Культуризм (французча culturisme — дене маданияты), же бодибилдинг (англисче body — дене жана building — куруу, же bodybuilding — дене курулушу) — спорт түрү.
Оор нерселерди көтөрүү аркылуу машыгып (негизинен машыгуу бөлмөлөрүндө штанга, гантель, брус, турник жана башка ар кандай машыктыргычтарды колдонуу менен физикалык көнүгүүлөрдү аткаруу), спортсмендин денесинин эстетикасын жана сапатын сактоо менен булчуң массасын өстүрүү (сөөк булчуңдарынын гипертрофиясы) жана өнүктүрүү процесси. Туура жана атайын тамактанууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул жогорку энергиялуу атайын азыктарды кабыл алууну түшүндүрөт (сиңимдүү заттары жогору болгон азык, негизинен белоктор). Үчүнчү маанилүү фактор — бул организмдин оор физикалык жүктөмдөрдөн кийинки калыбына келүүсү.
Булчуңдарынын көлөмүн чоңойтуу максатында машыккан адамды культурист же бодибилдер аташат. Культуризм боюнча мелдештерде калыстар (судьялар) белгилүү бир салмактык категориядагы жана көлөмү, пропорцияларынын эстетикалуулугу, ошондой эле симметрия жана тең салмактуулугу боюнча тандоо критерийлеринин негизинде денесин көрсөтүп жаткан катышуучуларга баа беришип, мыкты денелүү культуристти аныкташат. Атлеттер булчуңдарын көрсөткөн культуризм боюнча мелдештер 1960-жылдан тарта өткөрүлө баштаган.
Культуризмдин жашоосунун эрте жылдарынан негизинен 1880-жылдан 1953-жылга чейинки мезгилди таандык кылышат.
Культуризм же бодибилдинг 1950—1960-жылдары чоң атактуулукка жеткен. Эң чоң үгүттү Чарльз Атлас жасаган, анын комикстердеги жана башка басылмалардагы булчуңдуу супер каарман негизиндеги жарнамасы көптөгөн жаш адамдарды денесин өнүктүрүүнүн ыкмаларын изилдөөгө түрткөн. Дал ошол мезгилде «Аалам мырзасы» жана «Америка мырзасы» сыяктуу белгилүү сынактар жана мелдештер пайда болгон. Бул мелдештер башка заманбап мелдештерге жол ачкан. Ошол эле мезгилде культуризмди жайылткан көптөгөн журналдар пайда болгон — «Strength & Health», «Muscular Development» ж. б. Кээ бир бодибилдерлердин киного тартылышы бул спорттун түрүнүн атагын андан дагы көтөргөн. Кинодогу атактуулукка Гераклдын, Самсондун жана башка атактуу каармандардын ролун аткарган Стив Ривз жетишкен.
Анаболикалык стероиддер мурда эле пайда болгонуна карабастан, 1970-жылдарды «анаболикалык стероиддердин көтөрүлүшү» деп аташат, жеке эле культуризмде эмес, спорттун башка түрлөрүндө дагы. Культуризмде бул булчуң көлөмдөрүнүн чукул өсүүсү менен байланыштуу, Арнольд Шварценеггер, Франко Коломбо, Луи Фериньо, Дориана Йейтса, Ли Хейни жана Пол ДеМайодон баштап, Рич Гаспари жана Андреас Мюнцер сыяктуу спортчулардын пайда болуусуна чейин. 1970-жылдары анаболикалык стероиддерди колдонуу тууралуу ачык талкуулар башталганы менен 1990-жылга чейин булар мыйзамдуу кажараттар болгон. 1990-жылы АКШ конгресси анаболикалык стероиддерди «көзөмөлдөнүүчү каражаттар» тизмесине киргизген. Сеулдагы олимпиададагы Бен Джонсон менен болгон Канададагы чыр-чатактан кийин Канаданын кылмыш-жаза кодексине стероиддерди колдонуу үчүн жоопкерчилик киргизилген. Стероиддер 6-класстагы күчтүү таасир этүүчү заттарга таандык.
1990-жылы реслинг-промоутер Винс Макмэн Дүйнөлүк бодибилдинг федерация (World Bodybuilding Federation) уюмунун калыптангандыгы жөнүндө жарыялаган. Ушундай ыкма менен ал культуризмге көркөмдүүлүктү жана байге фондун жогорулатууга аракет кылган. Бирок, 1992-жылдын июль айында WBF формалдуу түрдө таркатылган. Себептеринин арасында: WBF акылуу теле берүүлөрүнөн түшкөн кирешенин жоктугу, «Bodybuilding Lifestyle» федерация журналынын аз сатылуулары (кийинчерээк WDF журналына аты өзгөргөн), ошондой эле, эки телешоуду жана ай сайын чыгуучу журналды чыгарууга кеткен чыгымдары чоң болгон деп жоромолдонот.
2000-жылдын башында International Federation of Bodybuilders & Fitness культуризмге олимпиадалык спорт түрү статусун берүүгө аракет кылып, 2000-жылы бул уюм Эл аралык олимпиада комитетинде толук укуктуу мүчөлүк алган. Ушунусу менен IFBB культуризмди Олимпиадалык оюндарда толук укуктуу спорт түрү катары бекемдөөгө умтулган. Бирок, бул ишке ашкан эмес, анткени, мелдештик процесстин айынан, муну турнир эмес сулуулук сынагына салыштырып көпчүлүк культуризмди спорт деп тааныган эмес.
Заманбап культуризм индустриясында профессионалдык культурист деп квалификациялык мелдештерде, сүйүүчү катары жеңип алган, ошондой эле, IFBB «Pro Card» сыйлыгын алган культуристти аташат. «Pro Card» картасынын ээлери профессионалдык турнирлерге катышууга укук алат, мисалы, «Арнольд Классик» жана «Чемпиондор Түнү». Өз кезегинде, мындай мелдештерде көрсөтүлгөн жогорку натыйжалар «Мистер Олимпия» сынагына катышууга мүмкүндүк берет. Профессионалдык культуризм тармагындагы «Мистер Олимпия» титулу эң жогорку сыйлык болуп саналат.
«Табигый» культуризмди үгүттөгөн уюмдар дагы аз эмес, аларга кийинкилер кирет:
Бул ассоциациялар анаболикалык стероиддерди жана фармакологиялык кажараттарды колдонбогон культуризмди үгүттөшөт. «Химиясыз» культуризмдин жактоочулары мындай ыкма сергек жашоо образына жана табигый атаандаштыкты жаратууга багытталган деп эсептешет.
«Phisique» аталган биринчи улуттук аялдар чемпионаты, Генри МакГинин көмөгү менен АКШнын Огайо штатынын Кантон шаарында 1978-жылы өткөрүлгөн. Бул дүйнөдөгү биринчи аялдар сынагы болгон жана мында булчуңдары боюнча гана баалашкан. Ошондон бери көптөгөн аялдар сынактары өтүп турат, булардын эң престиждүүсү «Мисс Олимпия» саналат. 1980-жылы өткөн сынактын биринчи жеңүүчүсү Рэйчел Маклиш болгон.
Бүгүнкү күндө (2022) жалпы таанылган «идеалдуу» машыгуу системасы жок. Ар бир спортчу дене түзүлүшүнүн конфигурациясына, генетикалык жактан берилген булчуң булаларынын түрүнүн (гликолитикалык жана кычкылдануучу) бөлүштүрүлүшүнө, муундардын кыймылдуулугу жана жеке каалоолоруна (мисалы, конкреттүү машыгууларды жасоодогу нерв-булчуң байланыштары) таянган өздүк машыгууларын түзөт.
Дене түзүлүшүнүн конституционалдык таанылган түрлөрү: Эндоморф (май массасы көп, боюнун узундугу жапыз), Эктоморф (булчуң жана май массалары аз, боюнунун узундугу жогору, кол-буттар узун), Мезоморф (булчуң массалары көп жана атлеттик пропорцияда). Генетикалык жактан берилген дене түзүлүшү ушул негизги үч архетиптерден калыптанат.
Булчуңдардын жогорку калыбына келүү жана өсүү темптери культуристтерден атайын адистештирилген диетаны талап кылат. Машыгууларга, калыбына келүүгө жана өзгөчө булчуңдардын өсүүсүнө кеткен белок жана энергиянын ордун толтуруу үчүн жөнөкөй адамдарга караганда, салмактары ошондой эле болгон культуристтерге көбүрөөк калорийлер керектелет. Кабыл алынуучу тамак-аш энергиясынын азаюуусу жүрөк-кан-тамыр машыгуулары менен айкалышууда культуристтерге ашыкча майлардан арылууга мүмкүндүк берет, а бул түрдүү мелдештерге даярданууда актуалдуу. Углеводдордон, белоктордон жана майлардан алынган азык энергиясынын катыштыгы культуристтин максаттарына жараша дайындалат.
Туура тамактанууну түзүү үчүн азыктын калориялуулугун аныктоо жетишсиз, калориялуулукту кайсы азык заттары жана кандай санда камсыз кылаарын билүү керек, башкача айтканда тамактын сапаттык курамын аныктоо. Организмде 1 грамм белок же углеводдун кычкылдануусунда 4,1 ккал калыптанат, ал эми 1 грамм майдын кычкылдануусунда — 9,3 ккал. Зарыл болгон учурда углеводдор жана майлар жарым-жартылай бири-бирин алмаштыра алат; белок заттары болсо, булар эч бир башка азык заттары менен алмашылбайт.
Орточо адам күнүнө үч жолу тамактанат. Культуристтер болсо күнүнө 5—7 жолу тамактанууга аракет кылат (ар 2—3 саатта). Бул ыкма эки максатты көздөйт: зат алмашуунун ылдамдыгын жогорулатуу, ошондой эле, бир убакта көп тамакты кабыл алуунун аркасынан пайда болгон ашыкча инсулиндин иштелип чыгышын алдын алуу. Көптөгөн культуристтер же бодибилдерлер тамактануу режимин бузулушун минималдаштыруу үчүн дайыма жанына пластик контейнер алып жүрөт. Сапаттуу рациондун катыштыгы кийинкидей болушу керек: углеводдор — 50 %; белоктор — 30 %; майлар — 20 %.
Белок булчуң булаларынын өсүүсү жана алардын калыбына келүүсү үчүн зарыл болгон организмдин негизги курулуш материалы, ушул себептен белокту кабыл алууга культуристтер жана бодибилдерлер өзгөчө көңүл бурушат. Жөнөкөй адамга караганда культуристке көбүрөөк белок талап кылынат. Түрдүү баалоолорго ылайык 1 кг салмакка 1,5—2 грамм жана андан да көбүрөөк белок кабыл алуу керек, ошону менен бирге тамактануунун жалпы калориялуулугуна 25—30 % белок туура келүүсү жакшы. Культуристтердин белогунун негизги булактары: тоок, үндүк, уй, чочко, балык эттери, жумуртка жана курамында белогу жогорку сүт азыктары, ошондой эле, кээ бир жаңгактар жана буурчак өсүмдүктөрү. Мындан тышкары, көпчүлүк культуристтер өзүнүн рационун ар кандай белок кошулмалары менен толукташат: казеин же сары суу (орусча сыворотка) белоктору.
Рациондун жалпы энергетикалык баалуулугун белок, углевод жана майлардын энергетикалык компоненттерин кошуу менен эсептешет. 1 грамм белоктун энергетикалык баалуулугу — 4 ккал, углеводдуку — 4 ккал, майлардыкы — 9 ккал. Зат алмашуунун мүнөзү энергиянын булагы катары углевод жана майларды колдонууну божомолдойт. Белок, башында айткандай эле, эң алгач организм үчүн курулуш материал; тамактануунун жетишсиздигинде алардан углеводдор синтезделиши мүмкүн. Ал эми организм үчүн энергиянын башкы булагы углевод менен майлар болот. Андан тышкары, физикалык активдүүлүктүн түрүнө жараша организм көбүрөөк майларды же углеводдорду артык көрөт. А бирок, демек, белок албай койсо болот экен деген ойдон алыс болуу керек, энергия менен курулуш материалын чаташтырбайлы, энергия физикалык машыгууларда керек, белок болсо ошол машыгуулардан кийин булчуңдардын өсүүсү жана калыбына келүүсү үчүн зарыл. Культуризмде энергиянын атаандашы жок булагы углеводдор саналат. Дал ушул углеводдор культуристтин жалпы физиологиялык тонусун (абалын) жана натыйжа катары машыгуулардын ийгиликтүүлүгүн аныктайт.
Булчуңдардын өсүүсүнө түрткү берүүчү стимуляция машыгуу залдардындагы оор нерселерди көтөрүп, ишке ашырылгандыгы менен, булчуңдун өсүүсү эс алуу учурунда болот. Туура эс алуусуз жана уйкусуз, булчуңдар калыбына келбейт, өспөйт. Булчуңдардын толук кандуу өсүүсү үчүн культуристке орточо сегиз сааттык түнкү уйку зарыл, бирок, кээ бир адамдардыкы бул көрсөткүч айырмаланышы мүмкүн. Андан тышкары, көпчүлүк спортсмендер күндүзү дагы уктоого убакыт табышат, мындай нерсе булчуңдардын андан ары өсүүсүнө кошумча стимул берет.
Өтө күч келтирип машыгуу жана машыгуулар арасындагы эс алуу мезгилинин аздыгы ашыкча машыгууга алып келет. Эгер жетишээрлик эс албастан кийинки машыгууну баштасак, чарчоо-чалыгуу топтоло баштайт. Машыгуулар ортосундагы туура эс алууну табуу зарыл. Орточо, жумасына үч жолу машыгууда 1—2 күн эс алуу болот, жумасына эки жолу машыгууда — 2—3 күн эс алуу. Кээде адамдарга, машыгуу ортосунда 9 күнгө чейин эс алуу талап кылынат.
Көптөгөн культуристтер культуризм карьерасынын учурунда же андан кийин түрдүү ишмердүүлүк менен алектене башташат. Культуристтердин арасындагы жайылган адистиктердин арасынан актёрлорду, моделдерди, машыктыруучуларды, стриптизёрлорду белгилөөгө болот. Көбүнчө дененин көркөмдүгү же физикалык күч-кубат талап кылынган кесиптер тандалат. Бүгүнкү күндө көпчүлүк культуристтер мелдештик эмес подиумда ийгиликтерге жетишкен. Акыркы жылдары сергек жашоо образынын идеясы жайылганына байланыштуу, культуризмдин сүйүүчүлөр түрү — фитнес атактуу болууда. Культуризм жаштардын арасында гана белгилүү эмес; бүгүнкү күндө (2022) ар кайсы өлкөлөрдө түрдүү курактык (80 жашка чейинкилери да бар) категориядагы мелдештер өтүп турат. Белгилүү пенсионер культуристтердин бири — япондук Цутому Тосака.