Спам
Спам (англисче spam) — адам каалабаган же макулдугусуз жарнамалык же алдамчылык мүнөзүндөгү массалык түрдө жөнөтүлгөн билдирүүлөр.
Көбүнчө спам деп электрондук почта каттарын түшүнөбүз бирок, бул термин мессенджерлердеги, социалдык тармактардагы, сайттардагы пикир жазуу формаларындагы билдирүүлөргө, ал гана эмес телефондук чалууларга дагы таандык.
Спамдын башкы өзгөчөлүгү — таңулоочулугу жана массалыгы. Максаты — товарга, кызматка же ресурска көңүл буруу ошондой эле, пайда алуу (көбүнчө мыйзамсыз жол менен).
Учурда, видеолордо кимдир бирөөнү же кайсы бир товарды жөнү жок мактоо аркылуу элдин эмоциясын чыгаруу, көтөрүү менен жайылтууга аракет кылуу ыкмасындагы спамдар көп кездешүүдө. Мисалы, инстаграм, ютуб, мурда тик-токто «бул сонун экен», «бул адам кыйын», «азамат сонун жасады» деген маанайда.
Мындай нерселерди көргөн жаштар реалдуулук менен соцтармактардагы билдирүүлөрдү айырмалай албай, айтылуу «зумерлерге» таандык логикасыз мүнөзгө ээ болууда.
Спам таратуучуну — спамчы дейбиз.
Терминдин келип чыгышы
Кызыгы, спам сөзү алгач интернетке тиешеси жок болчу.
- 1937-жылы америкалык Hormel Foods компаниясы SPAM аталган консервацияланган эт чыгарган.
- 1970-жылдары Улуу Британияда Monty Python комедиялык шоусу Spam сөзү кайра-кайра кайталанган скетчти көрсөткөн.
Ушундан улам дал ушул сөз кыжырды келтирген жана дайыма кайталануучу билдирүүлөрдүн метафорасы болуп калган.
Ошентип, Спам бүгүнкү күндө нормалдуу баарлашууга тоскоолдук жараткан маалыматтык таштанды дегенге барабар.
Спамдын түрлөрү
Электрондук спам
Спамдын эң көп жайылган формасы. Мында жарнамалар, фишинг (официалдуу сайттардын жасалмалары), зыяндуу тиркемелер, компьютердик вирустар же күмөндүү сунуштардан турган каттар менен берилет.
Мессенджерлердеги спам
WhatsApp, Telegram, Viber жана башка кызматтар спамчылардын сүйүктүү жерлери десе да болот. Мында сайттарга шилтемелер, алдамчылык акциялар, белектер же жардам суроо билдирүүлөрүнөн турган маалыматтар массалык таратылат.
Социалдык тармактар
Жасалма аккаунттар жарнама, бирөөнү мактоо же каралоону камтыган массалык жарыялоолорду, пикирлерди, жеке билдирүүлөрдү жаратат. Көбүнчө мындайлар кумар оюндары, криптовалюталык схемаларга же алдамчылык кызматтарга шилтемелерди камтыйт.
SMS-спам жана чалуулар
Уюлдук телефондор дагы каалабаган таратмалардан жабыр тартат: жарнамалык билдирүүлөр, алгоритмдик же роботтук чалуулар, утуп алуулар жөнүндө сунуштар ж. б. Мунун баары телефондук спамга таандык болуп, чыныгы жарнамалык акциялардан кээде буларды айырмалоо кыйынчылыкты жаратат.
Пикирлер жана форумдар
Спамчылар сайттардын жана блогдордун пикир жазуу формаларын жарнамалык шилтемелерди жайылтуу үчүн колдонушат. Бул колдонуучуларга тоскоолдук гана жаратпастан, зыянга дагы учуратышы мүмкүн.
Эмне үчүн спам жоголбойт
Интернет-компаниялардын спам менен күрөшүүсү жана мыйзамдарга карабастан, спам бир нече себептерден улам жашоосун улантууда, алар кийинкилер:
- Таратуунун арзандыгы — массалык каттарды же билдирүүлөрдү жөнөтүүнүн арзандыгы.
- Кеңири камтуу — миллиондогон адамдар күн сайын спам алышат.
- Ишенчээк адамдарга иштейт — алуучулардын 0,01% гана көңүл бурса, бул кыйла киреше алып келет.
- Анонимдүүлүк — спамерлер өзүн жашырып, жасалма домендер жана VPNди колдонушат.
Спам коркунучтары
Спам — бул жөн гана кыжырдануу эмес, реалдуу коркунуч:
- Фишинг — логин жана сыр сөздөрдү уурдоо максатындагы алдамчылык.
- Зыяндуу тиркемелер — каттардагы вирустар жана трояндар.
- Алдамчылык — акчаны каражатын тартуу үчүн оңой акча табуу же утуп алуу убадалары.
- Маалыматтык ызы-чуу — керектүү билдирүүлөрдү табууга тоскоолдук жаратып, көңүлдү алагды кылат.
Спам менен кантип күрөшүү керек
- Электрондук почталардын чыпкалары — көпчүлүк почта кызматтарда (Gmail, Mail.ru, Outlook) атайын антиспам-чыпкалары бар. Ошолорду активдүү колдонуу сунушталат.
- Күмөндүү шилтемелерге өтпөө, белгисиз жөнөтүүчүлөрдөн келген тиркелген файлдарды көчүрбөө.
- Ачык булактарда, сайттарда, социалдык тармактарда e-mail даректерин жана телефон номерлерин калтырбоо. Мындай жерлер спамчылардын негизги булактары.
- Аккаунтарды коргоо үчүн эки фактордук аутентификацияны колдонуу.
- Спам алганда ал жөнүндө билдирүү — көптөгөн кызматтар каттарды же билдирүүлөрдү спам деп белгилөөгө мүмкүндүк берет.
- Антивирус жана VPN — зыяндуу контентти блокко салууга жана маалыматты жашырууга жардам берет.
Спам жөнүндө кызыктуу фактылар
- Түрдүү изилдөөлөрдүн маалыматы боюнча дүйнөдөгү электрондук почталардагы каттардын 45–55% көбү — бул спам (2023).
- Биринчи массалык спам-кат 1978-жылы жөнөтүлгөн. Мында компьютердик жабдуунун жарнамасы болгон.
- Кытай, АКШ жана Орусия салттуу түрдө эң көп спам жөнөтүлүүчү өлкөлөрдүн тизмесине кирет.
- Компаниялардын жыл сайын спамдан, буга байланыштуу убакытты жана коопсуздукту жоготуудан жабыр тарткан чыгымдары миллиарддаган долларды түзөт.
Жыйынтык
Спам бул заманбар интернеттин ажырагыс бөлүгү болуп калууда. Ал тоскоолдук жаратып, алаксытып, көп учурда зыян келтирүү коркунучун алып жүрөт. Спам массалык санариптештирүүнүн кыйыр эффектиси катары жаралып, бүгүнкү күнгө чейин арам ойлуулар тарабынан активдүү колдонулууда.
Тобокелдикти төмөндөтүү үчүн анын формаларын билип, күмөндүү билдирүүлөргө ишенбей, коргонуу каражаттарын пайдалануу зарыл.