TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Өмүр (ыр), сөзү Т. Сатылганов, обону А. Малдыбаев

Өмүр (ыр), сөзү Т. Сатылганов, обону А. Малдыбаев

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу: Өмүр (ыр), сөзү Т. Сатылганов, обону А. Малдыбаев

Ат арыбас болсочу,
Жаш карыбас болсочу
Жаратканы чың болсо,
Деги,
Жай-жайына койсочу.

Чөп куурабас болсочу,
Көз тунарбас болсочу,
Кызыл өңдөн нур кетип,
Деги,
Кыз кубарбас болсочу.

Жибек оңбос болсочу,
Жигит өлбөс болсочу,
Жигит менен кыз өлсө,
Деги,
Жерге көмбөс болсочу.

Кайран өмүр жыйырма беш,
Жашка барар болсочу,
Кайран жашты кол менен
Деги,
Кармап алар болсочу.

Көрүүлөр: 1219
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо