Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суворов Александр Васильевич (1730-1800)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Суворов Александр Васильевич (1730-1800)

Александр Васильевич Суворов - орустун улуу аскер башчысы. Анын бүт өмүрү жүрүштөрдө жана салгылаштарда өткөн. Аскер кызматчылары Суворовдун салгылашууларын окуп, анын үлгүсүндө жеңип чыгууну үйрөнүшөт. 1789-1791-жылдардагы орус-түрк согушунда Кинбурн сайроонунда, Рымник дарыясында 25 миң аскери менен душмандын 100 миң жоокерден турган отрядына каршы турган. Салгылаш сан менен эмес, акыл менен жүргүзүлө турганына бекем ишенген, ал биринчи чабуул коюп, толук жеңишке жетишет. Швейцария, Альп тоолору. Жашы 70ке таяп, улгайган аскер башчы өз жоокерлерин кар баскан тоолордон терең жар, күрткү аркылуу душман менен салгылашып отуруп алып өтөт.

Жоокерлер суукта үшүп, ачка болушса да өз аскер башчысынын артынан алга жүрө беришкен. Суворовдун күчү эмнеде? Анын дайым жеңип чыгышына эмне жардам берген? Суворов алгачкы женишке бала кезинде жетишкен. Бул өзүнүн алсыздыгын женип чыгуусу эле. Ал өтө оорукчан болгон. Бою жапыз, илмийип арык эле. Бирок алсыз болгону менен кайраттуу болгон. Александр тарых, согуш, аскер башчылар жөнүндөгү китептерди көп окуган.

Ал аскер кызматчысы болууну чечип, ден соолугун чынай баштайт: күндүн суук же жылуу, жаан-чачындуу же ачык экендигине карабастан ат минип чабат, чуркайт, секирет, сууда сүзөт. Өзүн суукка, жупуну кийимге, жөнөкөй тамак-ашка көндүрөт. Суворов 17 жашында аскердик ишин баштаган. Аскердик татал илимди зор кунт коюу менен өздөштүрөт: мылтык атканды, штык сайып, кылыч чапканды үйрөнөт. Китеп окууну эч качан унуткан эмес. Генералга китеп окуу менен өз билимин тынымсыз жогорулатып туруу эң зарыл - деп өзүнө көп айтчу экен. Суворов тарых, география, бир нече чет тилди мыкты билген.

Поэзияга да кызыккан. Белгилүү акын Г. Р. Державин анын досу болгон. Суворов өтө маданияттуу да киши болгон. Ал өзүнүн кол алдындагы офицер жана солдаттарды түшүнө да, сыйлай да билген. Мага өзүмөн да жоокер кымбат - деген сөзү бар. Ал кезде аскерге крепостной дыйкандардан жаш жоокерлерди (рекруттарды) алышкан. Алар өз помещиктеринин запкысынан басынган, түркөй, эби жок шордуулар болушкан. Суворов аларды укмуштуудай баатырдык көрсөткөндөй кылып тарбиялай алган. Жоокерлерин патриот, адамдын кадырын сактоого, өз күчүнө ишенүүгө, тапкыч жана эр жүрөк болууга үйрөткөн.

Ал согуштагы бардык нерсеге: жүрүштө тез жана чаалыкпай басууга, таамай атууга, тартынбай штык менен чабуул коюуга үйрөткөн, Эр жүрөктүүнүн штыгы менен кылычынан өлүм качат, Коркуу - жарым-жартылай жеңилгендик - деп Суворов өз жоокерлерине акыл үйрөткөн. Машыгуу учурунда жоокерлерден тер мончоктоп акчу. Машыгуу канчалык кыйын болсо, согушта ошончолук жеңил болот - деп алардын көңүлүн көтөрүп, кайрат берген. Эгер Суворовдун айткан сөздөрүн байкасаңар, бул киши мыкты психолог да болгон. Ал жоокерлеринин ден соолугу, кийими, тамак-ащы жөнүндө кам көргөн. Жүрүштөрдө, аскер лагеринде, согушта дайыма алар менен бирге болгон.

Оор мезгилде жоокерлер менен тамашалашып да, көңүл көтөрө да билген. Жоокерлер өзүнүн аскер башчысын аябай урматташкан, анын артынан тайманбай чабуулга өтүп, жеңип чыгышкан. Мына, Суворовдун дайыма женишке жетишине эмне жардам берген деген суроого эми жооп бере алабыз. Тырышчаактык, аскер ишин мыкты билгендик, жогорку маданияттуулук, жоокерлерди урматтоо, орус жоокерин укмуштуудай баатырлыкка үйрөтүп, тарбиялай билгендиги. Суворовдун өмүр жолу менен таанышкан ар бир адам эр жүрөк, чечкиндүү жана туруктуу, китепти көп окуган билимдүү, Мекенине берилген, достукта ишенимдүү жана чын-чыл болууга, калп айтканды, кошоматчылыкты жек көрүүгө үйрөнө алат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1117, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо