Сак деген аталыш эң алгач перс падышасы Дарий 1-нин тушунда Бехустун аскасында атайын чегип жазылган жазмаларда кездешет. Ал эми гректер, алардын ичинде Геродот бардык эле көчмөндөрдү скифтер деп аташкан. Сактар байыркы замандарда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдык, биздин замандын 1-кылымында) Орто Азия, Казакстан, Чыгыш Түркстан аймактарын мекендеп, негизинен мал чарбачылыгы менен кесиптенишкен. Алар металл иштетүүнү эң сонун өздөштүрүшүп, анын ичинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган кымбат баалуу, түстүү металлдардан түрдүү кооз зер буюмдарды, согуштук курал-жабдыктарды, турмуш тиричиликке керектүү буюмдарды чеберчилик менен жасашкан. Сактар согушчан эл болуп, далай ирет согуштарга катышкан. Алардын аскерлери атчан жаачылардан жана жөө аскерлерден туруп, ошол мезгилде эле атака ыкмасын, жалган чегинүү, душман чегингенде аларды чечкиндүү куугунтуктоо ыкмасын колдонушкан. Сактардын бир тобу биздин заманга чейинки 3-кылымда Парфияга басып кирип, Парфия падышалыгынын түзүлүшүндө бир топ роль ойногон. Кийин Драгианга келип отурукташып, ал жер Сакстан (азыркы Сейстан, Иран менен Афганстан аймагында) деп аталган.
Кыргызстандын аймагын мекендеген сактар жылкычылыкты мыкты өздөштүрүшкөн. Фергана өрөөнүндөгү сактар болсо мал чарбасын дыйканчылык менен айкалыштырган. Алар өзүнө таандык маданияты, көркөм өнөрү, жазуусу бар эл болгон. Буга мисал катары, Алматы шаарынан 50 чакырымдай аралыкта жайгашкан Эшик (казакча Есик) деген жерден табылган күмүш идиштин бетине түшүрүлгөн жазууну айтып кетсек болот. Ошол эле жерден археологиялык казуу учурунда алтындан жасалган соот кийимчен, курал-жарактары жана өздүк буюмдары менен кошо коюлган сак жоокери коюлган көрүстөндүн табылышы байыркы сак элинии тарыхы, көркөм өнөрү, маданиятынан кабар берет. Бул табылга археологияда Алтын адам деген аталыш менен белгилүү. Кыргызстандын сак маданиятына таандык эстеликтер Чүй өрөөнүнөн, Ысык көлдөн, Кетмен төбө өрөөнүнөн, Теңир тоодон табылган. Курмандык чала турган такта, шам чырактар, конус формасындагы буттары бар казандар, асем буюмдар зор кызыгууларды туудурат. Бул буюмдар айбандардын сөлөкөттөрү менен өтө чебер кооздолгон.
Археологиялык эстеликтер сактарда зергерчилик иштер жогорку чеберчиликке жетишкендигинин далили. Силерде суроо туулушу мүмкүн: азыр бул эл кайда? - деген. Сактар кийинчерээк Борбордук Азия аймагын жердеген дагы бир калк - усундарга кошулуп, кийинки элдердин бир компонентине айланган. Ошондуктан сактарды биздин байыркы ата-бабаларыбыз деп айтканга толук негиз бар.