1925 жылда каза болгон таланттуу Чоюкенин кайсы манасчынын шакирти болгону азырынча маалым эмес. Бирок өткөн кылымдын ортосунда жашап, жомокчулук даңкы чыккан, "Манастын" үч бөлүмүн 30 күн катары менен айткан Тыныбек Жапиев, ата-бабасынан бери жомокчулук кесибин кылган Найманбай Балыков сыяктуу манасчылар Чоюке менен бирге жүрүп, эл кыдырып, "Манас" жомогун айтышкан.
Тажрыйбалуу жомокчулардан таалим алуу менен катар, манасчылардын кээ бирөөлөрүнүн ата-бабасы да эпос айтууну кесип кылып келгендиги белгилүү. Өз убактысынын эң таланттуу манасчысы Сагымбай Орозбаков жомокту биринчи кезекте өзүнүн бир тууган агасы Алишерден уккан. Кийин жашынан куудул ыр жана кошок чыгарып жүрүп, өзү манасчы болот. Сагымбай бирге ээрчип жүрүп, атактуу манасчы Келдибектен, Балыктан, Тыныбектен таалим алган. Сагымбайдан эпостун биринчи бөлүмү бүт жазылып алынган. 1930 жылы анын каза болушуна байланыштуу, андан жомоктун башка бөлүмдөрү жазылбай калган.
"Семетей" бөлүмүн жаздыргандан кийин, 1942 ж. каза болгон манасчы Жаңыбай Кожокеевдин атасы да, чоң атасы да, бабасы да манасчы же семетейчи болгондугу маалым. Айтор, кыскасын айтканда, манасчылардын баарынын тең "кереметтүү түш көрүү натыйжасында эпосту айтып калдык" дегени менен, чындыгында, эч бир манасчы эч кимден укпай, таалим албай туруп, "Манасты" айткан эмес. Мына ошондуктан жомокчулук кесип чыгармачылык шыктуулукка негизделген жана укумдан тукумга өтүп келаткан кесип деп билүү керек. Албетте, жомоктун сюжеттик окуяларына абдан кызыгын, аларды деталдарына чейин жадысына түйүп, дайыма көз алдыга келтирип, ойлонуп жүргөн адамдын түшүнө Манас же анын чоролору кирүү ыктымал. Бирок, манасчы болуп калууну жалаң муну менен гана түшүндүрүүгө болбойт.
Жазылып калган тарых болбогондуктан, биринчи манасчы ким экендигин, албетте, белгисиз. Бирок Сагымбайдын вариантында эске алынган Жайсан ырчы дегенди, Манастын кырк чоролорунун бирөөн "Ырамандын ырчы уулу" деп айтылышын эске албай коюуга болбойт. Мындан бир нече кылым мурун "Токтогулдай ырчы, Толубайдай сынчы" болгон экен деген ылакап чындыкка туура келсе да, алардын кайсы доордо өткөндүгүн билүү кыйын. Жомокчулар жөнүндөгү тагыраак маалыматтар XIX кылымдан ары кетпейт. XIX кылымдын башында жашаган манасчы Келдибек жөнүндө жомокко айланган кабар бар. Анын мыкты жомокчу экенин көтөрүп айтуу үчүн, "Келдибек "Манас" айтканда үй солкулдап, борошо уруп, чак түштө күүгүм түшүп, Манастын чоролору минген тулпарлардын дүбүртү угулуп турган экен" деген имиш айтылат. Андан берки кабар – манасчы Келдибектин замандашы Балык (Бекмурат) Кумаров жөнүндө.
Манасчылар эпосту айтуудан мурда өзү далай ирет башкалардан уккан жомоктун сюжеттик эришин, негизги каармандарын, алардын туруктуу эпитеттерин эске аябай түйөт. Андан кийин айрым каармандар жөнүндө, алар катышкан кичине эпизоддор жөнүндө алгачкы убактарда өз ичинен машыгуу иретинде күңгүрөнүп айтат, андан кийин гана элге угуза баштайт. Кээ бир жомокчулар эпостун айрым эпизоддорун айтуу менен гана чектелген. Акындыгы күчтүүрөк жомокчу жыл сайын улам машыгып, улам арбытып отуруп, кийин эпостун бир бөлүгүн толук айта турган болгон. Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков сыяктуу эпостун үч бөлүмүн тең толук айткан абдан тажрыйбалуу, ашкан таланттуу жомокчулар чанда чыккан.
Академиянын фондусунда, толук эмес маалыматтар боюнча, Кыргызстан территориясында жашаган сексенден ашуун улгайган жана жаш манасчылардын тизмеси бар. Булардын бир катары – эпостун айрым бөлүмдөрүн же кээ бир эпизоддорун гана аткарган адамдар. Манасчы, семетейчилерден жазылып алынып, Кыргыз Академиясынын фондусунда сакталган вариантарды санап өтөлүк: Саякбай Каралаевден - эпостун үч бөлүгү, Сагымбай Орозбаковдон — эпостун биринчи бөлүмү толук, Шапак Ырысмендеевден – "Семегей", "Сейтек" жана "Манастын" айрым эпизоддору, Тоголок Молдодон – "Семетей", "Сейтек" жана "Манастын" үзүндүлөрү, Жаңыбай Кожокеевден – "Семетей", Молдобасан Мусулманкуловдон – "Сейтек", "Семетей" жана "Манастын" үзүндүлөрү, Жакшылык Сарыковдон – "Семетей", "Сейтек" бөлүмдөрүнөн үзүндүлөр, Акмат Ырысмендеевден – "Манастын", "Семетейдин" эпизоддору, Багыш Сазановдон – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү, Тыныбектен – "Манастын", "Семетейдин" үзүндүлөрү, Алмабек Тойчубековдон – "Семетейдин" үзүндүлөрү, Ыбрай Абдырахмановдон — эпостун айрым эпизоддору жана үзүндүлөрү.
Жазылып алынган материалдарга караганда, эпостун "Манас" жана "Семетей" бөлүмдөрүнүн варианттары көп, ал эми "Сейтектин" варианты аз. Эл ичинде эпостун биринчи эки бөлүмү көбүрөөк айтылып, кеңирээк тараган. Ошол көбүрөөк айтышына жараша, жомокчуларды же "манасчы" же "семетейчи" деп атаган.
Эпостун негизги мазмууну, анын идеясы эпостун чыгышына себеп жана негиз болгон окуяларга байланыштуу экендиги талашсыз. Маселе ошол окуялардын кайсы жана кандай мүнөздө экендигинде.
Кыргыз урууларынын биримдиги X кылымда кара кытайлар тарабынан бузулгандан берки тарыхый окуялар эпостон орун алды, дедик. Кара кытайлардын чабуулунун негизги максаты кыргыз урууларынын жашаган жерлерин, күн көргөн мал-мүлкүн тартып алып, аларды кулдандырып, эзүүгө багытталгандыктан, кыргыздар жерин, мал-мүлкүн, элдигин, кыскасы, өмүрүн сактап калуу үчүн аянбай аракет кылган. Ошондуктан басма сөздөрдө жана илимий кеңешмелерде көпчүлүк тарабынан айтылып жүргөн пикир — эпостун негизги идеялык мазмууну кыргыздардын баскынчыларга каршы болгон баатырлык аракеттерине байланыштуу деген пикир, биздин оюбузча, чындыкка туура келет. Ал эми кээ бир варианттарында учураган агрессивдүүлүк мотивдер эпостун духуна да, чыныгы тарыхка да эч туура келбейт, алар патриархалдык-феодалдык чөйрөлөрдүн талабы боюнча эпоско жугузулган дат катарында каралыш керек.
Кол салган баскынчы жоолордон коргонуу үчүн согуштук күч жыйноо керек болгон, аларды башкарып, душманга туруштук берүү үчүн кажыбас кайраттуу, айлакер кол башчы баатырлар керек болгон. Мына ошондуктан эпосто эрдикке, баатырлыкка, айлакерликке, башкаруучулукка айрыкча бурулат.
Күчтүү калың жоого каршы жалгыз жарым адамдар, канчалык баатыр болсо да, эч нерсе кыла албайт эле. Аларга туруштук берүү үчүн кыргыз урууларынын башын кошуп, биримдик түзүү керек эле. Мына ошондуктан кыргыз урууларынын башын кошуу мотиви да эпостон чоң орун ээлейт.
Албетте, кыргыз эмгекчилери жалаң сырттан келген душмандардан гана запкы тарткан эмес. Элдин башына өтө оор катаалдык түшкөн учурда, эпостун биринчи бөлүмүндөгү Көзкамандар сыяктуу душманга жардам берген, ичтен чыккан жоолордун кордугу да оңой болгон эмес. Баскынчы душмандардын коркунучу бир аз басаңдай түшкөн кезде, Чынкожо, Толтой. Көбөш кан, Канчоро сыяктуу кара ниеттер да заардуу тырмагын салып, элди аябай кыйнаган, Элдин таламын көздөгөн чыныгы баатырлар башкаруучулук тизгинди колго алып, аларга да тайманбай каршы чыккан.
Ошону менен катар аялдардын коомдогу ролуна, баатырдык достукка, өскөн элди, тууган жерди сүйүүгө, эл достугуна, эмгекти сүйүүгө, ар бир адамды адилеттүүлүк, тайманбастык, амалкөйлүк, туруктуулук мүнөздө тарбиялоого байланышкан жалпы адамзаттык идеялар "Манас" жомогунан кең орун алган.
Мына ушул идеялык мотивдер эпостун чыгышына да, анын кийин өрчүшүнө да негиз болгондугу бардык варианттардан даана көрүнүп турат.
"Манас" жомогунун негизги идеясын жана сюжеттик эриш-аркагын туура табуу жана терең түшүнүү үчүн биринчи кезекте белгилүү варианттардын мазмунундагы, сюжеттик түзүлүштөрдөгү окшоштуктарды жана айырмаларды салыштырып, талдап чыгуу керек. Мындай салыштырууларды жасаган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине караганда (М. Ауэзов, К. Рахматулин ж. б.)*, жомокчулардын варианттарында мурунтан ата-бабадан бери айтылып келаткан жана алардын баарына орток болгон жалпы сюжеттик негиз, канча бар экендиги аныкталган. Ошол сюжеттик негиз төмөнкү окуялардан, темалардан түзүлөт: негизги каармандардын туулушу, алардын балалык чагы, Каныкей, Айчүрөк сыяктуу чексиз сулуу, акылман аялдардын, Бакай, Кошой, Алмамбет, Чубак, Сыргак сыяктуу баатыр чоролордун, Нескара, Жолой, Коңурбай сыяктуу алп жоолордун мүнөздөрү, кылык-жоруктары жөнүндөгү аңгемелер, кыргыз урууларынын Манас, Семетей, Сейтек башчылыгы менен элди коргоого багытталган баатырлык согуштарына арналган эпизоддор, эл үчүн курман болгон Манаска күмбөз салуу өңдөнгөн аңгемелер. Бул аталган окуялар, аңгемелер эпостун толук айтылган варианттарынын ар биринен учурай тургандыгын кичинесинен жомок угуп келаткан карыялар жакшы билет. Ошону менен катар, андагы экинчи катардагы каармандар да (мисалы Айдаркандын Көкчөсү менен эки Кемин жайлаган үрбү, жалгыз көздүү Мадыкан менен чыканактай. Эрагыш, өздөн чыккан жоо — Көкчөкөз менен Көзкамандар сыяктуу персонаждар да эл оозундагы эпизоддордун ар биринен учурай тургандыгы белгилүү. Ошентип, эпостун көпчүлүк варианттарында баатырлардын өмүр баяны, алардын кылган иштери, кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого Таласка келип баш кошуусу, этнографиялык жактан өтө бай, көркөм берилген "Көкөтөйдүн ашы", чексиз алп күчтөрдү сүрөттөгөн "Чоң казат" сыяктуу эпизоддор биздин заманга жеткен эпостун сюжеттик негизин түзөт.
Мындан бир нече кылым мурун, андан да арыраак — эпос чыккан кездерде анын сюжеттик негизи алда канча кыска, жөнөкөй болуш мүмкүн. Улам берилеген сайын, ар бир доордун жомокчулары, жогоруда биз көрсөтүп кеткендей, эпоско бир катар өзгөрүштөр киргизет, элдин башынан өткөн окуяларга жана идеологиялык турмушка байланыштырып, жаңы эпизоддор да кошот. Бул маселеде биз кыргыз элине болжол менен XVI кылымдан кийин тараган ислам дининин көрсөткөн таасирин эске албай коё албайбыз. Буга чейинки дин ишеними (көп кудайга табынуучулук, шамандык сыяктуу ишеним) ислам дининин талаптарына карама-каршы келбей койгон эмес. Патриархалдык-феодалдык чөйрөлөр тарабынан дайыма бардык күч менен колдонулуп, өкүм сүргөн идеологияга айланган исламизм жомоктун мурунку калыбында аткарылышын тыюуга чейин барган кездер болгон десек, жаңылышпаспыз. Бул шартта, албетте, угуучу аудитория да, айтуучу жомокчулар, да, ал динге ишенген. Мына ушунун натыйжасында жомоктун оң каармандарынын мусулман динисиз көрсөтү-лүшүн күтүү өтө кыйын болуу керек. Идеологиялык мотивировкалары гана эмес, жомоктун сюжеттик сызыгына да бир кыйла өзгөрүштөр кириши толук ыктымал. Ошондуктан "кийинки кездерде, исламизмге байланыштуу эпос өзгөрүүлөргө дуушар болду" деп айткан академик В. В. Радловдун пикири туура экендигинде шек жок*.
Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995