Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоголок Молдонун чыгармаларынын мазмуну жана идеясы

Баш барак | Адабият | Тоголок Молдонун чыгармаларынын мазмуну жана идеясы

Тоголок Молдонун "Дыйкандын аялынын кошогу" деген чыгарма - сында Датка жана анын кол алдында иштеген дыйкандын аялынын орто - сундагы карама-каршылык көрсөтүлгөн.

Дыйкан датка тарабынан өлгөнүн айтып, даткага жакшылык каалабаганын билдирип жатат. Чыгарманын идеясы ошол замандагы адамдар ортосундагы теңсиздик, бири-бири - не таш боор мамиле жасагандыгында. Кедей адамдардын оор турмушу көрсөтүлгөн. Ошондой эле дыйкандын аялы даткага каргышын айткан.

Дыйкандын аялынын кошогу
Дыйканымды өлтүрдү,
Баласы мендей какшасын.
Башыма жабыр келтирди,
Эч кылмышы жок эле,
Дыйканымды күнөөлөп,
Жайлаптыр датка өлтүрүп.
Жалпы журтка күбөлөп,
Багымды датка байлады,
Мээнетим бекер сайлады,
Кара бет жесир калган соң,
Капасын айтып сайрады.
Тикирейип көп ыйлап,
Тилин тишке кайрады.
Асылым дыйкан арстаным,
Талыкпай ташка басканым.
Кара жолтой какшаалга,
Жок эле менин жазганым.
Арманын айтып, ар качан,
Алганы дартын козгосун.
Казы - мупту жолумдан,
Каршы чыгып тозбосун.
Какшаал казы залимдин,
Кара кийип катыны,
Тукуму тарап, тоз болсун!
Уугу сынып кыйрасын,
Уулу мендей ыйласын.
Керегеси кыйрасын,
Келини мендей ыйласын.
Түндүгү сынып, кыйрасын,
Тууганы мендей ыйласын.

Гүл ойрон

Дөөлөс уруусунан Ысык-Көлдө XIX кылымдын орто ченинде Арпа деген жигит төмөнкү таптан болуп, 30 жаш чамасында ажалынан өлүп, үч баласы жетим калат. Зайыбы Чыны деген аял кошокчу чыгып, «Гүл ойрон» деген сөздү бир баштап айтып, бир айтканын экинчи кайталап айтпайт.

Асылым Арпа гүл ойрон,
Кандай жорук баштадың?
Катың менен балаңды,
Каран түнгө таштадың.
Жашында өлгөн оңорбу,
Жаш кезинде тул калган,
Мендей бейбак болорбу?
Кара бет атка конорбу?
Кызылды кийген оңорбу?
Кыш чилдеде тоңорбу?
Келининде кесилип,
Кара бет атка конорбу?
Ыргалып чыккан буудайым,
Ырайым кылбай кудайым,
Асылым Арпа гүл ойрон,
Айрылдым сенден, жубайым.
Жайкалып чыккан буудайым,
Жардам кылбай кудайым,
Жаш кезинде айрылдым,
Асылым Арпа жубайым.
Асылым Арпа гүл ойрон,
Кара чачым жайдырдың,
Калдайтып кара салдырдың.
Калк ичинде мен шордуу,
Кайран Арпа ойронду.
Кабыланга чалдырдым,
Жашыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл ойрон?
Жаш алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл ойрон?
Кызыл алма колго алып,
Бейиште бекен гүл ойрон?
Кыз алган жарым калды деп,
Кейиште бекен гүл ойрон?
Жергеңден келген жети каз,
Жетөөн коюп, бирөөн ат.
Жети эшиктүү бейиштин,
Эшигин ачып, төрүн бас.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 4289, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-09-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо