Күзгү нөшөр — ыр, сөзү Б. Сейитбекова, обону С. Бейшекеев

Күзгү нөшөр — музыкалык чыгарма, сөзүнүн автору Б. Сейитбекова, обону С. Бейшекеев.

Сапырылган сары жалбырак,
Санааларга мени азгырат.
Терезеге келип тигилсем,
Үнсүз дарак тиктейт жалдырап.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?

Теребел да мынча көңүлсүз,
Теректер да ойдон бөлүнгүс.
Тегерете курчап буюмдар,
Термелише тиктейт өзүңсүз.

Кайырма:
Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү нөшөр тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?

Болом деген өзүң түбөлүк,
Асман дагы бүркөө түнөрүп.
Өзүн, тургай атын укканда,
Жүрөгүмдөн турчу гүл өнүп.

Кайырма:

Жаш жүрөгүм мынча кайгырды,
Көңүл кушун кимге алдырды.
Күзгү ношор тынбай төгүлөт,
Көздөрүмдөн жааган жамгырбы?

Дагы караңыз

Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Суроо берүү