Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Роза Отунбаева омур баяны

Баш барак | Биографиялар | Роза Отунбаева омур баяны

Роза Исаковна Отунбаева 1960-жылдын 23-августунда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз саясатчысы жана дипломаты, Кыргызстандын оппозициялык Социал-демократтык партиясынын парламенттик фракциясынын лидери. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан соң Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн башчысына дайындалган. 2010-жылы 19-майда Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн атайын декрети менен Кыргызстандын өткөөл мезгилинин Президенти болуп жарыяланган.

Аталган декретке ылайык, Кыргызстандын өткөөл мезгилинин Президентинин ыйгарым укугунун убакыты 2011-жылдын 31-августуна чейин болгон. Кыргызстандын алгачкы айым президенти жана КМШ мамлекеттеринин арасында азырынча президенттик кызматты аркалаган жападан жалгыз аялзаты. Тарыхта мусулман калкы басымдуулук кылган мамлекеттердин арасында экинчи айым президент (алгачкысы 2001-2004- жылдардагы Индонезиянын президенти Мегавати Сукарноптури). Бул кызматты 2011-жылы 1-декабрда Алмазбек Атамбаев кызматына киришкенче ээлеген.

Роза отунбаева омур баяны

Өмүр баяны
Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта Бишкек шаарында(ал кездеги Фрунзе) (айрым маалымат булактары туулган жери катары Ош шаарын көргөзүп келишет) туулган. Улуту - кыргыз. Ош шаарындагы мектепти алтын медаль менен аяктаган.

1972-жылы МГУнун философия факультетин аяктап, ошол эле окуу жайдын аспирантура бөлүмүнө тапшырган. Такшалманы (стажировка) Германияда өтөгөн.

1975-жылы Москва шаарында "Франкфурт мектебинин философтору тарабынан марксисттик-лениндик диалекттин фальсификациясынын сындалышы" аталышындагы диссертацияны жактаган соң философия илимдеринин кандидаты болгон.

1975-1981- жылдары Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде(азыркы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) мугалим, улук мугалим, доцент, диалекттик материализм кафедрасынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1981-жылы КПСС тин партиялык ишине өткөн. Партиянын Ленин райондук комитетинин экинчи катчысы, 1983-жылдан баштап КПССтин Фрунзе шаардык комитетинин (азыркы Бишкек шаары) экинчи катчысы.

[ushka=seredina]

1986-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри. 1989-1990-жылдары СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын жооптуу катчысы, 1990-1991-жылдары СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын төрайымы.

1991-1992-жылдары СССРдин Малайзияда жана Бруней-Даруссаламда Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи кызматын айкалыштырып иштеген. СССР жоюлгандан кийин эгемендүү Кыргызстанда жогорку кызматтарды аркалаган.

1992-жылы көз карандысыз Кыргызстандын алгачкы тышкы иштер министри, ошол эле жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси болуп дайындалган. Кийинки жылы кайрадан тышкы иштер министри кызматына кайтып келген.

Роза Отунбаеванын өзүнүн айтымында, Аскар Акаевдин андан ары иштей берүү тууралуу өтүнүчүнө карабай, 1997-жылы өкмөттөн кетүүнү чечкен.

1997-жылдан баштап Кыргызстандын Улуу Британиядагы жана Ирландиядагы элчиси болгон.

2002-жылдын май айынан тарта БУУнун башкы катчысынын Грузиянын Абхазия бөлүгүндөгү грузин-абхаз коогалаңын жөнгө салуу боюнча атайын төрайымы болгон.

2004-жылдын 13-декабрында Кыргызстанда "Асаба" оппозициялык кыймылы түзүлгөн. Кыймылдын уюштуруу комитетин кыргыз парламентинин депутаты, кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев жана Роза Отунбаева жетектешкен.

Отунбаеванын ысымы өлкөдө төңкөрүш болуп кетүү мүмкүн чүлүгү тууралуу сөздөр боло баштаган ызы-чуу менен байланыштуу. 2005-жылдын январь айында Роза Отунбаева бир күн ичинде эле адегенде депуттатыкка талапкер катары катталып, андан соң шайлоо жөнүндөгү мыйзам тарабынан аныкталган өлкө аймагындагы жашоо убактысы бузулгандыгы шылтоо кылынып, каттоодон кайра чийилип салынган. Оппозициянын ою боюнча, расмий Бишкек мындай жол менен ошол шайлоо аймагы боюнча өзүнүн талапкерлигин көргөзүп жаткан Бермет Акаеванын "жолун тазалашкан".

Роза Отунбаева токтоо мүнөздөгү саясатчы катары саналат, Кыргызстанда 1989-жылдан баштап популярдуу боло баштаган.

2005-жылы президент Аскар Акаев тактан кулап, ордуна Курманбек Бакиевдин келишине алып келген Жоогазын төңкөрүшүнөн соң кайрадан мамлекеттин тышкы иштер министри кызматына бекитилген.

2005-жылдын 10-июлунда өткөн президенттик шайлоодон кийин Роза Отунбаеванын ТИМ (Тышкы Иштер Министрлиги) башчылыгына талапкерлиги кыргыз парламенти тарабынан жактырылган эмес. 2005-2007-жылдары "Асаба" партиясынын төрайымы болуп келген.

2007-жылдын декабрь айынан тарта Кыргыз парламентинин депутаты жана Кыргызстандын оппозициялык Социал-демократтык партиясынын мүчөсү, 2009-жылдын октябрь айынан баштап аталган парламенттик фракциясынын жетекчиси. 2010-жылы 21-майда Кыргызстандын өткөөл мезгилинин Президенти болуп шайланган соң партиядан кеткен.

2011-жылдын январь айынан баштап "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фондду жетектейт. Фонддун негизги максаты Кыргызстандын социалдык, саясий, экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн программалардын жана проекттерди демилгелеп, ишке ашыруу болуп саналат. Кыргыз, орус, англис жана ошондой эле бир аз немис тилин билет.

Сыйлыктары:

Кыргызча дайындагандар: Мүсүралиев Н., Аттокурова С.

Жайгаштыруу: 2019-03-04, Көрүүлөр: 4952, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-03-07, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу