Үй мышыктары жалпысынан бири бирине окшош. Ошентсе да алардын: апсагай жүндүү, чоң сибирь мышыгы, үлпүлдөк жүндүү ангор мышыгы, көздөрү көгүлтүр, түсү кызгылт сары, тумшугу, куйругу жана буттары боёкко малып алгансып кара күрөң тарткан сиам мышыгы сыяктуу ар кыл түрлөрү бири биринен айырмаланып турат. Кулагынын учунда сүлөөсүндүкү сыяктуу топ кылы бар, кыска куйруктуу мышыктар да кезигет. Мышыктардын баары - мыкты аңчылар. Үйүңөрдөгү мышыкты жакшылап байкагылачы. Адам менен эзелтен чогуу жашаганга көнсө да ал өзүнүн жапайы адат-кылыктарын сактап калган.
Жиптин учуна кагаз байлап ары-бери кыймылдатканда кичинекей бала мышык аны кандай шамдагайлык менен кармагандыгын байкап көргүлөчү! Акырын аңдып келип шып секирет - мына, кагаз анын курч тырмактарында. Мышыктын тырмактары ичине карай иймейип турат. Жөн турганда анысы жумшак таманына жыйрылып, ал эми олжосун кармаган кезде тырмагын жазып тигини куткарбай чеңгелдейт. Мышык ойногондо тырмагын чыгарбай, баркыттай жумшак таманы менен ургулайт, бирок ачуусуна тийсеңер - таарынбагыла, күнөө өзүңөрдө! Үй мышыгы өзүнүн жапайы бир тектештерине: таргыл жолборс менен айбаттуу арстанга өтө окшош. Алар жалпысынан бир тукумга - мышык сымалдар тукумуна кирет. Үй мышыгынын тарыхы узак, бир чети кызыктуу.
Адамдар дыйканчылык кылууну үйрөнүп, алган түшүмүн кампада сактай баштаган кез. Ошондо келемиштер менен чычкандар данга жабышып, четинен ташый башташат. Алардан кутулуу үчүн адам мышыкты өзүнө үйүр алдырат. Байыркы Египетте мышыкты кадимкидей ыйык жаныбар деп эсептешкен. Мышык адам менен бирге жашайт, бирок ит сыяктуу ага кызмат кылбайт - мышыкта андай адат жок. Ээн токойдо же калың камыштын арасында тургансып мышык үйдө да түнкүсүн аң уулап чыгат. Бул учурда ит үйдү күзөтөбү же уктай береби, аны өзү билет. Ал эми мышыктын өз иши бар. Ал бир нече саат чыдамкайлык менен кыймылдабай чычкандын ийинин андып олтуруп, куйругунун учу гана диртилдеп, анын кунт коюн сак турганынан кабар берет.
Чычкан же келемиш ийининен баш бакты дегиче лып секирип кармайт! Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде окоптордо, жер кепелерде аскерлер менен катар мышыктар да кызмат өтөгөн. Анткени, кемирүүчүлөр тамтыгы кеткен жерден эчтеке таба албай жоокерлерди маанектеген. Алар коркунучтуу туляремия оорусун таркаткан. Окумуштуулар бул дартты жеңип чыгышкан, бирок чычкан, келемиштерди кырган төрт аяктуу кошуунчулардын салымы да аз болгон эмес. Мышык тазалыкты жакшы көргөн айбан. Балдары кумга же үйүлгөн таарындыга барганды үйрөнгүчө ата-энеси астын тазалап турат.
Мышык өтө тыкандык менен жуунат, дени сак, курсагы ток мышыктын жүнү жибектей жылтылдап турат.