TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Рациондор макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бир жылдык керектелүүчү тоюттун нормасын түзүш үчүн норма жана рацион деген түшүнүктөр менен тааныш болушубуз керек.Тоют нормасы - бул малдын өзүнүн организминин талабын, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн, ден соолугун канааттандырыш үчүн керектелүүчү аш болумдуу азыктын топтому. Айыл чарба малдарына малдын түрүнө, жынысына, жашына, продуктуулугуна, багуу шартына жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө жараша керектелүүчү тоюттун нормасы аныкталат. Малды тоюттандыруунун алдында тоюттун нормасы бекитилип алынат дагы, андан кийин гана тоюттун аш болумдуу сапаты, малдын түрү, жашы, жынысы, өндүрүмдүүлүгү, физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен тоюттун рациону түзүлөт.РациондорАйыл чарба малдары үчүн рациондор - белгилүү убакыт аралыгына аш болумдуулугу боюнча норманын талаптарына жооп берүүчү, керектелген тоюттардын жыйнагы. Адатта рацион бир суткага, жумага, айга жана бир жылга түзүлөт жана төмөндөгүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 1.Азыктуулугу боюнча тоюттандыруу нормасына ылайык келүүгө тийиш;2.Малдын ошол түрүнүн биологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келүү керек жана тамак сиңиришине жагымдуу таасир этиши зарыл;3.Мал ачкачылыкты сезбегендей көлөмү боюнча жетиштүү болууга тийиш;4.Рациондун арзан тоюттардан түзүлгөнү максатка ылайык болот.Бир жылда 2000-2500 кг сүт (сүттүн майлуулугу 3,7-3,9%) берүүчү уй 1 кг сүткө 1,0 –1,2 тоют бирдигин талап кылат. Байыган уйлардын рациондорунда 7ден 11ге чейин тоют бирдиги болуш керек. Бир суткада 10 кг сүт берген уйдун рационунда ар бир тоют бирдигине 95 – 100г сиңирүүчү протеин болуусу зарыл, 10-15кг – 100-105г, 15тен жогору жана байыган уйлардын рациондорунда 110-115 г.Уйларга бир суткада тоюттардын болжолдуу берилиши (минималдуу - максималдуу):Сүт берет (кг)Бир суткада берүүгө болот (кг)ЧөпСаманСилосСенажКызылчаКартошкаКонцентраттар 1кг сүткө (г)12ге чейин4-62-420-3015-2010-155-10150-25013-204-62-420-3015-2515-257-12250-30021-254-61-220-3015-2515-3010-15250-350 26-304-61-220-3015-2515-3010-15300-350Байыган уйларга5-7-10-1510-205-105-82-3кг бир башка