Люстрация — Борбордук жана Чыгыш Европадагы өкмөттүк чиновниктерди (кыргызча) тазалоо. Люстрациянын түрдүү формалары посткоммунисттик Европада, ошондой эле акыркы убакта Украинада да колдонулган.
Люстрация жалпысынан — кандайдыр бир ачык же таза нерсени киргизүү процесси, негизинен ырайымдык берүү аркылуу. Бул термин байырки римдин «lustratio» тазалоо ырым-жырымдарынан алынган.
1992-жылкы Чехия Республикасындагы конституциялык оңдоолорго ылыйык, нацисттик же коммунисттик геноцидди же башка нацисттердин жана коммунисттердин кылмыштарын тааныбаган, күмөндөр болгон, колдогон же аны актоого аракет кылган адам 6 айдан 3 жылга чейин эркинен ажыратылат. 1992-жылы Барбара Харфф бир дагы өлкө же башкаруучу орган геноцид үчүн соттолгон эмес деп жазган. 1999-жылы Мартин Малиа өзүнүн «Коммунизмдин кара китеби» аттуу китебиндеги сөз башында төмөнкүдөй жазган: «Андан артык, бүткүл коммунисттик дүйнөдө дээрлик бир дагы анын жоопкерчиликтүү адамдары соттолуп же жазаланган эмес. Чындыгында, бүт жерде коммунисттик партиялар, бирок негизи жаңы аттар менен, саясатта салгылашат».
Эстония кызыл армиясынын ветераны жана Эстониянын мурдагы президенти Леннарт Меринин аталаш же энелеш туганы Арнольд Мери Эстония бийлиги тарабынан 1949-жылы эстондуктарды Хийумаага депортациялоодогу геноцидке катышкан деп айыпталган. Мери айыптоолорду кабыл албай, саясый демилгеленген жалган деп мүнөздөгөн: «Мен өзүмдү геноцидде күнөөлүмүн деп эсептебейм». Мери 2009-жылдын 27-мартында 89 жаш курагында каза болгондон кийин сот процесси токтотулган.
1989-жылдагы революциялардын натыйжасында түрдүү европалык коммунисттик өкмөттөрдүн урашы 1989—1991-жылдары бул термин өкмөттүн санкциялаштырылган «мурдагы режимде кыянаттык кылгандарды массалык түрдө дисквалификациясы менен байланыштуу». Люстрация процедуралары кийинки саясый кызматтарда же мамлекеттик кызматтарда мурдагы коммунисттердин, өзгөчө жашыруун коммунисттик полиция информаторлордун катышуусун жокко чыгарган. Бул бөтөнчөлүк кененирээк декоммунизация кампанияларынын бөлүгү болуп калды. Бирок, кээ бир өлкөлөрдө люстрация жөнүндө мыйзамдар жокко чыгаруу же дисквалификацияларга алып келген эмес. Венгриядагы люстрация жөнүндөгү мыйзам (1994—2003) компраматталган мамлекеттик чиновниктердин бетин ачууда негизделип, ал эми Польшадагы мыйзам (1999—2005) таануудан көз каранды болгон.
Люстрация жөнүндөгү мыйзам «адамдын тигил же бул мамлекеттик кызматтарда иштегенин, же коммунисстик режимдин репрессиялык аппараты менен кызматташкандыгын көзөмөлдөөчү атайын процессти мүнөздөйт». Люстрация жөнүндөгү мыйзамдын «өзгөчө» мүнөзү анын өтмө мүнөзү менен байланыштуу. 1996-жылдан бери түрдүү деңгээлдеги люстрация жөнүндөгү мыйзамдары Чехия Республикасы, Словакия, Венгрия, Македония, Албания, Болгария, Литва, Латвия, Эстония, Германия, Польша жана Румынияда пайдаланылган. 2019-жылдын маалыматы боюнча люстрация мыйзамдары Беларусия, мурдагы Югославия жана Борбордук Азиядагы мурдагы советтик республикаларда (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан) пайдаланылган эмес.
Люстрация коммунисттер башкарган өкмөт учурунда диссидент болгон антикоммунисттик саясатчыларды жазалоо формасы катары кызмат кылышы мүмкүн. Люстрация мыйзамдары негизинен өкмөт башында оң өкмөт турганда шайлоо алдында кабыл алынат жана бекемделет, өкмөт башында социал-демократ партиялары турганда бошоңдойт, жумшарат (булагын тактоо керек). Бошотуу же таанып билүү системасында куралган люстрация системалары өкмөткө болгон ишенимди жогорулатышы мүмкүн жана таанып билүүдө негизделгени социалдык келишүүгө түрткү бериши мүмкүн деген ырастоолор бар.
Көптөгөн кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып Чехия жана Словакия Федеративдик Республикасынын жаңы өкмөтү сот процесстеринин чегинде чечимдерди чыгарган эмес, анын ордуна өзгөрүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу үчүн соттук эмес ыкманы пайдаланган.
1991-жылдын 4-октябрында кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик коопсуздуктун (StB) бардык кызматкерлери, коммунисттик доордун жашыруун полициясы белгилүү бир мамлекеттик мекемелердин кара тизмесине киргизилген, анын ичинде мамлекеттик кызматтын жогорку деңгээлдери, сот системасы, прокуратура, маалымат коопсуздук кызматы (BIS), аскердеги кызматтар, мамлекеттик мекемелерди башкаруу, борбордук банк, темир жолдор, жогорку академиялык кызматтар жана мамлекеттик электрондук ММКлары. Бул мыйзам Чехия Республикасында Чехословакиянын урашынан кийинда сакталып, 2000-жылы убактысы бүткөн.
Чехословакия жана Чехия Республикасындагы люстрация мыйзамдары сот адилеттигине кызмат кылуу үчүн таанылган эмес, бирок 1948-жылдын февраль айындагы коммунисттик төңкөрүш сыяктуу окуялардын кайталанбашына кепилдик болууга таанылган.
Германияда люстрация процесси болгон эмес, бирок алардын Stasi Records Agency аталышта белгилүү болгон федералдык агенттиги бар, бул кызмат архивдерди сактап жана коргоп, Штази аталган (Stasi) чыгыш германиялык жашыруун полициянын өткөн иштерин териштирүү менен алектенет. Агенттик Федералдык өкмөттүн маданият боюнча өкүлүнө баш иет (Бернд Нойман). 2012-жылдын маалыматы боюнча компанияда 1708 кызматкер иштеген.
Польша парламенти тарабынан биринчи люстрация мыйзамы 1992-жылы кабыл алынган, бирок Польшанын конституциялык соту аны конструктивдүү эмес деп жарыялаган. Андан соң бир нече башка проектилер атайын комиссиянын кароосуна берилип, анын натыйжасында 1996-жылы люстрация жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынган. 1997-жылдан 2007-жылга чейин люстрация менен коомдук кызыкчылыктар кеңсесинин өкүлдүгү иш алып барган (Rzecznik Interesu Publicznego), ал люстрация жөнүндөгү декларацияларды анализдеп, андан кийинки териштирүүнү инициализациялаштыра алган. 2007-жылдын 15-мартында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык Польшадагы люстрация Улуттук эс институтунун карамагында(Instytut Pamięci Narodowej; IPN).
Украинада люстрацияга Украинанын президенти Виктор Януковичтин тушунда иштеген мамлекеттик кызматкерлерди мамлекеттик кызматтарынан бошотуу саналат. Алар беш жылдан он жылга чейин четтетилиши мүмкүн.
Люстрацияны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европадагы денацификация жана Ирактагы Саддам Хусейнден кийинки дебаасификация менен салыштырышат.