Тайлак Рыскул уулу (болжолу 1796жылы, Нарын дайрасынын жээгиндеги Каргалык аттуу жер, учурдагы Акталаа ошондой эле Тогузторо райондорунун чеги-1838, Куртка аттуу аймак) - 19чу кылымдын 1чи жарымындагы кыргыз элинин коз карандысыздык учун болгон кыймылынын ири окулу. Нарын кыргыздарынын Кокондун эзуусуне каршы курошунун 1чи этабы 1832-ж. Тайлак менен тууганы Атантайдын башкаруучулугу менен башталып, бирок ийгилиги жок аяктаган. Кокондун 7 мин аскери аз кыргыз колун женип алып, элди салык толоого мажбурлаган. Нарын кыргыздары Коконго каршы курошунун 2чи этабы Мадали хандын Тайлакты туткунга тушуруу учун Арап жетектеген жоокер (500 сарбаз) жиберуудон башталган. Тайлак баатыр ал жоокерлерди (сарбаздарды) Тогузтородогу Бычан жайлоосунан кезиктирип, салгылашта женип чыккан. Тайлак баатырдын курошунун 3чу этабы 19чу кылымдын 30-жылдарынын аягына туура келет. Мадали хан Туркстан тараптагы казактын Эдиге торосу менен келишип, аны коп кошуун жабдып, Тайлак баатырга каршы аттанган.
Эдиге Таласты чаап, отмокту ашып, Суусамырга келет. Тайлак баатыр Акталаадагы чоро жана басыз урууларынан кол чогултуп, Эдиге менен Суусамырдын Дубанкочуу аттуу жеринде кезигип беттешет. Ал кармашта да Тайлак баатыр кастардын таш талканын чыгарып, женип чыккан. 19чу кылымдын 20чы жылдарында Тайлак баатыр башкарган кыргыз уруулары Чыгыш Туркстандын иштерине да аралаша башташкан. Бул убакта Кашкарды жетектеп турган кожолордун бири Жаангер кожо Кытайлык баскынчыларына каршы чечкиндуу иш-аракеттерди баштаган. Бирок анын 1-аракети ийгиликсиз аяктап, ал кыргыз эли арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр жана Атантай Жаангердин кыймылына колдоо корсотушкон.
Анткени алар кытайдын баскынчыларын кыргыз жергесине откорбоону коздошкон. Кытайдын Синь-цзяндагы жетекчи Жаангерди оноктогон кыргыздарды басып-талкалап, жетекчилерин туткундап келуу учун 1825-жылы Баян Бату атту генерал менен 500 адамдан турган жоокерин Нарын аймагына жоноткон. Алар, Тайлак баатыр жокто айылын курчап алып, талап-тоноп, жуздой адамды олтурушкон. Жаман кабарды уккан Тайлак баатыр коншу айылдан шашылыш кол курап, баскынчыларды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында кысып алып, алардын баарынынын кырып таш-талканын чыгарган. Тайлак баатыр 1838-ж. кокондук тынчысы ууландырып олтургон. Андан сон Кокон ханы жортуулга чыгып, Нарын кыргыздарын кайра басып, Тайлак баатыр талкалаган кокондук Куртка сепилин калыптандырып, бийлигин чынаган.