18-кылымдын 70-жылдары казак, кыргыз кагылыштары өтө күчөп кетет. Аблай хан (1771-1781) Орто жүздө өз бийлигин орнотуп, Улуу жүздүн казактарын да баш ийдирүүгө умтулган.
Анын кыргыздарга каршы уюшулган жортуулдары, бир нече жолу жеңишке жетишкен. 1775—1776-жылдары Аблай аскер топтоп (болжолу 30 миң), таластык жана чүйлүк кыргыздарга кол салат.
Аларга каршы Аксуу жана Кызтууган өзөндөрү Чүй суусуна куйган түзөктө солто, сарыбагыш, саяк, бугу, чоңбагыш, азык жана башка уруулардан топтолгон, Жайыл баатыр (1705-1770) башчылык кылган кыргыздар казактарга каршы жан аябай салгылашкан.
Бул жерде эл арасында «Жайыл кыргыны» деген аңыз кеп айтылып калган. Аблай адегенде Таластын башы аркылуу кыргыздарга кол салып, Карабалта, Сокулуктагы солто менен саяктардан айылдарын талап тонойт. Бул салгылашууда солто уруусунун колбашчысы Жайыл баатыр жана анын уулдары Үсөн менен Теке баатырларча курман болушкан.
Аблайдын колу Чүйдү, Кеминди, Ысык-көлдүн этегин, Кочкорду чаап, Соң-көлгө чейин жеткен. Абылай хандын баскынчылык саясатына каршы күрөштө Эсенгул, Бүргө баатырлар чоң эрдик көрсөткөн.