Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ташрабат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ташрабат

Дүйнөдө жалаң таш менен тургузулган имараттар, курулуштар өтө эле көп. Орто Азиядагы байыркы мезгилден калган таш курулуштардын биздин күнгө чейин сакталгандары бирин-экилеп эле саналат. Ошолордун бири - Кыргызстандын Атбашы районунун аймагындагы Ташрабат кербен сарайы болуп эсептелет. Биринчи жолу тарыхчы Мухаммед Хайдар (1499-1551) «Тарихи-Рашиди» аттуу китебинде бул кубулуш жөнүндө кыска болсо да маалымат берип, аны Моголстанда 1408-1416-жылдары бийлик жүргүзгөн Мухаммед хан курдургандыгын белгилеген. Мындай курулуштар соода жолдоруна жакын чек араларда курулган. Ташрабат эмне максатта ушундай ээн жерде тоо арасында тургузулгандыгы али күнгө чейин тактала элек. Аны кербен сарай катары ары-бери өткөн соодагерлердин тыным алып, унааларын эс алдырып, конуп-түнөп кетүүсү үчүн тургузулган имарат катары да эсептешет. 1859-жылы белгилүү окумуштуу Ч. Валиханов орус экепедициясы менен Кашкарга барып, кайтып келаткан жолунда ушул Ташрабатка токтоп, Ташрабатты толук сүрөттөп берген. Ал маалыматта бул курулуш байыркы доорго таандык деп жазылган.

Өзүнүн сырткы көрүнүшү, ички бөлмөлөрүнүн ар түрдүүлүгү, курулуш ыкмасы изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келген. Илимий чөйрөгө биринчилерден болуп 1894-жылы А. Войцехович деген билдирген. Атактуу окумуштуу тарыхчы В. В. Бартольд өзүнүн 1893-1894-жылдардагы жүргүзгөн экспедициясынын отчетунун тиркемесине бул имараттын сүрөтүн тиркеп жарыялайт. Ар кандай кесиптеги адамдардын, окумуштуулардын Ташрабатка байланыштуу макалалары, изилдөөлөрү көп. Ташрабат кийин советтик доордо, башкача айтканда, 1978-жылдарда Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин атайын илимий-реставрациялык бөлүмү тарабынан изилденип, кийин толук реставрацияланып калыбына келтирилди. Бүгүн туристтик кызыктуу объектилеринин бири болуп кызмат кылып жатат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 758, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо