Кыргызстандын түштүгүндө Ош областынын территориясында Өзгөн шаары жатат. Ал Кара-Дарыя суусунун оң жээгинде бийик кашаттын үстүндө курулган. Анын эки миң жылдан ашык тарыхы бар. Шаардын ичинде үч күмбөз жана бир мунара турат. Үч күмбөз бири бирине тийиштирилип катарлаш тургузулган да X-XII кылымдардагы Караханиддердин мезгилиндеги архитектуранын өнүккөндүгүнөн кабар берип турат. Бул мавзолейлер климле - Ортонку, Түндүк жана Түштүк күмбөз деп айтылат. Ортоңку күмбөз окумуштуулардын пикири боюнча 1012-1013-жылдары биринчи Караханид Наср-Ибн-Алиге арналып салынгак деп айтылат. Бийиктиги 13м деп эсептелет. Ички керегесинин (дубалынын) размери 8.50-8.54м, сырты 11-11.28 м. Түндүк мавзолей 1152-1153-жылдары курулуптур. Ага Султан-Илъи - Мази деген коюлган деп айтылат. Башка бир маалыматтарда ал атактуу Клыч-Бурхан-хан атасы жана энеси менен бирге коюлган деп айтылат.
Уламыштарда Клыч-Дурхан-хан Гераклдай болуп өз элин ажыдаардан сактап калган деп айтылганы белгилүү. Эки мавзолейдин алдыңкы беттеринде жазуулары бар. Аларды окуп көргөн арабист А. Ю. Якубовский Түндүк мавзолей Жалал-аддин-Хусейнге арналганын аныктаган. Түштүк мавзолей 1186-1187-ж. курулган деп айтылат да, Түндүк мавзолейден 35 жыл кийин салынган делет. Ал эми бийик мунара жөнүндө айта турган болсок, ал XI кылымда курулган деп эсептелет. Буранадагыга караганда бул мунара көркөмдүк жана курулуш техникасынын жогору тургандыгы менен айырмаланып турат. Ушул жагынан караганда Өзгөн мунарасы Токмоктун үстүндөгү Бурана мунарасынан кийин курулган деп эсептелет. Анын бийиктиги 27.40м, ичинен бурама тепкич менен жогору жагына чыгат. Ал бир нече жолу оңдолуп отуруп, бүгүнкү көрүнүшүндө биздин күнгө жетти. Бул күмбөздөр комплекси жана мунара Орто Азия архитектуралык-курулуш техникасын, устаттыгын көрсөткөн эң баалуу тарыхый эстеликтер болуп эсептелет.
Алардын сүрөттөрү почта маркаларына жана мамлекетибиздин акча бирдиктерине түшүрүлдү.