Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ленин ким болгон

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Ленин ким болгон

"Ленин ким болгон". Ленин Владимир Ильич (1870-1924)(Ленин - анын партиялык жана адабий псевдонимы) Симбирск шаарында (азыр Ульяновск) туулган. Атасы элдик окуу жайынын мугалими, кийин директору болгон. Энеси бүткүл өмүрүн балдарын тарбиялоого арнаган. Володя Ульянов абдан жакшы окуган. Ишкер, шайыр, билимге дилгир, турмушта болуп жаткан нерселердин бардыгына кызыккан. Ал кайраттуу жана чечкиндүү бала болгон. Кыштак балдары менен түнкүсүн жылкы кайтарууга барып, катуу шамалда сууга сүзчү.

Кээде шоктук да кыла койчу, ырдаганды жакшы көрөр эле. Кичине бөбөгү жана карындашы менен көпкө убараланып, алар үчүн ар түрдүү оюндарды ойлоп тапчу. Ал эр жүрөк, ак ниет, адилет, жамандыкта жана жакшылыкта ишенимдүү, чыныгы жолдош эле. Володя гимназиянын акыркы классында окуп жүргөндө үй-бүлөсү оор кайгыга туш болот. Петербургда агасы Саша камакка алынат. Ал падыша Александр 3-гө каршы кутумга катышкан. Атасы жок, ал мурда эле каза болгон. Энеси камалган уулун көрүүгө үмүттөнүп, Петербургга кетет.

Симбирскинин жашоочулары үрөйү учуп, тетири бурулган үй-бүлөгө Володя баш-көз болуп калат. Александр Ульяновду өлүм жазасына тартышат. Россияда Коммунисттик партия түзүлүп, кийин анын башында В. И. Ленин турган. "Ленин ким болгон" дегенге Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңип, жумушчу-дыйкан өкмөтү түзүлдү деп айтсак болот. Анын председателдигине Владимир Ильич Ленин шайланды. Лениндин жетекчилиги менен партия жана өкмөт жаны, советтик мамлекетти түзүштү. В. И. Ленин Советтик социалисттик мамлекеттин негиздөөчүсү болду. 1924-жылы 21-январда Владимир Ильич Ленин дүйнөдөн кайтты. Анын элесин болочоктогу муундарга сактап калуу үчүн тез арада атайын курулма - Мавзолей тургузушкан.

Долбоорун көрүнүктүү орус архитектору А. В. Щусев бир түндүн ичинде түзөт. Аны жыгачтан төрт күндө тургузушкан. 27-январда саат 16да Совет мамлекетинин негиздөөчүсүнүн сөөгү салынган табыт Мавзолейте коюлду. Беш жылдан кийин Мавзолей жыгачтын ордуна таш менен кайрадан курулган. Мавзолей жылтырата жылмаланган кочкул кызыл граниттен салынып, аза белгиси катары кара мрамор алкак менен айландыра капталган. "Ленин ким болгон" деп дагы суроолор калса бизге жазып койгула. Ленин жөнүндө кененирээк бул жерден билип алыңыз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 8974, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу