Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Педагогикалык психологиянын тарыхый өнүгүү аспектилери

Баш барак | Психология | Педагогикалык психологиянын тарыхый өнүгүү аспектилери

Баланын өнүгүүсү илимий изилдөөнүн объектиси катары 17-18 кылымдарда табигый илимдердин деңгээлинде карала баштаган. 18 кылымдын аягында врач Д. Тидерманндын баланын психикалык жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүгүүсү жөнүндөгү китеби жарык көрөт. Ал эми 1870-жылдары орус психиатры ИАСикорскийдин балдардын чарчоосунун өзгөчөлүктөрүнө изилдөөлөрүн жарыя кылган. Педагогикалык психологиянын өнүгүүсүндө кескин бурулуш В. Прайердин (1881) "Душа ребенка" деген китебинен башталат. Мында эң алгачкы жолу баланын бардык психикалык күчүнүн өнүгүүсүнө, башкача айтканда моториканын, эрктин, кептин, акыл-эстин, сезүү органынын өнүгүүсүнө анализ берген, жана балалыктын өнүгүүсүн изилдөө үчүн методикаларды сунуш кылган. Америкалык окумуштуу С. Холл баланын өнүгүүсүн биогенетикалык мамиле менен изилдесе, психолог Дж. Болдуин окуучуларга индивидуалдык мамиле жасоо керектигин тактаган.



Педагогикалык психология немец окумуштуусу К. Гросстун эмгектери менен толукталат. Ал балалыкты адамдын өнүгүүсүндөгү өз алдынча фаза катары кароо менен өз алдынча табигый өнүгүүнүн формасы катары оюн иш-аракети теориясын жаратат. Педагогикалык психология өз алдынча илим катары XIX кылымдын орто ченинде өнүгө баштаган. Анын калыптануусунун негизги өбөлгөлөрү болуп төмөндөгүлөр эсептелинет: 1. Биологиядагы өнүгүү идеяларын иштеп чыгуу, башкача айтканда өнүгүүнүн кандайдыр бир мыйзамдарга баш ийүүсү.2. Педагогикалык практиканын талап кылуусу, башкача айтканда баланын өнүгүү шарттарын, механизмдерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүү педагогикалык продесстин эффективдүүлүгүнүн негизи болуп эсептелинет.3. Эксперименталдык психологиянын пайда болуусу (В. Вундт, В. М. Бехтерев) жана психикалык процесстерди объективдүү изилдөөнүн методдорун иштеп чыгуу, өзгөчө эсти (Г. Эббингауз), индивидуалдуулук өзгөчөлүктөрдү (Ф. Гальтон), балдардын акыл жагынан өнүгүүсүн (А. Бине) изилдөө белгиленген.



Баланы педагогикалык максатта изилдөө лабораториясы алгачкылардан болуп АП. Нечаев 1901 жылы Петербургда негиздеген. Педагогикалык психология" термини 1877-жылы П. Ф. Каптерев тарабынан киргизилип, билим берүү процессинде жалпы психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрдү жана механизмдерди негиз кылып алган. XIXкылымдын аягында педагогикалык психологиянын өнүгүүсүндө эки тенденция белгиленген. Биринчиси баланын психикалык өнүгүүсү, аны окутуу менен тарбиялоонун комплекстүү проблемаларын иштеп чыгуу менен байланышкан, мугалимдин кесиптик иш-аракети мүнөздөлгөн (Н. Х. Вессель, П. Ф. Каптерев, ПДЮркевич, П. Ф. Лесгафт, В. Анри, Э. Клапаред, Дж. Дьюи жана башкалар).



Экинчи тенденция окутуудагы жана тарбиялоодогу эксперименталдык психологиянын өз алдынчалуулугун белгилеген Г. ле Бондун "Психология воспитания" (1910 ж. ) жана Валаидын "Экспериментальная дидактика" (1903 ж) эмгектеринин чыгышы менен байланышкан. Мугалимдин психологиясы XX кылымдын 4050 жылдарына чейин "Мугалимдер үчүн психология" деп аталып, мугалимдерди психологиялык агартуу маселесин чечүүгө багытталган болсо, эми педагогикалык психологиянын өз алдынча бөлүгү катары калыптана баштайт (У. Джеймс, Г. Мюнстерберг, ДжДьюи). XXкылымдын башында Россияда психологиялык сунуштардын негизинде педагогикалык процессти жакшыртуу маселелери талкууга алынган, педагогикалык психология боюнча эки (1906, 1909 ж) жана эксперименталдык педагогика боюнча үч сьезд (1910, 1913, 1916 жж. ) өтүлгөн. "Эксперименталдык педагогика" термини 1907жылы Э. Мейман киргизип, узак убакытка чейин педагогикалык психологиянын синоними катары түшүндүрүлгөн. Съездерде эң чоң кызыгууну педологдордун чыгып сүйлөөлөрү жараткан.



Бала жөнүндө комплекстүү илим катары, педология XIX кылымдын аяк ченинде XX кылымдын башында Россияда таркаган. 1904 жылы АП. Нечаевдин жетектөөсүндө педологиялык курстар ачылат, анын негизги максаты өнүгүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүнүү үчүн керек болгон билимдерди таркатуу, жана педагогдордун билим деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинген. Бул курстардын негизги практикалык маселелери болуп балдардын психофизиологиялык жаратылыштарын изилдөө, окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү методдорун аныктоо жана келечектеги мектеп реформасынын негизи боло турган материалдарды чогултуу. Бул мезгилде "Вестник воспитания", "Вестник психологии, криминальной антропологии и педологии", "Педагогические известия", "Семья и школа", "Русская школа" журналдары чыгат.



Педологиянын маселелеринин ичине баланын жашоосуна жана өнүгүүсүнө тиешелүү болгон маалыматтарды чогултуу жана систематизациялоо, 'балалык мезгилинде өнүгүү мыйзамдарын аныктоо, анын мезгилдерин белгилөө кирет. Педология илим катары төмөндөгү принциптерге негизделген: 1. Баланы изилдөөдө ар тараптуу билимдерди синтездөөгө умтулуу приндиби, башкача айтканда физиологиялык, психологиялык, педагогикалык ж. б.2. Баланын орун алууга умтулууларын аныктоо аркылуу анын өнүгүүдө, динамикада изилдөөнү божомолдоочу генетикалык принцип.3. Баланын жашоосунун жана тарбиялануусунун шартына байланыштуу, аны социалдык чөйрөдө изилдөө принциби.4. Педологиянын практикалык багытталуусу тарбиячылар жана балдар үчүн маанилүү болгон бала жөнүндө илимди жасоого умтулуу принциби.Педологиянын өнүгүүсүнө окумуштуу П. П. Блонский чоң салымын кошкон. П. П. Блонский изилдөөдө эки негизги приндипке таянган бүтүндүк катары мамиле кылуу принциби жана өнүгүү принциби.



Баланын өсүүсүн физиолог, жүрүм-турумун психолог изилдей турган болсо, педолог баланын өсүүсү жана жүрүмтурумунун байланышын изилдей тургандыгы белгиленген. Педология баланын тарбиялоо маселелерин караганда курактык өзгөчөлүктөр менен байланыштырган. Демек, балалык курактагы өнүгүүнү изилдөөдө биогенетик теория негиз болуусу керек. Бала өзүнүн онтогенетикалык өнүгүүсүндө адамзаттын биологиялык эволюциясын жана маданий-тарыхый өнүгүүсүн кайталайт. Мындай теория Л. С. Выготскийдин маданий-тарыхый өнүгүү концепциясынын негизин түздү.



Педагогикалык психологиянын тарыхында маанилүү окуянын бири бул балалык деффективдүүлүккө, багуусуздукка, кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүү боюнча Бүткүлроссиялык съездцин өтүшү өзгөчө мааниге ээ. Сьезддин уюштуруу комитетинин председатели В. П. Кащенко, балдардын бейтартиптигине коом күнөөлүү экендигин белгилейт. Баланын инсандык калыптануусуна чоңдордун ар бир сөзү, кыймылы, интонациясы таасир этээрине өзгөчө көнул бурган. 1920-жж Л. С. Выготский өзүнүн окуучулары менен жаңы советтик психологияны түзүүгө аракеттенет. Л. С. Выготский (12) биринчилерден болуп психология илиминин кризисин белгилеп, анын предметин маанилештирүү менен психологиялык процесстердин калыптануусу жана функционалдашуусу жөнүндө илим деп сунуш киргизет. 1926-жылы анын, баланын психикалык өнүгүүсүнүн, окутуунун жана тарбиялоонун байланыштарына, баланын чондор менен байланышынын маанисине түшүнүк берүүчү педагогикалык психология боюнча китеби жарык көрөт.



Педагогикалык психологиянын өнүгүүсү үчүн психикалык функцнянын эки түрдө өтүшү белгиленет: биринчиден сырткы, андан кийин ички планда, ошондой эле, окутуу бул социалдык тажрыйбаларга ээ болуу жолдору жөнүндө интериоризация идеялары принципиалдуу чоң мааниге ээ. Л. С. Выготский өнүктүрүүчу окутуунун концепдиясын теориялык жактан негиздеген, мында өнүгүүнүн жакынкы арадагы зонасына багытталса гана, системалуу, максаттуу окутуу өнүктүрүүчү мүнөзгө ээ болот. Анын ою боюнча окутуудажана тарбиялоодо баддардын өнүгүүсүндө "кечээки күнүн" эмес, "эртеңки күнүнө" багытталып кароо керек. Педагогикалык психологиянын калыптануусуна М. Я. Басовдун "психологиялык байкоо методикасынын тажрыйбасы жана аны мектеп жашына чейинки курактагы балдарга колдонуу" деген эмгеги чоң мааниге ээ болгон. Ал балдарды изилдөөдө объективдүү методдорду табууга аракеттенген.



М. Я. Басов илимий метод катары байкоого болгон талаптарды тактоо менен колдонуу схемасын иштеп чыккан. 1927-жылы 27-декабрда педологдордун 1-съезди ачылып, анда АБ. Залкиндин (26) илимий көз карашынын негизинде педалогиянын өнүгүү программасы иштелип чыкты. Билим берүү практикасына педалогиялык текшерүүдөн өтүү системасы киргизилген. Балдарды жылына эки жолу педологдун, окулистин, педиатордун, невропатологдун жана башка кесиптердин көзөмөлүнөн өтүүнүн зарылчылыгы белгиленген. Өнүгүүсү "татаал" балдар психологиялык кабинеттен текшерилишкен.



Ар бир балага анкета толтуруу төмөндөгүлөрдү камтыган: 1. боолголоочу маалыматтар; 2. туугандары жөнүндө маалымат; 3. эмбрионалдык факторлор; 4. төрөттүн өтүшү; 5. баланын өнүгүү тарыхы; 6. социалдыкфакторлор; 7. окуусу; 8. кептикөзгөчөлүктөру, 9. мүнөздүн, жүрүм-турумдун өтүшү; 10. өзгөчө жөндөмдүүлүгү; П. турмуштук ылайыкташуусу; 12. жүрүм-турумдун өзгөрүүсү жана кыйынчылыктардын пайда болуу убактысы; 13. кошумча маалыматтар; 14. мектеп педагогикалык кеңешинин жалпы жыйынтыгы. Мындан сырткары ата-энесине сурамжылоо жүргүзүү жана баланын турмуштук шарттарын каттоо. Баланын жогорку психикалык функцияларынын өнүгүү деңгээли, өзүн-өзу баалоосу жана башка башка өзгөчөлүктөрүн тешерүү чоң мааниге ээ болгон.



Педологдор тесттик методикалардын жыйынтыктарынын негизинде класстарда комплектештирүүнү, мектеп режимин тактоону, педагогдордун иш-аракеттерин контролдоону ишке ашырып турушкан. 1930-жылдары окутуу жана өнүгүү процесстерин изилдөө башталат. Мында таанып-билүү иш-аракетинде кабыл алуу менен ойдун, эс менен ойдун өз ара байланыштары, окутуу процессинде ой менен кептин өнүгүүсү, түшүнүктөргө ээ болуунун этаптары жана механизмдери каралган. 1940-жылдары түрдуү окуу предметтерин өздөштүрүү маселелерине тиешелүү болгон изилдөөлөр ишке ашкан. 1950 - жылдары Арлурия жана анын кесиптештери, Л. С. Выготский 1920 жылдары баштаган, акылдык өнүгүүдөн артта калгандарды диагностикалоо маселелерин карашкан.



1955-жылы "Вопросы психологии" журналы жарык көрөт, анда психологиялык теориялардын жана практикалардын жаңы жетишкендиктерин чагылдырышкан. Бүткүл союздук психологдор коому уюшулган. Адамдын жалпы проблемаларына, адамдын жашоо ыкмаларынын бүткүл дүйнөлүк формасы катары болгон билим берүүнү маанилештирүүгө кызыгуу пайда болду. Адамдын психологиясын бүтүндүк катары көрсөтүү жөнүндө, мектепте билим берүүнү, адамдын тарыхый жана логикалык өнүгүүсү менен байланышта анализдөө иппсе аша баштайт. Инсандык калыптануунун башаты жөнүндө, билим берүүнүн өнүгүүсүндө философиялыкпсихологиялык проблемалар илимий багытта басмада чагылдырылат.



Педагогикалык психология философиялык жана культурологиялык идеялар менен толукталды. 1960-жылдары кенже мектеп курактагы балдарда абстракттуу ойдун калыптануусуна негизделген окутуунун теориясы жаралган. 1970-жылдары окуу иш-аракетинин жалпы теориясы ишке ашырыла баштайт. Азыркы учурда педагогикалык психологияда балдардын моралдык өнүгүүсүн изилдөө, адамдын жашоосундагы баалуу мезгил катары балалыкка бүтүңдүк катары кароо менен мамиле кылуу, баланын өнүгүүсүнө үй-бүлөнүн таасирин кароо, өнүгүүсү "татаал" балдар менен иштөө, баланын инсандык калыптануусуна чондордун баарлашуусунун таасири жана башка социалдык-психологиялык маселелердин актуалдуулугу артууда. Педагогикалык психологиянын калыптануусунда балдар коллективин жана окуу группаларын социалдык-психологиялык изилдөө, билим берүү мекемелерин башкаруу, билим берүүнү бүтүндөй реформалоо маселелери шшмий-практикалык чоң мааниге ээ. Педагогикалык психология үчүн жалпы жөндөмдүүлүк жана креативдүүлүк концепциясы, ошондой эле кесиптик системогенез концепциясы маанилүү болгон.



Билим берүү мекемелериндеги психологдордун ишаракеттеринин натыйжаларын анализдөо максатында Таллиндеги өткөн Бүткүлсоюздук психологдордун конференциясы педагогикалык психологиянын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон. Мектептерде психологиялык кызматтын өнүгүүсүнө көп жылдык эксперимент практикалык психологдун билим берүү системасындагы ордун тактай алды. 1988-жылы, билим берүүдө практикалык психологдун иш аракетин укуктук жактан негиздеген, анын социалдык статусун, укугун, милдетин тактаган, СССРдин билим берүү боюнча Мамлекеттик комитетинин окутуу-тарбиялоо мекемелеринде мектеп психологунун кызматын киргизүү жөнүндө токтому чыгат.



Азыркы учурда билим берүүдөгү психологдордун иш-аракетин талкулоо үчүн түрдүү конференциялар, сьездер уюштурулуп, аларды топтолгон тажрыйбаларын басма беттер аркылуу жарыяланууда. Педагогикалык психологиянын жетишкендиктерин педагогдор колдонуу менен билим берүү системасында психологиялык маалыматтардын маанилүүлүгүн такташууда.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 6675, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо