Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Табу

Баш барак | Башкалар | Табу

Табу — ыйык же жамандык алып келет деп саналган иш-аракетти жасоого диний жактан тыюуу салуу.

Мазмуну

Жалпы маалымат

Табу — Полинезиянын диний ырым-жырымдарынан алынган термин, учурда этнография жана социологияда өзгөчө тыюуу салууларды белгилөө системасы, бул сөздүн белгилери түрдүү аталышта ар кандай өнүгүү деңгээлиндеги бардык элдерде табылган. Өтмө мааниде табу ар кандай тыюууну түшүндүрүшү мүмкүн, тыюууну бузуу ар качан коомчулукка коркунуч жаратуу катары каралат, жана ал коркунуч так баамдалбайт.

Кыргыз тилинде (лингвистикада) табу — өз аты менен атоого, тыюуу салынган тергөө сөздөр, сөз айкаштары жана энчилүү аттар.

Табу сөздөр

«Кайберен энеге кол тийгизген оңбойт» — «Ак илбирстин тукуму» кинофильминен, режиссер: Төлөмүш Океев.

Константин Юдахин — дарттын чыныгы аталышын атоо, анын тездик менен таралып кетишин шарттайт деген элдик ишеним болгон. Ошол себептен кыргыздар «чечекти» — «улуу тумоо», «чыйканды» — «сыздоок», «келтени» — «кара тумоо», «безгекти» — «калтыратма» деп атап, табу сөздөрүн колдонушкан дейт.

Жаныбарларга айтылган табу сөздөр: аюу — өтөгөн, карышкыр — кашабаң, бөрү, ит-куш, улума, жолборс — шер.

Кыргыз турмушунда табу антропонимдерде, адам аттарын тергөөдө кеңири колдонулат. Мисалы: Арыкбай — Өстөн аке, Сайра, Сайракан, Сайрагүл — булбул (жеңе, эже ж. б. тууганчылык жана кишинин жаш өзгөчөлүгүнө ылайык сөз жанаша айтылат). Адамдын атын тергеп айтуу кыргыз элинде улууну урматтоо, кичүүнү кадырлоо себебинен пайда болгон.

Кыргыздардагы дагы башка табу сөздөр: албарсты — сары кыз, жаман оору — улуу тумоо.

Этимология

Британиялык дин изилдөөчү, антрополог Джеймс Джордж Фрэзердин ою боюнча табу сөзү тонган этиши «ta» (белгилөө) жана «pu» күчөтүү тактоочунан жаралып, биргеликте кийинкини түшүндүрүшү керек: «бүтүндөй ажыратылган, белгиленген». Сөздүн жөнөкөй мааниси — «ыйык». Ал буюм менен Кудайлардын байланышын, кадыресе иш-аракеттен алыстоону, ыйык деп саналган бир нерсенин кайсы бир адамга же буюмга таандыгын көрсөтөт. Ошол эле учурда табу өзүнө милдеттүү моралдык элементти камтыбайт. Бул терминди Полинезиянын уруулук коомунун жашоосун байкоо менен капитан Джеймс Кук (James Cook) 1771-жылы киргизген.

Полинезиядагы табу

Байыркы Полинезияда, Гавай аралдарынан (гавайча kapu — айтылышы «капу») Жаңы Зеландияга чейин (табу) тыюуу салуу системасы жашоонун бардык чөйрөсүн камтып, башка өлкөлөрдө официалдуу дин, мыйзам, юридикалык мораль жана укук деп аталгандын бардыгын алмаштырып, регламентациянын жалгыз формасы болгон.

Бул система аркылуу түзүлгөн көп сандагы тыюуулар жана ырым-жырымдар, диний талаптын категориялык императивин себеп кылганы гана болбосо, жолун жолдоочулардын көз карашы боюнча да иррационалдуу болгон. Бул тыюуулардын генезиси алгачкы адамдын ар түрдүү акыл нерселерден обочолонуусунда, жөнөкөй аналогияны негизги тыюуу менен, же негизги тыюууну эң эле алыс, байланышы жок бузуу мүмкүндүгүнөн обочолонтуу каалоосу менен колдонмо кылып, андай адамдын көз карашы боюнча, бир нече тыюуулар менен жарыш диний эреже же тыюуу таптакыр башка жаатта.

Өз кезегинде ар бир жаңы нерсе — аналогия боюнча түзүлгөн же эскини обочолонтуу үчүн — тыюуу кийинки кеңейтилген тыюуунун предмети болуп калган. Мындай тыюуулардын санкциясы жана сакчысы катары алгачкы адамдардын бардык нерселер алдында фетишисттик (кудай деп таануучу буюмдар) улук көрүүсү, эски нерселер, салттуу нерселер, өткөн муундардын мурастары, өзгөчө салттуу табу атрибутунда бекилген ыйыктуулуктар кызмат кылган.

Табу керт баш пайда үчүн да колдонулушу мүмкүн: XIX кылымдын орус деңиз сүзүүчүсү Отто Коцебу король Гавайев Камеамеа Алмаз тоосунда кенч болгонуна байланыштуу ага табу койгон (тыюуу салган) деп билдирген, бирок бул ката болуп чыгып, табу жокко чыгарылган.

Ыйык табу

Барынан мурда табу кудайга тиешеси бар нерселерге колдонулган. Кечил инсандар (жрец), храмдар жана алардын мүлктөрү катуу табуга алынган, башкача айтканда жөн гана ыйык деп саналбастан, кол тийбестикке ээ болгон. Андан кийин өзүнүн тегин кудайлардан деген королдор жана башкаруучуларда чексиз табу болгон.

Алардын жеке инсандыгына жана мүлкүнө кенедей тиешеси болгондун баары ыйык жана кол тийбес эле. Ал гана эмес алардын ысымдары да табу болгон: кол астындагыларга алардын аттарын айтууга тыюуу салынган. Эгер королдун аты кокус кандайдыр бир жалпы кабыл алынган сөз сыяктуу угулса, анда ал тыюуу салынган сөз болуп, жаңы ойлоп табылган термин менен алмаштырылган.

Королдордун жана башчылардын колу тийген нерселер да табу болуп, алардын пайдасына менчиктештирилген. Ошол эле иш аракет башчынын бир тамчы каны же буюму жерге түшкөндө болгон (Жаңы Зеландия). Башчы үйүнө барган жолу да табуга айланган. Андай жолдо басууга тыюуу салынган. Башчы өзүнүн дене мүчөсү деп атаган буюмдардын бардыгы дал ушундай эле табу болуп кала берген — мисалы, кайсы бир үй анын башы же оң колу десе. Мындай тандалган адамдын ичкен тамак-ашы да катуу табуга алынган. Тамагын даамдаган адам полинезиялыктардын ишеними боюнча сөзсүз өзүн өлүмгө кептеген.

Дене мүчөлөрүнө, кийимге, турак жайга жана жогорку касталар колдонгон буюмдарга тараган табу гаваи коомунун башка эки класстарынан айырмаланып турган… Канчалык ак сөөктүк деңгээли жогору болсо, ошончолук алардын табусу, ыйыктыгы жогору болгон. Башчылардын жана жогорку башкаруучулардын Капусу (Гавай Табусу) өтө улуу болгон. Мисалы, жөнөкөй адамдар менен кезиккенде аларга тизелеп жүгүнүүнү буйрук кылышкан. Мындай табуну алып жүргөн адамды жөнөкөй адамдардын караганга да укугу болгон эмес. Адамдар, ак сөөк алиянын (адамдын) буюмдары алдында да жерге жатып жүгүнүш керек болчу.

Кимдир бирөө андайды жасабаса, аны дароо өлтүрүшкөн. Ушундай эле жаза алияга же анын буюмдары жана кийимдерине колу тийип кетсе, же атактуу гаваецтин үйү турган аймакта болуп калса ишке ашкан. Көптөгөн Капулар (Гавай Табулары) алиялардын (ак сөөктөр) аялдарына да тиешелүү болгон. Мындайларга күйөөлөрү менен тамактанууга, ошондой эле акула, таш бака, чочконун эттерин жегенге тыюуу салынган. Бул аялдар банандарга жана аралда өтө жайылуу болгон кокос жаңгактарына колун тийгизгенге укугу болгон эмес. Ак сөөк эркектер жалгыз бир табуну тутууга милдеттүү болушкан — ай жаңырган сайын эки түн чиркөөсүнүн аймагында жайгашкан өзгөчө алачыкта болуу. Бул убакта ак сөөктөр тамак-ашка кол тийгизгенге акысы жок болчу, ошондуктан аларды кызматчылар тамактандырган.

Коркунуч катары жалпы элдик же улуттук кудайлар гана болбостон, анча чоң эмес кудайлар да болгон, мисалы, уруулук же үй-бүлөлүк кудайлар. Ошондуктан, табу деп жарыялоо укугун кечилдер (жрецтер), королдор, башчылар гана пайдаланбастан, өзүнчө айылдар, ал гана эмес өзүнүн үй же жер кудайларынын сакчысы катары өзүнчө адамдар да колдонушкан. Ушундан улам адамдардын жерине, бак-дарактарына, үйлөрүнө, айылдарга, эгин жыйноо мезгилинде талааларына табу жарыялоо укугу жаралган. Акыркы эки мисалдар жеке менчик укуктардын биринчи өнүгүү баскычтарында өзүнө диний түшүнүктөрдү издегени жакшы иллюстрация. Бул укуктун «ыйыктуулук» атрибутунун башаты табу мезгилинен алып келгени көрүнүп турат.

Диний максаттарга арналган күндөр жана мезгилдер катуу табу менен коштолгон. Кадимки күндөрдөгү табуда жөнөкөй иштерден оолак болуп, кудайга кызмат кылуу талап кылынган, бирок өзгөчө кырдаалдагы табуда от жагууга, кайыктарды сууга түшүрүүгө, жуунуга, үйдөн чыгууга, кандай гана үн болбосун чыгарууга тыюуу салышкан. Тыюуулар жаныбарларга да таандык болгон: иттер — үрбөш керек, корооздор — кыйкырбаш керек, чочколор — коркулдабаш керек ж. б. у. с. Буга бөгөт коюуу максатында гавайлыктар иттердин жана чочколордун тумшуктарын бууп, канаттууларды ашкабактын ичине отургузуп же көздөрүн кандайдыр бир кездеме менен жаап коюшкан. Гаваи аралдарында табу мезгилиндеги чыккан үндөр үчүн күнөөлүүлөр өлүм жазасына тартылган. Өзгөчө кырдаал табулары согушка даярданууда, чоң диний зыйнат алдында, башчылар ооруган ж. б. мезгилдерде орнотулган. Табу бир нече күндөн кээде бир нече жылдарга созулган. Жөнөкөй табу күндөрдүн узактыгы 40 күн, бирок 30 жылга созулган табулар болгон, бул мезгилде чач кесүүгө тыюуу салынган. Табу убагында бүтүндөй аймактар же аралдар карантинге киргендей болушкан: табуланган аймакка жакындоого да тыюуу салынган.

Ыпылас табу

Полинезиялыктардын жана башка элдердин табу термини «ыйык» дегенден башка, карама-каршы — «ыпылас», «таза эмес» деген маанисине ээ болгон. Бул экинчи маанисинин генезиси өтө татаал. Биринчи себеби «ыйыктуулук» атрибутун билдирген жакшы кудайлардан тышкары оору же өлүм алып келген жаман кудайлар болгонунда. Бул кудайлар буюмдарга же адамдарга коркунучтуу касиеттерден оолак боло турган нерселерди билдирген. Ошондук өлгөн адамга тиешелүү болгон нерселер, анын ичинде анын үйү, кайыгы ж. б. буюмдары кандайдыр бир коркунучту алып келүүчү, катардан чыккан, «ыпылас» деп саналып, өзүнүн ойрондугунан улам кол тийбес болушу керек делген.

«Ыпылас табу» түшүнүгүнүн калыптануусунун башка себеби катары, биринчи түрдөгү табуну бузгандыктан пайда болгон катуу жаза эле. «Ыйык» деп саналган буюмдар жана адамдар ыйыктыгын бузуп, коркунучтуу балааны туудургандыгы үчүн акыр-аягы коркунуч же ал гана эмес жийиркенүүнү алып келиши керек эле. Тыюуу салынган азык-түлүктөрдүн түрлөрү жийиркенүү сезиминин инстинктивдүү деңгээлине чейин жеткен. Тажрыйба катары эки түрдөгү табу бири-биринен дээрлик айырмаланган эмес.

Ошондуктан экинчи түрдөгү (ыпылас) табуга туш болгон адам өз колу менен тамак жей алган эмес: аны башка адамдар тамактандырыш керек болчу. Ушундай эле абалда биринчи түрдөгү (ыйык) түбөлүк табуга туш болгон «ыйык» башкаруучулар да болгон: аларга өз колунан гана тамак жегенге тыюуу салынбастан (аялдары тамактандырган), үйлөрүндө да тамактана алган эмес, ачык асманда гана. Экинчи түрдөгү табунун көпчүлүгү аялдарга тийиштүү болгон: төрөт убагында алар «ыпылас» деп эсептелинген. Албетте, эркектер менен бирге тамактанууга улуксат берилген эмес.

Гавай аралдарында аялдарга чочконун, канаттуулардын, таш бакалардын эттерин, ошондой эле балыктардын кээ бир сортторун, кокос жаңгактарын жана курмандыкка чалынган бардык нерселерди жегенге тыюуу салынган (ai-tabu — ыйык тамак-аш). Ушул тамак-аштардын бардыгы аялдар үчүн табу (ыпылас) деп эсептелинген. Кокос майын даярдаган аял бир нече күнгө табу алып, тамак-ашка колун тийгизе алган эмес.

Негизи эле тамак-аш көптөгөн табулардын предмети болгон. Мисалы, тамакты далына салып, алып жүрүүгө болбойт, антпесе, азыктар алып жүрүүчүдөн башка бардыгына табу (ыпылас) болуп калган. Экинчи түрдөгү табу көбүнчө алыс байланышы болсо да өлүм же өлгөн адамдар менен байланышында жаралган. Өлгөн адамга колу тийген же сөөк коюуу зыйнатына катышкан адамдар да узак убакыттагы табуга кабылган. Согуш учурунда душманын өлтүргөн адам 10 күнгө адамдар менен баарлашууга жана отко тийүү укугунан ажыратылган.

Табунун динге караганда моралга көбүрөөк таандык болгон эки түрү өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Аялзаты турмушка чыкканга чейин каалаган эркекке «noa» (жеткиликтүү) болгон. Турмушка чыккандан кийин ал күйөөсүнөн башкасына табу болуп калган. Жаңы төрөлгөндөр королдордун табусун колдонгон: колу тийген нерсенин бардыгы алардын жеке менчигине айланган. Балага колун тийгизүү жана анын колунан суу ичүү тазалоочу каражат катары саналган.

Табу белгилери

Коомдук табулар жарыя салуу же белгилер (бамбук жалбырактары бар түркүк) менен аныкталган. Жеке табулар да белгилер менен белгиленген (дарактагы кесик жеке табуну билдирген).

Жазалоо

Табуну кармануу репрессиялык чаралар (өлүм жазасы, мүлкүн тартып алуу, бакчасын талап тоноо, табуну орноткон адамдын пайдасына айыптар ж. б.) жана асман заары коркунучу (заардуу арбак табуну бузган адамдын денесине кирип алып аны ичинен жеген имиш) менен корголгон. Табуну бузуп алган адамдын асман заарынын алдындагы коркуудан улам өлгөн учурлары болгон. Бул коркутуу, бийлиги бар адамдарга элди жакырлыкка кептелтип, жеке кызыкчылыктары үчүн табу орнотууга жакшы шылтоо эле.

Башка элдердин табусу

Табу Полинезияда гана кезикпейт: табуга мүнөздүү көрүнүштөр түрдүү өнүгүү деңгээлдеги дээрлик бардык элдерде табылган. Биринчилерден мындайды полинезиялыктарга тектеш элдерде байкоого болот. Микронезияда «табу» термини өзгөрүлбөстөн колдонулат. Маркиз аралдарында типтүү табулардын арасында сууга болгон оригиналдуу табу кезигет: суунун бир дагы тамчысы турак-жайга түшпөшү (төгүлбөшү) керек. Борнео аралындагы даяктарда (эл) бул система Porikh аталышта белгилүү. Индонезиядагы Тимор аралында Pomali аталган тыюуу салуу кол менен тамак жегенге, ийгиликтүү аңчылыктан кийин эркектерге аялы менен чогу жатууга тыюуу салган.

Полинезиялык табунун кээ бир эң эле кызыктай болгон табулары, мисалы, тамакка жана чачтарга кол тийгизүү тыюуусу жана башка ушул сыяктуулары бири-биринен өтө эле алыс жайгашкан жерлерде кездешет, мисалы Индияда жана Түндүк Америкада (Frazer Lake урууларынын биринде). Табуну бузгандыгынын алдындагы коркуу сезиминен өлүмгө учуроо учурлары Муз Океанын жээктериндеги юкагирлерде да белгилүү. Көптөгөн алгачкы урууларда табунун Полинезиядан дагы даана мисалдары табылган. Мисалы, биртуган агалары жана эжелери менен сүйлөшүү, белгилүү бир жакындык категориясындагы туугандардын бетине карабоо ж. б. Алгачкы элдерде биз табуга жакын терминди гана кезиктире албайбыз, бирок бизге (азыркы заман адамдары) жакын башка терминдерди табууга болот: мисалы, «күнөө» жана «мыйзам» булар табудай эле күчкө ээ.

Мадагаскарда байыркы заманда жашаган австронезия элдеринде табуну фаду сөзү менен белгилеп, аны иш-аракеттерге, адамдарга, буюмдарга жана жерлерге орнотушат. Мальгаштардын тилинде «кечиргиле» же «буюрсун» деген сөздөрдүн ордуна azafady сөзү колдонулат, сөзмө-сөз которгондо «балким бул мен үчүн табу болбостур» дегенди билдирет.

Байырки Рим

Классикалык байыркылыктагы элдерде табунун эң эле мүнөздүү белгилери бар. Римдиктерде sacer сөзү «ыйык» дегенди да, «наалат» дегенди да билдирген. Ал эми feriae аталган мезгил чыныгы табу мезгили болгон: Каалаган иштерге тыюуу салынган, римдик бука (вол) аңга түшүп кеткенде гана же түшүп бараткан чатырды кармап турууда гана улуксат берилген. Кээ бир сөздөрдү (Salus, Semonia, Seia, Segetia, Tutilina ж. б.) айткан адам табуга (ferias observabat) кабылган.

Юпитердин жогорку кечили (жреци) Фламен Диалис табунун тору обочолонгон абалда болгон десек болот. Ага ат минүүгө, атка колун тийгизүүгө, аскерлерди кароого, качандыр бир убакта сынган шакекти тагынууга, көйнөгүндө түйүндөрүнүн болуусуна, ысымдарды атоого, өлгөн адамга, иттерге, эчкиге, буурчакка, чийки этке, чырмоокко колун тийгизүүгө, жүзүмдүк арасында сейилдөөгө, эркин адамдын колу эмес чачын кесүүгө тыюуу салынган. Анын тырмактары жана чачтары мөмөлүү дарактын алдына көмүлүп турган. Анын аялы дагы көптөгөн табулардын алдында болчу. Күнөөлүүнү «остракизм» ыкмасы менен куушкан.

Байырки Греция

Гректерде ἅγιος сөзү римдиктердин sacer сөзүнүн маанисиндей эле мааниге ээ. Гомер мезгилинде падышалар, башчылар, алардын мүлкү, куралы, эки дөңгөлөктүү арабалары, аскерлери, күзөтчүлөрү ιερός — ыйык деп эсептелинген. Согуш учурунда балык табу саналган: аны жегенге уруксат жок эле. Тынчтык мезгилинде да аны болбой калды деген учурларда гана жегенге улуксат берилчү.

Кеч мезгилде (доордо) ἅγιος атрибуту чочколорго да колдонула башатаган: Критте бул жаныбарлар ыйык болуп, храмдарда багылып, курмандыкка чалынбай, тамак-аш катары адамдар жешчү эмес. Башкалары аларды «ыпылас» дешчү. Еврейлей чочколорду жек көрөбү же аларды ыйык деп эсептешеби, бул маселени гректер такыр чече алышкан эмес. Гомерде чочко багуучулар ыйык деп саналган. Бул таза жана ыпылас жаныбарларга болгон түшүнүгүнүн келип чыгуусуна жарык салат.

Иудаизм

Ишембини кармануу катуу тыюуу салуулар менен коштолгон. Кээ бир курмандыкка чалуулар дин кызматкерлеринен башкасына табу болгон. Мөмөлөрдүн, жаныбарлардын жана адамдардын туңгучтары (биринчилери) табу (кодеш) болуп, левиттердин жеке менчиги (адамдардын биринчи балдары сатып алынган) болуп калган. Өлгөн адамдарга, идиш-аяктарга кол тийгизүү, өлгөн адамдын бөлмөсүндө болуу тазаланууну талап кылган. Аялдар төрөттөн кийин жана айыз мезгилинде ыпылас деп саналчу.

Жаныбарларды «таза» жана «ыпылас» деп классификациялоо, тигил же бул жаныбарды тамак-аш катары кабыл алуунун катуу регламентациясы — табунун таза мүнөздөлүшү десек болот. Еврейлердин табусу катары «назореев» (алыстатылган, багышталгандардын) институту саналат. Чачтардын ыйыктыгы Полинезиядагыдай эле бул жерде маанилүү ролду ойногон. Кудайга кызмат кылуучунун убадасынын улуксаты менен храмдын эшигинин алдында чачтарын кесип, дин кызматкери колуна азык берген.

Кытайда, Ассирияда, Египетте, байыркы америкалык мамлекеттерде римдиктер жана еврейлердикиндей табу системасы болгон.

Ислам

Кеч мусулман уламалар харам концепциясын тыкат иштеп чыккан. Алар харамдын эки түрүн белгилешкен: харам зульми, мындайды адам жасаганда жасоочудан тышкары башкаларга зыяны тиет (мисалы, уурулук, аракечтик) жана харам гайри-зульми, мында жасоочу адамга гана зыяны тиет (мисалы, тыюуу салынган азыктарды жегенде).

Исламдын эрежелерина ылайык, харам зульми жасаган адам, мындан ары андайды жасабаганга ант берсе Аллах тарабынан кечирилет, эгер зыян тарткан адам кечирсе. Эгер харам гайри-зульми жасаган адам, жасаганына өкүнүп, экинчи кайталанбастыгына убада берсе, Аллах аны кечириши мүмкүн.

Табуну изилдөөлөр

Джеймс Фрэзер табуга тиешелүү бардык фактыларды бириктирип, бул терминди социологияга киргизген. Бирок, ал табунун диний тыюуу салуулардан эмнеси менен айырмаланаарын жана бул системанын психологиялык генезиси эмнеде экенин көрсөткөн эмес. Фрэзерден кийин табуга көп көңүл бурган Джевонс (англисче F. Β. Jevons) болгон, бирок ал Фрэзер сыяктуу эле бул институтка кеңири маани берип, табу моралдын жаратуучусу деп айтчу.

Табу белгилүү бир өнүгүү баскычында көп учурда милдет, мыйзам, укук жана башкалардын синоними болсо дагы, мораль менен укукту табу жараткан эмес: табу мораль менен укуктун тышын каптаган форма, алардын санкциясы гана, форма да, санкция да белгилүү баскычка чейин моралдык жана укуктук инстинкттердин жана түшүнүктөрдүн өсүүсүнө көмөкчү болгон.

Герберт Спенсер табуну ырым-жырымдык мекемелерге таандык кылып, аны жөнөкөй жөрөлгө деңгээлине теңейт; бирок бул айтылган ойлордой эле бир тараптуу. Профессор Тойдун (англисче С. Η. Toy) ою боюнча «табу нравалык мыйзамдын бөлүгү, өзүнүн туюнтмасын тапкан форма болгон».

Кандай гана болбосун табунун прогресси үчүн бирдей эки тараптуу мааниге ээ: Анын негизинде кечилдердин жана светтик бийликтин системалык түрдө кыянаттык кылуу жана сенектик кылуучу күчтүү куралга айландырган тамырлуу кемчилик жаткан.

Жайгаштыруу: 2021-02-11, Көрүүлөр: 12287, Өзгөртүлгөн: 2021-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо