Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү
Баш барак | Кыргызстандын тарыхы

Кыргызстан монгол империясынын тушунда

Акыркы оңдоо:

XIII кылымдын башында монголдордун Боржегин уруусунан чыккан Темучин (Чыңгыз хан) бүткүл татарларды, найман, онгут жана башка бир нече түрк урууларын өзүнө баш ийдирет.

1206-жылы бүткүл монгол феодалдарынын чоң курултайында мамлекетти империя деп, өзүнө Чынгыз хан титулун алат. Күчтүү жана бекем тартиптүү аскер түзүп жеринин аймагын кеңейтип, кошуна элдердин баарын өзүнө баш ийдирет. 1207-жылы Чынгыз хан Түштүк Сибирь элдерин багындырууга буйрук берет.

Ошол кезде өзүнчө ар кайсы жерде чакан ээликтерге бөлүнүп калган бытыранды кыргыздар күч катнашын туура түшүнүшүп, Чынгыз ханга уйгур менен карлуктар сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө баш ийип беришет. Теңиртоонун чыгыш тарабын басып алуу Чыңгыз хан үчүн ыңгайлуу болгон.

1218-жылы Жетисууда наймандардын аскерлерин Чыңгыз хандын колбашчысы Жэбэ-Нойон уйгурлардын жана карлуктардын колдоосу менен оңой эле талкалаган. Наймандардын каршылык көрсөтүүгө даярдыгы да жок болчу. Наймандардын ханы Кучлук Чыгыш Түркстандагы жана Жетисуудагы мусулмандарды басып алгандан кийин, аларды буддизмди же христиан динин кабыл алууга мажбурлаган.

Ошондуктан, ал ар Кучлукту көрүшүп, монголдорду бошотуучу катары тосуп алышкан. Наймандардын аскерлерин талкалоодо монголдордун 20 миң адамдан турган кошууну аракеттенген. Кучлук жеңилгенден кийин качып баратып, Памир тоосунан кармалып, башы алынган. Ошентип, Кыргызстандын калкы монголдордун ийгиликтерине көмөктөш болушкан. Бирок чарбасы, маданияты абдан начарлаган. 1218-жылы Жетисуу жана Борбордук Теңиртоо толугу менен монголдордун көзөмөлү алдында калган.

1219-жылы монголдор Хорезмшах Мухамеддин бүлүнгөн күчтөрүн оңой эле багынткан. Чыңгыз хан талап-тоноочулук менен басып алуу саясатын батышты карай уланта берген. Натыйжада, Түркстандын жүздөгөн шаарлары менен айыл-кыштактары өрттөлүп, кыйраган. Бир убакта гүлдөп өнүккөн дыйканчылыгы бар Чүй, Талас өрөөндөрү, Ысык-Көл кылаасы көчмөндөрдүн мал чарбачылыгы менен алмашылган. Фергана, өзгөн, Ош жана башка айрым жерлер гана көп кыйроого учуратылган эмес. 1227-жылы Чынгыз хан өлгөндөн кийин анын басып алган жерлери төрт үлүшүнө бөлүнөт. Мурас бөлүштүргөндө Орто Азия менен Борбордук Азия Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайга жана анын урпактарына тиет.

Капашев Э. Д., Көрүүлөр: 22197, Оңдоо тарыхы
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо