TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Токио шаары макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Япон маданияты башкача бир болгону сыр деле болбосо керек, жана башка өлкөлөрдүн жашоочуларына көбүнчө түшүнүксүз. Ошондуктан бул өлкөнүн борбор шаары Токио кызыктуу фактылардын сүйүүчүлөрүнө чыныгы табылга. Алгач "Токио шаары" жонундо жалпы маалымат менен таанышып алалы. "Токио шаары" - Япония өлкөсүнүн борбору. Хонсю аралынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, Канто түздүгүндө, Тынч океандын Токио булуңунун жээгинде орун алган. Шаарды аралап Тама, Сумида жана Аракава дарыялары агып өтөт. Түндүгү менен батышын тоо ээлейт. Климаты субтропиктик, муссондук. Январдын орточо температурасы 6,1°С, июлдуку 25,8°С. Жылдык жаан-чачыны 1300 мм. Калкы 13,3 млн (2014; айланасындагы префектуралар жана борбдук агломерациясы менен 37 млн, өлкөнүн калкынын 30%ы). Ири жол тоому. Деңиз порту (жылына 90 млн тонна жүк ташылат). Ханеда жана Нарита эл аралык аэропорттору бар. Метрополитен иштейт. Токио Лондон жана Нью-Йорк менен теңтайлаш соода-финансы борбору. Фонд биржасы (дүйнөдө капиталынын көлөмү боюнча 2-орунда; япон банктарынын штаб-квартиралары, эл аралык 2 ири компаниялары) бар. Өлкөнүн алдыңкы ишкер борбору. Токиодо илим менен техника жана жогорку технологиялуу өндүрүштөрү өнүккөн. Машина куруу (анын ичинде транспорттук жана электрлештирилген), металл иштетүү, полиграфия, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары иштейт. Япония илимдер академиясы, Япония исккусство академиясы, университеттер, театрлар, ЗОдан ашык музей (а. и. Тенри галереясы, Брижстон жана заманбап исккусство, улуттук, Токио метрополитен-музейи) ж. б. бар. Эстеликтери: император ак сарайы [1869-ж. чейин Эдо сепили (16-17-к.; бул жерге Киотодон императорлор сепили көчүрүлүп келинип Токио (Чыгыш борбор) аталган], ак сарай комплекеи (1600-ж. чен, 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында кайра курулган, 1968-жылдан императордун жаңы ак сарайы)], Рикугиен пейзаж паркы (17-кылымдын аягы 18-кылымдын башы), Уэно паркы (жыгачтан салынган коңгуроолуу чиркөөсү менен, 17-к.), Тосёгу (17-к.), Мэйдзи (19-к-дын аягы) жана Ясукуни (1869) синтоист, Каннон будда (17-к., 20-кылымда калыбына келтирилген) храмдары. 1964-ж. 18-олимпиа оюндары өткөрүлгөн. Бир нече кыйраткыч жер титирөөлөр (1703, 1782, 1812, 1855, 1923 ж-а 2011) болуп өткөн. 1960-ж. Йойоги олимпиа спорт комплекси салынган. Туризм өнүккөн. Токио шаары жонундо кызыктуу фактылар "Токио шаары" Япониянын борбору болуп 1868-жылы калыптанган, шаардын мурдагы аталышы Эдо болгон ал "булуң" дегенди түшүндүргөн. Токио болсо сөзмө сөз которгондо "Күн чыгыш борбору" же "чыгыш борбору" деп түшүндүрүлөт. Токио сөзү япон тилинде болгону эки иероглиф менен жазылат. Билесинерби Токио метрополитени жылына 3,2 миллиард адамды ташыйт, Адам ушунча көп болгондуктан метролордо "осия" аталган кызмат бар, бул кызматта вагонго толуп кеткен адамдарды түртүп тыгуу үчүн атайын адамдар иштейт. Токиодогу "Уэно" зоопаркы Япониядагы эң эски зоопарктардын бири, ал жакта 2600дөн ашык жаныбарлар бар. Жаныбарларды адамдардан эс алдыруу үчүн жылына зоопаркты 2 айга жабышат. Жыл сайын Токиодо ар кандай кубаттыкта 150дөй жер титирөө болот. Шаардын тарыхындагы эң күчтүү жер титирөө 1923-жылы болгон. Аны Канто жер титирөөсү деп аташып силкинүүнүн күчү Рихтер шкаласы боюнча 8,3 баллга жетип, 142миң адамдын өмүрүн алган. Токио шаарында адамдар көп болгондуктан шаардагы температура дайыма орточо 10 градуска ысык. Дүйнөдөгү эң кымбат ресторан Токиодо жайгашкан. Ресторандын аталышы "Арагава". Бул стейкхаус ресторан атактуу "Коби" (бул этти жэш үчүн тиштин кереги жок) мрамор этин даярдоого адистешритилген. Бул тамакты заказ кылуу үчүн 35000иен же 350$ төлөө керек.