Рельеф (французча relief, латындын relevo «көтөрөм» сөзүнөн) — тегиздик бетинин көрүнүшү (аймактын), форма, тегиздик бетиндеги дөңсөө, көрүнүшү, өлчөмү, келип чыгышы, жашы жана өнүгүү тарыхы боюнча ар кандай болгон жер кыртышынын үстүңкү бетиндеги же башка планеталык телолордун тегиз эмес дөңсөөлөрүнүн жыйындысы.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, кайсы бир аймакка таандык болгон тоолорду, дөңсөөлөрдү, ойдуңдарды, түздүктөрдү камтыган табияттын жалпы көрүнүшү, жердин бети.
Рельеф оң жана терс формалардан түзүлүп, геоморфология илиминин изилдөө объектиси жана географиялык кабыкчанын маанилүү компоненти. Биринчиден, рельеф табигый аймактык комлпекстер үчүн базис саналат. Экинчиден, рельеф жер бети боюнча нымдуулук жана жылуулукту (башкача айтканда затты жана энергияны) бөлүштүрөт.
Рельеф жер бетине бир убакта эндогендик (ички) жана экзогендик (тышкы) процесстердин узак мөөнөттүү таасирин натыйжасында калыптанат жана өнүгөт.
Демек, рельеф түзүүчү негизги факторлорго эндегендик жана экзогендик факторлор кирет.
Эндогендик факторлор негизинен жер астында (ичинде) жүрүүчү кийинкиндей процесстерден турат:
Экзонгендик факторлор жердин үстүндө (тышында) өтүүчү түрдүү процесстерден турат:
Рельефти калыптандыруучу процесстер рельеф калыптандыруучу агенттер (денудация же аккумуляция) аталат.
Геоморфология өз ара байланышкан процесстердин сандык анализинде топтолот, мисалы, күн энергиясынын ролу, суунун табияттагы айлануу ылдамдыгы жана келечекте күтүлүүчү рельеф формаларын жана жашын аныктоо үчүн плиталардын кыймыл анализи. Так эсептөөчү техниканы колдонуу эрозия өңдүү процесстерди байкоого мүмкүндүк берет, мурда болсо адамдар жоромолдорго гана таянчу. Компьютердик моделдөө реалдуу аймак менен окшош болгон аймак моделин текшерүү үчүн абдан маанилүү.
Рельефтин ар түрдүү формалары жана түрлөрү жалпысынан 3 генетикалык топко бөлүнөт:
Тектоникалык-денудациялык топко кирген рельефтин түрлөрү бийик жана орто бийиктиктеги тоолорго мүнөздүү. Мындай жердеги тектоникалык көтөрүлүү денудациялык талкалануу менен кошо жүргөн.
Тектоника-денудация-аккумулятивдик топко кирген рельефтин түрлөрү мезозой, палеоген жана неоген мезгилине туура келет. Негизиен молас түзүлүшүндөгү чөкмөлөрдөн иштелип чыккан.
Тектоника-аккумулятивдик топко кирген рельеф түрлөрү негизинен түздүктөр, неотектоникалык ийилүүгө учураган ойдуңдар, бийик тоолордон эрозиялык процесстер менен алынып келинген борпоң шилендилерге толуп түздүккө айланган.
Геоморфологияда рельефтин үч деңгээлин белгилешет:
Рельефтин элементтери — бул рельефти түзүүчү көрсөткүчтөр: чекиттер, сызыктар жана беттер. Рельефтин бети же чеги биринчи түрдөгү элементтерге таандык, ал эми чекиттер жана сызыктар экинчи түрдөгү элементтерге. Экинчи түрдөгү рельеф элементтери биринчи түрдөгү эки (сызыктар) же андан ашык (чекиттер) элементтеринин кесилишкен жеринде пайда болот.
Рельефтин биринчи түрдөгү элементтери формасы боюнча жалпак, дөмпөк, чуңкур жана аралаш (дөмпөк-чуңкур, чуңкур-дөмпөк, толкундуу, тепкичтүү ж. б.) болушу мүмкүн. Биринчи түрдөгү элементтер арасында чукулдугу (жантаюуусу) боюнча горизонталдык (0°, 5 % кургактык), субгоризонталдык (0°тан 2° чейин жана 15 % кургактык) жана жантаймаларды (2° жана 80 % кургактыктан ашык) белгилешет.
Рельефтин сызыктары же кабыргалары, ар башка (тальверг, суу бөлгүч) же түрдүү чукулдуктагы беттин бир жакка кулаган беттери (кыр, арткы биригүү[этек]) деп бөлүнөт же айырмаланат.
Рельефтин чекиттерине тоо чокулары жана конус сымал чуңкурлардын түптөрү кирет.
Рельеф формасы — үч өлчөмдүү көлөмдүү телону курчаган жана рельеф элементтеринен же рельефтин жөнөкөй формаларынан турган жер бетинин конкреттүү тегиз эместиги. Рельефтин формалары жөнөкөй жана татаал, оң жана терс, ачык жана туюк болушу мүмкүн.
«Рельеф комплекси» — кайсы бир белгиси боюнча окшош келген рельеф формаларынын жыйындысы, мисалы, тышкы (морфологиялык), келип чыгышы, жашы боюнча.
Рельефтин жашын аныктоо геоморфологиянын маанилүү тапшырмасы саналат. Рельеф жашы — тегиздик эмести пайда кылган жана ага негизги мүнөздөмөлөрдү берген рельеф калыптандыруучу агенттин ишмердүүлүүгүн убакыты (же өткөнү). Геологиядай эле, геоморфологияда абсолюттук жана салыштырмалуу жашты колдонушат.
Салыштырмалуу жашты бир нече аспектилерде кароого болот. В. Девис — «рельефтин өнүгүүсү деңгээлдик процесс, анткени, ар бир рельефтин формасында баштапкы, жаштык, жетилгендик жана картаюуу баскычтарын белгилөөгө болот» деп ырастачу. Экинчи жагынан, рельеф жашын башка рельеф формалары менен салыштырып аныктоого болот. Мындай учурда жашыраак, улуураак (байыркыраак) деген сөздөрдү пайдаланат. Ошондой эле, салыштырмалуу жашын аныктоодо геохронологиялык көрсөткүчтү (шкала) пайдаланууга мүмкүн.
Абсолюттук жашы болсо, жылдар менен аныкталат. Мындай нерсе заманбап даталоо ыкмаларынын өнүгүүсүнөн улам мүмкүн болуп калды, мисалы, радиоизотоптуу, палеомагниттик ыкмалар.
Ири масштабдуу топографиялык жана спорттук карталарда рельефти изогипстер менен сүрөттөйт — түз сызыктар (горизонталдар), сандык белгилөөлөр жана кошумча шарттуу белгилер менен. Майда масштабдуу топтографиялык жана физикалык карталарда рельеф түстөр (гипсометрикалык боёоо, так же начар тепкичтери менен) жана жуулуштар (орусча отмывка же көлөкөлөрү менен деген мааниде) менен белгиленет.