Интернеттеги негизги кызматтардын бири — электрондук почта, англисче — email. Азыркы дүйнөнү электрондук почтасынз элестетүү мүмкүн эмес. Жүз миллиондогон почта ящиктери, жыл сайын триллиондогон кабарлар, күн сайын терабайттаган маалыматтар мунун баары электрондук почтанын иш-аракети. Азыркы коом үчүн электрондук почта дареги үйүбүздүн дареги жана телефонубуздун номери сыяктуу эле милдеттүү атрибут болуп калды.
Электрондук почтаны интернеттин эң картаң кызматтары десек да болот. Ал өткөн кылымдын 60-жылдарынын ортосунда пайда болгон. Кадимки кагаз каттарды учурда дээрлик эч ким жазбай калды десек болот. Андан көрө электрондук кат жазуу оңой жана ыңгайлуу.
E-mail (Electronic mail, электрондук почта) - бул тексттик кабарларды жана тиркелген файлдарды компьютердик тармак же интернет байланышы аркылуу берилүүчү программалык жабдылыш. Иш-аракети боюнча кадимки почтаны элестетет.
Негизги өзгөчөлүгү мында маалымат дарек ээсине түздөн-түз эмес, серверде жайгашкан ортомчулук кылуучу кызматтар (электрондук почта кызматы) аркылуу келет. Каттар, файлдар, маалыматтар, ящикте аны ачып карамайынча тура берет.
Электрондук почта бир же бир нече адам менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Дарегин жазууда белгилүү формада болуп, эки бөлүктөн турат:
Бул эки аталыштын ортосуна маймылча "@" белгиси коюлат. Мисалы: aitolkun@gmail.com
Почтанын дареги дайыма латын тамгалары менен жазылат. Ал эми колдонуучунун аты, ал өзү каалагандай болот.
Сервердин аты колдонуучу тандаган почта кызматынын атында болуп, ошол сервер менен тыгыз байланышта.
Мисалы: nuris@yahoo.com, nuris@yandex.ru, nuris@mail.ru, nuris@rambler.ru, nuris@gmail.com
Электрондук катта бир гана тексттик билдирүүнү эмес, тиркелген файлдарды (программалар, графика, үн, документтер) да камтышы мүмкүн, булар тиркелүү аркылуу болот. Ал эми электрондук каттын барагын ар кандай сүрөт, графикалар менен кооздоп, тексттин тамгаларын түстүү кылып жөнөтсө да болот, муну html оформление дейбиз.
Андан тышкары почта аркылуу төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого мүмкүн:
Электрондук почтанын талашсыз артыкчылыктары бар алар төмөнкүдөй:
Албетте кемчиликтери дагы бар. Аларды атай кетпесек да болбойт:
Электрондук почтанын пайда болуусун 1965-жылга таандык десек болот. Анда Масачусетс технологиялык институтунун кызматкерлери Коэль Моррис жана Том Ван Влек mail программасын жазышат. Ал IBM 7090/7094 компьютериндеги CTSS (Compatible Time-Sharing System) операциялык системасына орнотулган.
Электрондук почтанын жалпы өнүгүүсү локалдык колдонуучулардын көп колдонуучу система аркылуу иш-аракеттенүү менен жүрүп жатты. Алар mail же ошол сыяктуу программаларды колдонуп чоң мейнфрейм (ири компьютер) чегинде бири-бирине билдирүүлөрдү жөнөтө алышчу. Кийинки кадам катары башка компьютердеги колдонуучуга билдирүү жөнөтүү мүмкүндүгү эле. Ал үчүн компьютердин аты жана ал компьютердеги колдонуучунун атын көрсөтүү талап кылынчу. Дареги pc!mairambek деген сыяктуу түрдө жазылчу (pc - компьютердин аты, mairambek - колдонуучунун аты). Электрондук почтанын калыптануусунун кийинки кадамы үчүнчү компьютер аркылуу кат жөнөтүү болгон. UCCPни колдонууда колдонуучунун электрондук дареги колдонуучуга чейинки маршрут ортосундагы компьютерлердин аттарын камтыган. Мисалы, gate1!gate2!pc!mairambek - gate1, gate2 компьютерлери аркылуу pc компьютериндеги mairambek колдонуучусуна кат дегенди билдирет. Мындай даректөөнүн кемчилиги - кат алуучунун компьютерине чейинки так маршрутту билүү керек.
DNS глобалдуу аттарды бөлүштүрүү системасы пайда болгондон кийин, даректерди жазуу үчүн user@example.com сыяктуу домендик аттар колдонула баштаган. Example.com домениндеги user колдонуучусу. Муну менен бирге "компьютер" аталган даректер кайра ойлонулуп, почта үчүн өзүнчө бөлүнгөн серверлер колдонула баштаган. Ага жөнөкөй адамдарга мүмкүндүк жок болуп, администраторлор гана кире алышчу. Колдонуучулар өзүнүн компьютерлеринде иштеп, почта алардын компьютерине келбей, серверге келчү. Ал жактан колдонуучулар каттарын ар түрдүү тармак протоколдору аркылуу алышчу. Бүгүнкү күндө дагы электрондук почта ушундай система менен иштейт. Алардын ичине кеңири таралган протоколдор IMAP, POP3, MAPI, веб-интерфейстер. DNSтин пайда болуусу менен бир учурда почтаны жеткирүү маршруттарын резервтөө системасы ойлонуп чыгарылып, почта дарегиндеги домендик ат конкреттүү бир компьютердин аты болбой, почта дарегинин фрагменти гана болуп калган. Доменди тейлөөдө ага көптөгөн серверлер жооп бериши мүмкүн (мисалы, ар кайсы континентте физикалык жайгашкан жана түрдүү уюмдар тейлеген). Ал эми бир домендин колдонуучулары бири-бирине эч кандай байланышы болбошу мүмкүн (мындай көрүнүш акысыз электрондук почта серверлерине мүнөздүү).
Мындан тышкары электрондук почтанын башка системалары да болгон. Алардын кээ бирлери бүгүнкү күнгө чейин бар, мисалы фидонеттеги Netmail. Мындайга интернет тармагынан мүмкүндүк алуу почта шлюзу аркылуу ишке ашырылат. X.25 тармагындагы почтага маршруттоо үчүн DNSте X25 (код 19) аталган атайын ресурстук жазуу каралган.
Электрондук почта терминологиясында кийинки компоненттер белгиленет:
Атайын өзүнчө бөлүнгөн серверлердин почта менен болгон иш-аракети айтылган протоколдор схемасында болбошу мүмкүн. Почта серверлери негизинен MTA жана MDA ролун аткарат. Кээ бир почта серверлери (программалар) MTAдин да MDAдин да ролун ойнойт. Кээ бирлери эки көз карандысыз серверге бөлүнөт: MTA жана MDA сервер. Эгер почтага мүмкүндүк алууга POP3, IMAP протоколдору колдонсо, анда MDA өз учурунда бир тиркеме же ар бири өзүнчө протоколго жооп берген тиркемелер топтому болуп ишке ашырылышы мүмкүн.
Дүйнөдө жалпы кабыл алынган электрондук почта алмашуу протоколу SMTP. Англисче толук аталышы simple mail transfer protocol - почта жөнөтүүнүн жөнөкөй протоколу. Ал почтаны жөнөтүүдө жалпы кабыл алынган ишке ашырууда DNSти колдонот. Бирок Microsoft Exchange сыяктуу жеке системаларда SMTP башка булактардан алынган маалыматтарга таянып иш алып барышы ыктымал.
Ар кайсы домендерде өзүнүн эч кимден көз карандысыз почта системалары туураланган. Ар бир доменде бир нече колдонуучу болушу мүмкүн. Бирок бир уюм же бир адам көптөгөн домендердин ээси болуп, анын баары бир почта системасы менен тейлениши ыктымал. Почталар түйүндөр аркылуу почта берүү программаларын (MTA) колдонуп жөнөтүлөт. Мисалы: sendmail, exim4, postfix, Microsoft Exchange Server, Lotus Domino жана башкалар. Булардын бири-бири менен болгон аракеттери стандартталып SMTP протоколун колдонот. Бул стандарттын жалпы кабыл алынган DNS системасы менен биргеликте эрежелерди сактоо "бардыгынын баары менен байланышта болушунун" негизин түзөт. Электрондук почта системасы менен колдонуучунун иш-аракети жалпы учурда эч кандай регламенттелбейт жана эркин болушу мүмкүн. Ошого карабастан колдонуучу жана почта системасы менен болгон аракеттердин ачык жана жабык протоколдору бар. Почтага мүмкүндүк алуучу программа MUA (mail user agent) деп аталат. Веб-интерфейсти колдонууда почта менен иштөөнүн ролун серверде иштелүүчү веб-интерфейс тиркемеси аткарат. Почта системасынын ичинде (бир уюмдун ичиндеги) көптөгөн почта серверлери болушу мүмкүн. Алар почта жөнөтүп, спамдарды чыпкалап, тиркелген файлдарды антивирус менен текшерип, автоматтык жооп берүү ишин камсыздап, кирүүчү жана чыгуучу почтаны архивациялап, колдонуучуларга түрдүү ыкма менен мүмкүндүк (POP3төн ActiveSyncге чейин) алууга жардам берет.
DNS кабыл алуучу сервер катары (MX-жазуу) каалаган интернет түйүнүн көрсөтө алат. Сөзсүз эле кат алуучунун домени эмес, башка доменди көрсөтсө болот. Бул үчүнчү сервер аркылуу релеингди (кайра жөнөтүү) тууралоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Үчүнчү сервер (мисалы, колдонуучунун серверине караганда ишеничтүүрөгү) колдонуучунун домени үчүн почтаны кабыл алып, жөнөтүлүүчү жерге жөнөтөт. Шартка ылайык "кимге жөнөтүү" көзөмөлү болгон эмес (же буга чейин көңүл бурулган эмес), ошондуктан серверлер мындай көзөмөлсүз почтаны каалаган домендерге жөнөтүшчү. Мындай серверлер "ачык релеилер" аталып, негизи учурдагы жаңы ачык релеилер ар кандай тууралоолордун ката кетүүсүндө пайда болот.
Почта системасынын серверлери өзүлөрүнүн колдонуучулары үчүн релеилер болот. Колдонуучулар почтаны алуучунун серверине эмес, өзүнүн серверине жөнөтөт, ал анан алуучунун серверине айдайт. Көптөгөн провайдерлердин тармактарында SMTP протоколу аркылуу тармактан тышкары почта жөнөтүү, вирус, трояндардын айынан жабык. Мындай учурда провайдерлер өзүнүн SMTP серверин берип, бүт почта тышкы тармакка ошол сервер аркылуу жөнөйт. Жөнөкөй тил менен айтканда чыпкаланат. PHP программалоо тилинде mail(); функциясы буга жакшы мисал, мурда бул функцияны колдонуп каалаган сайт почта жөнөтүүнү уюштура алчу, анан кээ бир шылуундар муну вирус, трояндарды жөнөтүү үчүн колдонуп спамдын көлөмү өтө өсүп кеткен, мына ушуга ылайык мындай функциялар азыр көптөгөн провайдерлерде жабык. Ачык релеи катары колдонуучунун өзүнүкү экендигин текшербеген релеилер эсептелинет. Текшерүү болсо тармак дареги же ошондой эле колдонуучунун сыр сөзү/сертификаты аркылуу да жүргүзүлөт.
Почта сервери ички же тышкы серверден почта алаары менен аны иштетүүнүн атайын эрежелери бар же жок экенин текшерет. Эрежелер колдонуучунун аты, домен дарегинде, каттын түзүмүндө негизделет. Эгер эрежелер табылбаса, почта домени сервер үчүн локалдуулугу текшерилет. Башкача айтканда сервер аякы алуучубу же жокбу дегени. Эгер ошондой болсо, кат иштетилүүгө алынат. Эгер каттын домени локалдуу эмес болсо, почтаны маршруттоо процедурасы жүрөт. Маршруттоо интернеттеги серверлер аркылуу кат алмашуунун негизин түзөт.
Маршруттоодо кат алуучунун домендик бөлүгү гана колдонулат. Жөнөкөй сөз менен айтканда @ (муну кыргызча маймылча деп атап жүрөбүз) символунан кийинки бөлүгү. Алуучунун домени үчүн бардык MX-жазуулар изделет. Алар артыкчылыгынын азаюуу иретинде тизмектелет. Эгер почта серверинин дареги MX-жазууда көрсөтүлгөн түйүн менен дал келсе, башкалары калат дагы, дал келгенге почта жеткирилет. Түйүндөр артыкчылыгынын азаюуусу боюнча тандалат. Бул жөнөтүүчү почта сервери алуучу серверге релеи болуп калуу мүмкүндүгү үчүн жасалган. Эгер домен үчүн MX-жазуу табылбаса А-жазуу боюнча потчаны жеткирүү аракети болот. Эгер андай дагы жок болсо, жеткирүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү калыптанат (bounce message). Бул билдирүү MAIL FROM:<> (RFC 5321) менен калыптанып, "to" талаачасына жиберген почтанын дареги, "from" талаачасына MAILER-DAEMON@сервердин_аты жазылат. Cервердин_аты дегени билдирүүнүн генерациялаган интернеттеги хост түшүндүрүлөт. MAIL FROM:<> серверлер ортосунда ката жөнүндөгү билдирүүнүн чексиз жүрө беришинен сактайт. Эгер сервер бош кайтарым дарекке катты жеткире албаса, ал андай катты жокко чыгарат. Жеткирүү мүмкүн эместиги жөнүндөгү кат бир нече убакыттан кийин калыптанышы мүмкүн. Мындай кырдаал табылган көйгөй убактылуу деп белгиленгенде болот.
Эгер тармактын ар кандай DNS-серверлери болсо (мисалы, тышкы интернетте жана локалдуу тармак ичинде), локалдуу DNS-серверлер артыкчылыктуу алуучу катары интернетте жеткиликсиз серверди көрсөтүп, ал жакка релеиден интернет үчүн алуучу түйүн катары көрсөтүлгөн деп почта кайра багытталат. Мындай бөлүштүрүү почтаны интернетке мүмкүндүгү жок серверлер арасында жалпы эрежелер менен маршруттоого мүмкүндүк берет.
Почта акыркы серверге келип түшкөндө, алынган почта убактылуу же туруктуу сакталат. Почта менен иштөөнүн эки модели бар, почта сакталуучу жай (ящик) жана почта терминал концепциясы.
Почта сакталуучу концепциясында сервердеги почта убактылуу жана чектелген көлөмдө сакталат. Кадимки кагаз почтасы сыяктуу, колдонуучу почта кутучасынан каттарды алат (почта клиент программасы серверде почтаны өзүнө көчүрүп алат да, оригиналын өчүрүп салат). POP3 протоколу ушундай концепциянын негизинде ишейт.
Почта терминал концепциясы бардык каттар, анын ичинде жөнөтүлгөн каттардын көчүрмөлөрү серверде сакталып, колдонуучу каттарды көрүү, жаңысын жазуу үчүн кайрылып турууну түшүндүрөт. Ушундай негизде IMAP протоколу жана анын ичинде көптөгөн акысыз почта кызматтарынын веб-интерфейстери иштейт. Почта каттарынын мындай сакталуусу, почта серверлеринин кубаттуу болуусун талап кылат. Ошондуктан көп учурда почта жөнөтүүчү жана сактоочу болуп бөлүнүп кетет.
Протоколдордун иштөөсүнө таянуу менен, аларды эки негизги критерийге бөлсө болот:
Кээ бир шарттарда каттарды сактоо сервери, почта клиенти сыяктуу жумушту алып барууга туураланган болушу мүмкүн: мындай сервер, почта серверине POP3 протоколу аркылуу байланышып, почтаны алат. Ушундай чечимдер негизинен анча чоң эмес мекемелерде колдонулат, буга себеп, толук кандуу почта серверлерин орнотуу үчүн инфраструктуранын жоктугу; мындайда почтаны сактоо үчүн локалдуу сервер колдонулуп, почтаны алууда POP3 кызматын берүүчү провайдердин почта серверин колдонушат (мисалы fetchmailдин жардамы менен). Мунун башкы кемчилиги, жеткирүүдөгү кармалуу, анткени почта алуучу программа серверлерге кечигүү менен кайрылат. Мисалы, Windows SBSтин курамындагы Exchange 2003 Serverдеги POP3 connector тууралоо (ырастоо) интерфейси аркылуу интервалды 15 мүнөттөн кем койдурбайт, атнкени тез-тез текшерүү почта серверине күч келтирет. Кайсы бир почта серверлери ушундай иш-аракеттерге каршы колдонуучу каражаттарга ээ.
SMTP протоколу аркылуу электрондук кат жөнөткөндө ал төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:
SMTP-конверт маалыматтары өзүнө бир тектүү аталыштагы командарлар аркылуу берилген параметрлерди камтыйт:
Каттын баш жазуулары RFC стандарттары менен баяндалат:
Баш жазуулар каттын өзүнөн бош сап аркылуу бөлүнөт. Баш жазуулар каттын жүрүшүн, кызматчы белгилерди каттап туруу үчүн колдонулат (кээде аларды кладждар деп аташат). Microsoft Outlook программасында баш жазуулар "Интернет баш жазуулары" деп аталат. Баш жазууларда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: кат келген почта серверлери (ар бир почта сервери катты кимден алгандыгы тууралуу маалыматты кошот), кат спам эмесби же жокбу деген белгилер, антивирус менен текшерүү маалыматтары, каттын шашылыштык деңгээли (почта серверлери аркылуу өзгөрүшү мүмкүн). Ошондой эле баш жазууда каттын кайсы программа аркылуу түзүлгөнү көрсөтүлөт. Баш жазуулар кызматчы маалымат болгондуктан, почта клиент программа же тиркемелери бул маалыматтарды колдонуучуга көрсөтпөйт, бирок зарыл болсо мындай маалыматтарды алар беришет. SMTP форматындагы каттар башка форматка конвертация боло турган болсо (мисалы, Microsoft Exchange 2007 каттар MAPI форматына конверттелет), анда жазуулар диагностикага мүмкүн болуу үчүн өзүнчө сакталат.
Баш жазуулар өйдө жагынан баштап кошулат. Билдирүүгө баш жазуу кошуу керек болгондо, муруңку баш жазуулардын үстүнө кошулуп жазылат.
Кызматчы маалыматтардан тышкары баш жазуулар колдонуучуга көрсөтүлүүчү маалыматтарды да камтыйт, алар: катты жөнөтүүчү, алуучу, каттын темасы, жөнөткөн датасы.
Баш жазуулар 7 биттик символдорду камтый алат. Кайсы бир символдорду колдонуу зарыл болсо кодировкаларды колдонуу талап кылынат. Шартка ылайык алар: Base64 же Quoted-Printable кодировкалары.
Стандарттык баш жазуулардан тышкары почта клиенттери, серверлер, роботтор «X-» менен башталган өзүнүн жеке баш жазууларын кошушу мүмкүн. Мисалы, X-Mailer, X-MyServer-Note-OK же X-Spamassasin-Level.
Каттын денеси баш жазуудан бош сап аркылуу бөлүнөт. Каттын форматы smtp болсо (мисалы, MAPI), MAPI системасынан тышкары чыгаарда SMTP түргө келтирилет, анткени интернеттеги почта жөнөтүүнүн стандарты SMTP.
Каттын денесинде печаттык символдорго гана жол берилет. Ошондуктан бинардык маалыматтарды (сүрөт, аткарылуучу файлдар) берүүдө маалыматтарды 7 биттик түргө келтирүүчү Base64 же UUE кодировкасы колдонулат. Андан тышкары e-mail жаралуусунун башында чектөөлөр катуу болуп, кээ бир почта системалары 7 биттик билдирүүлөрдү гана иштетишчү. Мындай системаларда текст дагы 7 биттик түргө кодировкаланчу. Ал үчүн Base64 же Quoted-Printable колдонулат. Бирок 7 биттик билдирүүлөр менен иштеген почта системалары азыр жокко эсе.
Каттагы уникалдуу идентификатордун болушу, ошондой эле көптөгөн почта клиенттери катка жооп жазууда каттын идентификаторун In-Reply-To талаачасына көчүрүү менен каттарды чынжыр тизмектөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Почта клиенттеринде бул ар кандай ыкмада ишке ашырылган. Microsoft Outlook катка байланышы барларды табууга мүмкүндүк берет, ал эми Gmail веб интерфейси чынжыр маалыматтарынын негизинде билдирүүлөрдү бир объектке топтойт. Кээ бир почта клиенттери дарак формасындагы чынжырларды түзүшөт. Мындай почта клиенттери билдирүүнүн темасы алмашканда каттар чынжырын үзөт.
Почтаны шифрлөө үчүн учурда эки формат кеңири колдонулууда: S/MIME (ачык каттар инфраструктурасын колдонот) жана OpenPGP (колдонуучунун айланасында топтолуучу ишеним схемалуу сертификаттарды колдонот).
Мурда MOSS жана PEM стандарттары бар болчу, бирок алардын бири-бирине туура келбегендигинен, колдонууну ыңгайсыздыгынан четтелип калган.
S/MIME жана OpenPGP стандарттары 3 түрлүү коргоону камсыздайт: өзгөртүүдөн сактоо, кайтарылбас мөөр (неотзывный подпись) жана конфиденциалдуулук (шифрлөө). S/MIME үчүнчү версиясы корголгон квитанциялоону колдонууга мүмкүндүк берет. Анда жазылган кат, алуучуга өзгөрбөстөн жеткен болсо гана, катты алынгандыгы тууралуу квитанция генерацияланат.
Стандарттардын экөө тең каттын өзүн (денесин) шифрлөө үчүн симметриялуу криптоалготритмди колдонот. Ал эми симметриялуу ачкычты алуучунун ачык ачкычын колдонуу менен шифрлейт. Эгер кат топ алуучуларга жөнөтүлсө симметриялык ачкыч алуучунун ачык ачкычтарынын кезеги менен шифрленет.
Учурда почта системаларын коммерциялык түрдө колдонуунун төмөнкүдөй моделдери бар:
Почта системалары бир даректен бир нече дарекке почта жөнөтүүчү татаал системаларды уюштура алат. Бир даректен, ал дарекке жазылган колдонуучуларга жөнөтүлгөн кат - почта рассылкасы болот. Техникалык жактан көптөгөн каттар (шаблондук каттар) же көптөгөн алуучуларга (TO, CC, BCC талаачаларында) кат жөнөтүү уюштурулушу мүмкүн. Ири почта рассылкаларын (100, 1000, 10000 же андан көп абоненттерге) башкаруу үчүн адистештирилген программалар, скрипттер колдонулат. Туура уюштурулган рассылка жеткиликсиз даректерди чыпкалап туруусу жана колдонуучуларга жазылуудан баш тартууга мүмкүндүк бериши зарыл. Колдонуучу каалабаган рассылка "спам" аталып, почта системаларынын иштөөсүнө ыңгайсыздыктарды жаратат.
Кат жазышуу тобу - почта рассылкаларынын адистештирилген түрү, анда топко жолдонгон кат, топтун бардык катышуучуларына жөнөтүлөт. Туура туураланган почта рассылкасы циклдарды байкап туруусу керек. Бири-бирине жазылган рассылка роботтору чексиз кат жазышууну түзүшү мүмкүн.
Почта рассылкаларын башкаруу үчүн атайын рассылка менеджерлери колдонулат. Алар даректерди тизмелеп, каттарды жөнөтүүдөн ташкары, каттарды чыпкалап, аларды рассылкага киргизерден мурда алдын ала модерациялап, архив иштерин жүргүзөт. Андай менеджерлерге mailman, Sympa, Majordomo жана башка көптөгөн программалар кирет.
Спам электрондук почта рассылкасынын бир түрү болуп, акысыз таратылуучу кагаз, буклет жарнамасынын аналогу. Максаты: тигил же бул товар же кызматты колдонуучуга таңуулап жарнамалоо.
Электрондук почтанын популярдуулугунун өсүүсү менен, колдонуучу каалабаган жарнамалык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн колдонула баштаган. Ири көлөмдөгү спам билдирүүлөрдү жөнөтүү финансы ресурстарды көп талап кылбагандыктан алардын санынын ченебей өсүүсүнө алып келип, кээ бир маалыматтар боюнча бардык почта билдирүүлөрүнүн 70-90% түзүп, учурда бул көрсөткүч түрдүү спамга каршы каражаттардын чыгуусу менен азаюууда.
Спам жөнөтүү үчүн мүмкүн болгон техникалык айла-амалдар активдүү колдонулат: ачык релеилер, ремейлдер, прокси-серверлер, акысыз электрондук почта серверлери, ботнеттер, билдирүүнүн жеткирүү мүмкүн эместиги тууралуу жасалма билдирүүлөр.
Жаранама таратуунун шарттары улам татаалдашып, каттар легитимдүү жана легитимдүү эмес болуп экиге бөлүнгөн. Спам менен күрөшүү үчүн түрдүү механизмдер ойлоп чыгарылууда: жөнөтүүчүлөрдүн кара тизмеси, текшерүүгө муктаж боз тизмелер жана башкалар.