аягы) жана Ясукуни (1869) синтоист, Каннон будда (17-к., 20-кылымда калыбына келтирилген) храмдары. 1964-ж. 18-олимпиа оюндары өткөрүлгөн. Бир нече кыйраткыч жер титирөөлөр (1703, 1782, 1812, 1855, 1923 ж-а 2011) болуп өткөн. 1960-ж. Йойоги олимпиа спорт комплекси салынган. Туризм өнүккөн.

Токио шаары жонундо кызыктуу фактылар

Жайгаштыруу: 2018-06-28, Көрүүлөр: 2671, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-16, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу