Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Косметика

Баш барак | Башкалар | Косметика

Косметика (байыркы грекче κοσμητική сөзүнөн — «көркөмдөө искусствосу, кооздоо», андан κοσμητικός, κοσμέω сөздөрүнөн) — адам келбетин жакшыртуу каражаттары жана ыкмалары жөнүндөгү окуу. Ошондой эле, косметика деп адамдын тышкы келбетин жакшыртуу максатында териге, чачтарга, тырмакка, ооз көңдөйүнө кам көрүүчү каражаттар жана ыкмаларды аташат, анын ичинде бетке жана денеге жаңылык жана сулуулук берүүчү заттар.

Косметология — пластикалык операция жана башка процедураларды жасоо менен теринин кемчиликтерин жашыруу же жоготуу үчүн адамдын тышкы келбетин жакшыртуу максатында каражаттарды жана иш-чараларды иштеп чыгуучу медицинанын бөлүмү.

Декоративдик косметика буюмдары (иллюстрация)
Декоративдик косметика буюмдары (иллюстрация)

Косметика эки негизги топко бөлүнөт: гигиеналык (самын, лосьон ж.б.у.с) жана декоративдик косметика (эрин помадасы, кирпик туштары ж.б.).

Жалпы маалымат

«Косметика» сөзү биринчилерден болуп 1867-жылы Парижде (Франция) Эл аралык көргөзмө өткөрүүдө колдонулган, мында парфюмерия жана самын бышыруучу өнөр-жай өзүнүн өндүрүмүн фармацевтикадан өзүнчө коюшкан. Көп өтпөй эле, парфюмерия жана самын бышыруу симбиозу өзүнчө тармакка айланган, муну биз азыр парфюмердик-косметикалык өнөр-жай деп атап келе жатабыз.

Ар бир өлкөдө мыйзам тарабынан бекитилген өзүнүн жеке косметика тизмеси бар. Мисал катары, кээ бир өлкөлөрдө самын косметикага кирбейт. Food and Drug Administration косметикага кийинкидей аныктама берет: косметика — бул «адам денесин тазалоо, көркөмдөө, кызыктуулугун жогорулатуу же тышкы келбетти өзгөртүү үчүн сүртүү, куюуу, себүү, киргизүү же адам денесине башка ыкма менен келтирүүнүн дээрлик бардыгын айтса болот». Эфир майлары, жыпар терапиянын (ароматерапиянын) негизги аспаптары дагы косметиканын тизмесине кирет (бардык өлкөдө эмес).

Косметикалык өндүрүмдөрдү классификациялоочу авторитеттик уюм CIDESCO — косметология жана эстетика боюнча эл аралык комитет. Дал ушул классификация жалпы кабыл алынган деп саналып, косметикалык өндүрүмдөрдү сегменттерге бөлөт: массалык өндүрүм товарларынын базары (mass market), орто категориядагы товарлар (middle market), люкс, профессионалдык жана космецевтика.

Заманбап дүйнөдө косметиканын фармацевтика менен жакындашуу багыты (тенденциясы) белгиленүүдө. Косметика жана дары-дармек аралашмасынан турган косметиканын жаңы түрлөрү чыгууда. Бул багыт «космецевтика» аталышына ээ. Бирок, көптөгөн өлкөлөр, негизинен АКШ, косметиканын өнүгүүсүндөгү бул багытты адам ден-соолугуна коркунучтуу деп, өндүрүүчүлөрдөн дары-дармек менен косметиканы так бөлүштүрүүсүн талап кылууда.

Декоративдик косметиканын тарыхы

Байыркы Египетте фараондордун көзүн боёоо косметикага байланышы жок болуп, шайтан-шабырлардан коргонуунун атрибуту болгон. Көздөрүн боёоо менен египеттиктер шайтандар адам денесине көзү аркылуу кирип кетет деп санашкан. Египеттиктер башына кийип алган майлуу жыпар жыттуу конустар дагы косметикага байланышы жок болгон: алар ысык жана нымдуу климатта жашап, мындай ыкма менен күн нурунан жана чымын-чиркейлерден сактанышкан. Байыркы египеттиктер өзүнүн денесин тазалоо жана жумшартуу үчүн, күндөн, шамалдан сактоо, ал гана эмес дененин жытын жашыруу үчүн жыпар жыттуу майларды жана сүйкөөчү каражаттарды колдонушкан.

Байыркы Римдин жашоочулары макияж искусствосун жакшы билишкен. Алар kohl (көмүрдү) ирмөөч (орусча веки) боёгу, фукусту (focus) негизинен кызыл түстөгү — жаак бет жана эриндер үчүн, момду — түктөрдү жоготуу каражаты катары, арпа унун жана майды — безеткилерди жоготуу, көбүк ташты (пемза) — тиштерди агартуу каражаты катары активдүү колдонушкан. Ошондой эле, алар чачтарын моданын агымына жараша кара же ачык түстөргө боёшкон.

Косметика, бүгүнкү түшүнүгүндөгү тышкы келбетти жакшыртуу каражаты катары болжолдуу 1500 миң жыл мурда пайда болгон: Байыркы гректер байыркы египеттиктердин жүздөрүн боёоо салтын жандандырып, бирок жашоого маанилүү нерсе катары эмес, бир гана эстетикалык максатта жасашкан. Биздин заманга чейин IV кылымдарда гректер денесиндеги түктөрдү алып, каштарын чийип, бетине ак түстөгү тоналдык кремдерди сүйкөп, эриндерин боёп, тиштерин жууп, сагыз чайнап, чачтарын алтын түскө боёп калышкан. Миной фрескаларын, идиштерин, декор буюмдарын байкоодо, ал доордо аялдар косметиканы кеңири колдонгонун түшүнүүгө болот: кызыл боёкту эриндерине, ак боёкту бетине, караны көздөрүнө колдонгон. Ошондой эле, каштын түктөрүн терүү үчүн атайын пинцеттерди пайдаланышкан. Алардын артынан башка улуттар дагы тышкы келбетин көркөмдөөгө өтүшкөн. Учурда биз, бул процессти «макияж» же «декоративдик косметиканы коюуу» деп атайбыз.

Орто кылымдардагы Европада кубарган жүзгө ээ болуу мода деп саналчу. Ачык абада иштөөгө жана жүздөрүн күнгө күйгүзүүгө зарылдыгы жок бай адамдар, өзүнүн байлыгын дал ошол кубарган жүздөрү менен белгилешкен. Испан сойкулары тескерисинче, кубарган жүздүү ак сөөк аялдардан айырмаланып турганын белгилеп, жүздөрүн кызгылт түскө боёшкон. XIII кылымда королдук тукумга таандык аялдар өзүнүн жогорку бийликке таандык экенин көрсөтүш үчүн кызгылт түстөгү эрин помадаларын пайдаланышкан.

Ренессанс доорунда Италияда аялдар жүздөрүн коргошун упалары менен боёоо мода болгон. Коргошун адам ден-соолугуна зыян, бирок, мышьяк күкүмүнөн айырмаланып, ал уулантуучу каражат катары колдонгон эмес. Ал убакта Италияда «Аква Тоффана» (Aqua Toffana) аталган упа кеңири белгилүү болгон, упанын түзүүчүсү синьора Тоффананын ысымынан аталган. Бул упа бай үй-бүлөдөн чыккан аялдарга гана арналган. Упаны колдонуунун нускамасын алуу үчүн упа салынган кутучада синьора Тоффананын чакыруу кагазы болгон. Синьора Тоффанага барган кезде, ал, упаны айымдын күйөөсү жанында турганда гана бетине сүйкөө керектигин түшүндүрчү. Натыйжада синьора Тоффананын жардамы менен алты жүз күйөө тиги дүйнөгө кеткен.

Англияда Елизаветанын доорунда косметика ден-соолукка зыян деп эсептелчү, анткени, ал суунун табигый түрдө буулануусуна мүмкүндүк бербей, энергиянын нормалдуу чыгышына тоскоолдук жаратат деген ой бар болчу. XVIII кылымдагы Француз Реставрациясынын мезгилинде беттин кызыл тартып турушу (орусча румяна) жана эрин помадасы кумардуулукту, каардуулукту элестеткен, мындайдын ээлери ден-соолуктуу, шайыр адамдар деп саналган. Францияда иш ушундай болгон, бирок, башка өлкөлөрдөгү көпчүлүк адамдар косметиканы көп колдонууга терс көз карашта болгон. Боёнуп алган француздар, жашыра турган нерсеси бар делип, иренжитет деген ойлор айтылган.

XIX кылымда декоративдик косметика акырындык менен күнүмдүк турмушга кирип, алар беттин терисине кадимки кызгылт түс жана ден-соолуктуу өң берген табигый түстөгү каражаттар болгон. Бирок, ошондой болсо да, косметиканы колдонуу терс кабыл алынып, кандайдыр бир күнөө сыяктуу каралган.

Викториандык кубарган жүздөр 1920-жылдарга чейин модада кала берген, мында косметикалык каражаттар массалык чыгарылып, бардык жерде сатыла баштаган. 1960-жылдары жүздү декоративдик жасалгалоодо бурулуш болгон: ак эриндер жана египеттик көздүн кесилишинин ордуна модага фантастикалык образдар кирген, мисалы, бетке көпөлөктүн сүрөтүн түшүрүү. Мындай «жасалга» жогорку светтик коомдун шаар четинде сейилдөөсүндө абийирдүү болгон. 1970-жылдардын аягы — 1980-жылдардын башына чейин көздөрдү түрдүү түстөгү так боёоолор жана башкалар модада эле.

Негизги косметикалык өндүрүмдөр жана шаймандар

Бетке

Бетке тоналдык крем, BB/CC-крем, упа колдонулат, булар бет түсүн түзөп жана жарым-жартылай кандайдыр бир кемчиликтерди жашырат. Тоналдык негизди салууга (сүйкөөгө) чейин, зарыл болсо макияж үчүн калып (база) пайдаланылат. Ал тери рельефин түздөөгө, макияждын туруктуулугун жогорулатууга, теринин түстүк өзгөчөлүктөрүн тууралоого зарыл. Кемчиликтерди чекиттик ыкма менен жашыруу үчүн консилер жана корректорлор пайдаланылат. Беттин скульптурасын визуалдук моделдөө үчүн скульптор, бронзер, хайлайтерлер бар. Алардын жардамы менен, мисалы, бет сөөгүн көрүнүктүүрөөк кылып, мурундун формасын же өлчөмүн визуалдык өзгөртсө болот.

Көздөргө

Көздүн макияжы үчүн издер (орусча тени), кремдик издер, тинттер бар, булар визуалдык түрдө көздүн формасын тууралап, салаңдаган кабакты жашырып, көздүн сурмасын белгилеп, ошондой эле, жалпы образдык ачыктыгы үчүн колдонулат. Калем жана тартып жакындаткыч (орусчасы подводка) негизинен жебелерди (орусча стрелка) тартуу үчүн керек, ошондой эле, алардын жардамы менен визуалдуу түрдө кирпиктердин өсүү сызыгын белгилеп, көздүн түстүү челин караңгылатат. Туш кирпиктерди узунураак, көлөмдүүрөөк, ачыгыраак кылып, мунун үстүнө жасалма кирпиктерди пайдаланса болот.

Эриндер

Эриндер үчүн помадалар жана жылтырактар (орусча блески) бар. Ошондой эле, эриндердин формасын тууралоо, түсүн тыгыздап, үстүнөн коюлган каражатка туруктуулукту берүү үчүн эриндерге арналган атайын калемдер пайдаланылат.

Каштар

Каштарга атайын калемдер, помадалар, гелдер, каш тергичтер колдонулат.

Кисттер

Көп учурда косметикалык каражаттарды кисттердин (топ кылдуу калем) жардамы менен коюшат (сүйкөшөт). Өндүрүмдөрдүн багытталышына жараша кисттердин, көптөгөн түрлөрү бар. Кисттерден тышкары, өндүрүмдөрдү спонж, бьюти-блендер жана түздөн-түз колдор, манжалар менен каюууга болот.

Беттин терисине кам көрүү үчүн косметика

Мындай косметика териге кам көрүү баскычтарына жараша түрлөргө бөлүнөт. Кам көрүү үчүн кийинкидей түрлөрүн белгилешет: Терини тазалоо, сергитүү, нымдоо, азыктандыруу жана коргоо. Ошондой эле, косметиканы анын териге туура келген түрүнө жараша бөлүштүрүүгө болот: нормалдуу, кургак, комбинацияланган, майлуу, көйгөйлүү.

Косметика курамы

Косметиканын курамы белгилүү бир функцияларды аткарган ар кандай ингредиенттерден турат. Бир эле ингредиент бир нече касиеттерге ээ болушу мүмкүн. Бардык ингредиенттер топторго бөлүнөт:

Косметиканын рецептурасын түзүүдө көптөгөн аспектер эске алынат: ал сатып алуучуларды өзүнүн жыты жана консистенциясы менен кызыктырып, колдонууда ыңгайлуу жана жөнөкөй болуусу керек, эң башкысы — өзүнүн негизги багытталышын аткарышы керек — тышкы келбетти жакшыртуу, бетке, денеге, тырмактарга жана башкаларга жаңылык жана сулуулукту берүү. Бардык талаптарды камтуу үчүн рецептурасына негизги багытталышына тиешеси жок көптөгөн заттарды кошушат. Косметиканын курамына кошумча заттарды кошуу бир гана маркетингдик максаттар менен шартталат. Буларга, антикоррозиялык заттар, антистатиктер, байланыштыруучу заттар, контрасттоочулар, илээшкектикти тууралоочу заттар кирет. Мисалы, эмульгаторлорду кошуу табиятта аралашпаган заттарды аралаштыруусу менен шартталат — майлар жана суулар, антпесе, косметика товардык өңгө ээ болбой, агып же катмарга бөлүнүп калат.

Косметиканын курамындагы консерванттардын негизги багытталышы — түрдүү ооруларга алып келүүчү зыяндуу микроорганизмдердин өсүүсүн алдын алуу, ошондой эле, косметиканын товардык өңү көбүрөөк сакталыш үчүн: катмарларга бөлүнбөй, консистенциясын жоготпой, түсүн жана жытын өзгөртпөш үчүн. Эгер косметиканын курамына суу жана май кирсе, мындай косметикага негизинен эки консервант кошулат — косметиканын суу жана май бөлүктөрүн коргоо үчүн. Консервант катары негизинен айтылуу «парабендерди» колдонушат.

Косметика ингредиенттеринин коопсуздук изилдөөлөрү менен CIR жана Environmental Working Group таанышууга болот, мында ингредиенттерди изилдөөлөр боюнча шилтемелер берилген.

Косметикалык ингредиенттердин эл аралык номенклатурасы

Косметикалык өнөр-жайдын дүркүрөп өнүгүүсү анын курамына кирген ингредиенттердин ишин ирээттөөнү талап кылган. Бул иш менен 1894-жылы негизделген уюм — The Cosmetic, Toiletry, and Fragrance Association (учурда [2021] The Personal Care Products Council) иштеген. CTFAга косметикалык ингредиенттердин эл аралык номенклатурасынын авторлугу таандык. Ингредиенттердин биринчи сөздүгүн CTFA 1973-жылы чыгарган. Ал өзүнө 5 миң гана ингредиентти камтыган. Алардын ар бирине «Chemical Abstract Service Registry» (CAS) ылайык өзүнүн номери берилген. 1994-жылы сөздүктүн бешинчи басылышы чыгарылып, International Cosmetic Ingredient Dictionary аталып, анда 6000 ингредиент камтылган. 2006-жылы 11-басылышы International Nomenclature of Cosmetic Ingredient (INCI) Номенклатура аталышында чыгып, анда 13 миңден ашык ингредиенттер камтылган (12 жыл ичинде ингредиенттердин саны эки эседен өйдө көбөйгөн).

2010-жылы «International Cosmetic Ingredient Dictionary & Handbook» номенклатурасынын 13-басылышы чыгып, мында 17,5 миң ингредиент киргизилген.

Кыргызстанда жалпы косметикалык ингредиенттердин сөздүгү жок.

Коопсуздук талаптары

Эл аралык стандартташтыруу боюнча уюм (ISO) косметикалык өндүрүмдөрдү коопсуз чыгаруу боюнча туура өндүрүү режиминин тажрыйбасына ылайык (GMP) жаңы сунуштарын жарыялаган. Бир нече өлкөлөр жана аймактардын көзөмөлдөөчү уюмдары ISO 22716: 2007 стандартын кабыл алышкан. ISO 22716 стандарты косметикалык өндүрүмдөрдү өндүргөндөр, таңгактагандар, текшергендер, сактагандар жана траспорттогондорго менеджмент системасына комлекстүү иш алып барууну камсыз кылат. Стандарт тапшыруу чынжырынан бардык аспектилерине тийиштүү, эрте чийки затты жана компоненттерди тапшыруудан баштап, керектөөчүгө даяр өндүрүмдү берүүгө чейин.

5-берене. Парфюмердик-косметикалык өндүрүмгө болгон талаптар (Бажы биримдигинин техникалык регламенти).

Парфюмердик-косметикалык өндүрүмдөрдүн коопсуздугу талаптардын жыйындысы менен камсыздалат:

АКШда косметиканын курамына кирген ингредиенттердин коопсуздугу боюнча FDA иш алып барат.

Көз карандысыз уюм Cosmetic Ingredient Review (CIR) организмге уулуу ингредиенттер косметикалык каражаттардын курамына кошулуп кетпөөсү үчүн көзөмөл жүрүгзүп турууга чакырылган. 1976-жылдан бери CIR тарабынан болжолдуу 2 миңдей ингредиенттер текшерилген. Косметиканын жана парфюмериянын курамындагы жыпар кошулмаларынын коопсуздугун текшерүү боюнча International Fragrance Association (IFRA) уюму иш жүргүзөт. Кыргызстанда мындай уюмдар жок.

Косметиканын курамындагы коркунучтуу жана пайдасыз ингредиенттер

Зыяндуу ингредиенттер жана аралашмалар косметикада көп кездешет (2021), алардын кээ бирлери ден-соолуккка реалдуу коркунуч жаратат. Алардын ичинде жаман атакка конгондору: 1,4-диоксан, нитрозаминдер жана эндокриндик, гормоналдык системаларга таасир эткен химиялык заттар.

Эндокринологиялык кошумча эффектилер

Заманбап өнөр-жай коомунда айлана-чөйрөгө чоң сандагы химиялык кошулмалар ыргытылууда, булар, адам ден-соолугуна терс таасирин тийгизет, негизинен, эндокриндик системага жана организмдин жалпы гормоналдык фонуна. Бул заттар ксеноэстрогендер аталышына ээ. Алар косметикалык каражаттарга жана азык-түлүктөргө пластик таңгактары аркылуу кирет. Ошондой эле, ксеноэстрогендер жуучу каражаттардын курамында үстүртөн-активдүү заттар жана антиоксиданттар түрүндө болот, тазалоочу каражаттарда, косметикалык препараттарда, даараткана буюмдарында жана азык-түлүктөрдө колдонулат. Мисалы, BHA (бутилирленген гидроксианизол, англисче Butylated hydroxytoluene) антиоксидант катары пайдаланылат. Фталат тобуна таандык заттар: дибутилфталат, ди-2-этилгексилфталат, ди-изопропилфталат жана бензилбутилфталат. Булардын кооптуу жери, адам денесинин ткандардында топтолуу өзгөчөлүгүндө, жана убакыттын өтүшү менен алардын деңгээли жогорулагандан жогорулай берет, а бул эндокриндик системанын иштөөсүндө чагылышы мүмкүн.

Диоксан (1,4-диоксан)

Бул зат жакшы белгилүү болгон канцероген (рак оокуларын чакырган зат). 1,4-диоксан кээ бир косметикалык ингредиенттерди өндүрүүдө кошумча өндүрүм болуп кокустан эле табылып калган — этилен оксидинин эки молекуласы кошумча химиялык реакция учурунда кошулганда. Ингредиентти косметикада колдоноордон мурда, бул химиялык кошулманы вакуумда буулантуу менен жакшылап жок кылуу керек. Этилен оксиди косметикада үстүртөн-активдүү зат, эмульгатор жана кабык калыптандыргыч катары колдонулат. Косметиканын курамында этилен оксидин аталышы боюнча аныктоого болот: PEG, полиэтиленгликоль, полиоксиэтилен, ошондой эле, «-эт» менен аяктаган химиялык заттар (например, лаурет бүлөсү) же «-оксинол».

Нитрозаминдер

Нитрозаминдер, башкача айтылышы N-нитрозокошулмалар, адам организмине тери аркылуу кире алган агрессивдүү канцерогендер. Булар, диоксан сыяктуу эле косметикада ингредиент катары пайдаланылат. Алар өзүнчө ингредиенттерди алууда кокустан, же даяр өндүрүмдөгү абсолюттук коопсуз ингредиенттеринин иш-аракетинде калыптанышы мүмкүн. Ал гана эмес, адам терисинен чыккан химиялык заттар дагы интгредиенттер менен реакцияга кире алат, натыйжада нитрозаминдер калыптанат. Кээ бир ингредиенттер нитрозиялоочу заттар экени белгилүү, мисалы: коррозиянын ингибитору катары пайдаланылган, кээ бир чач боёктордогу натрийдин нитрити, 2-бром-2-нитропропан-1,3-диол (БНПД; бронопол) жана 5-бром-5-нитро-1,3-диоксан (бронидокс; С Bronidox) сыяктуу консерванттар. Ошондуктан, белгилүү косметика өндүрүүчүлөр бул ингредиенттерди косметиканын курамында колдонушпайт. Бирок, айтылган заттарды постсоветтик мейкиндикте өндүрүлгөн косметиканын курамында табууга болот.

Коэнзим Q10 жана витамин С

Бырыштар менен күрөшүүдөгү эффективдүү ингредиенттер катары, жашартуучу косметикада активдүү пайдаланылып, өндүрүүчүлөр тарабынан дагы активдүү жарнамаланып келет. Бирок, бул заттар айлана-чөйрөнүн таасири алдында тез бузулат, ошондуктан, теринин терең катмарларына алар өтө аз санда кирет.

Косметикалар чакырган оорулар

Теринин сезимталдуулугу

Косметикалык каражаттарга аллергиясы бар деп ойлогон көптөгөн айымдар чындыгында косметикалык каражаттардын курамына кирген бир же бир нече химиялык заттар чакырган дүүлүгүүдөн жапа чегишет. ЕБда (Евро Биримдикте) өткөрүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй айымдардын 42 % терисин сезимталдуу деп эсептешкен. Эгер дүүлүктүрүүчү компоненттери бар косметикалык каражаттарды колдонууда тери тез реакцияга кирсе, анда бул сезимталдуу тери деп ишеничтүү айтууга болот. Кычышуу, кызыл тактар, кээде бүдүрлөрдүн чыгуусу сыяктуу көрүнүштөр пайда болгондо, жабыркаган аймакты суу же тынчтандыруучу лосьон менен жууп койсо тез өтүп кеткен учурлар сейрек эмес. Шартка ылайык теринин сезимталдуулугун ароматизаторлор жана боёоочу химиялык заттар, ошондой эле, консерванттар, күндөн коргоочу чыпкалар (фильтрлар) жана табигый же синтетика тектүү көптөгөн башкалары чакырат. Теринин сезимталдуулугу ошондой эле тубаса болот. Мындай терилерге агыш түс, эпителийдин жукалыгы; айлана-чөйрөнүн температурасынын өзгөрүүсүнүн организм тарабынан көрүнүктүү жана сезилүүчү реакциясы (кызаруу, сайгылаштыруу) мүнөздүү, ошондой эле, ультрафиолет (шартка ылайык, мындай тери анча көп эмес меланин бөлүп чыгарып, күн нурунун түз тийишинде бат кызарат).

Аллергия

Негизги макала: Аллергия

Организмдин иммундук системасы башка адамдарда реакция алып келбеген кайсы бир зат менен реакцияга киргенде аллергия пайда болот. Аллергиянын белгилери: кычышуу, териде шишиктердин пайда болуусу, бүдүрлөрдүн чыгуусу. Эгер терс таасирди чакырган косметикалык каражатты колдонууну токтоткондо жөнөкөй аллергиялык реакциялардын пайда болуусунан арылса болот. Мындай косметикалык каражаттарды аныктоо үчүн врач менен кеңешкенден кийин же териге аллергиялык текшерүүнү өткөрүүнүн натыйжасында аныктаса болот.

Акне жана комедондор

Учу кара безеткилер, түк (чач) капчалары же туз бездери табигый тери майы жана кератинден (терини, чачтарды жана тырмактарды каптаган катуу булалуу белок) турган майлуу аралашма менен бүтөлүп калганда пайда болот. Бул аралашма катып калып, тыгынга (орусча пробкага) айланат дагы, аба менен тийишкенде өңү кара түскө ээ болот. Эгер мындай тыгындарга бактериялар кирип, көбөйүүгө мүмкүндүк жаралса, анда учу кара безеткилер инфекцияланган болуп, кызыл безетки — акне калыптанат. Акненин пайда болуу себептеринин бири, теринин пораларына косметика менен кошо кирип, аларды бүтөгөн майланышкан же майлуу заттар.

Табигый косметиканын стандарттары

2009-жылдын 1-сентябрында BDIH (Германия), Bioforum (Бельгия), Cosmebio & Ecocert (Франция), ICEA (Италия) жана Soil Association (Улуу Британия) катышуусунда Европалык жамаатар табигый жана «органик» косметиканын стандарттарын (Cosmos-standard) кабыл алышкан.

Табигый жана «органик» косметиканын курамына ингредиенттердин беш түрү кириши керек: суу, табигый минералдар, физикалык жана химиялык жол менен алынган өсүмдүк ингредиенттери, ошондой эле, башка ингредиенттер топтору.

Косметика өндүрүүчүлөр, өзүнүн табигый деп саналган өндүрүмүнө кийинкидей маалымат берүүсүнө милдеттүү: ингредиенттердин теги жана аны алуунун ыкмасы, косметиканын толук курамы, сактоо, өндүрүү шарттары, таңгактын көрүнүшү жана сапаты, айлана-чөйрөнүн абалы, түрдүү тастыктоочу сертификаттар.

Табигый жана «органик» косметикалардын курамына наноматериалдарды кошууга, генетикалык жактан модификацияланган өндүрүмдөрдүн чийки затын, радиоактивдүү заттарды колдонууга тыюуу салынат. Ошондой эле, косметиканы жаныбарларга текшерүүгө тыюуу салынат. Бирок, ингредиенттердин мындай текшерүүлөрү кээ бир өлкөлөрдүн мыйзамына ылайык тыюуу салынбайт.

Тигил же бул ингредиентти «табигый» же «органик» категориясына киргизүү үчүн атайын формулалар колдонулуп, катыштыгы эске алынат: чийки заттын сапаты, ингредиентти алуунун ыкмасы жана башка көрсөткүчтөр. Натыйжада ар бир ингредиентке белгилүү бир сандык маани (баллдар) берилет.

Кайсы бир бренддин өндүрүмү «органик» же «табигый» деп сертификаттан өтүүсү үчүн, курамында колдонулган ингредиенттердин 95 % физикалык ыкма менен өндүрүлүшү керек, жана бир бренддин косметикаларынын 20 % кем эмеси «органик» сертификатына ээ болушу зарыл. Буларга тез жуулуучу косметикалар (rinse-off — мисалы, тазалоочу каражаттар), лосьондор жана упа кирбейт. Мындай косметиканы 10 % кем эмеси «органик» катары сертификатталышы мүмкүн.

Ошондой эле, Cosmos-standard органикалык косметика сакталган таңгактын кандай болуусун жакшы баяндаган. Негизинен, мындай косметиканы пластик таңгакта сактоого тыюуу салынат.

Табигый жана «органик» косметикасынын айырмалануучу белгиси кийинкидей маркировкалар менен берилген: «Cosmos-Organic» же «Cosmos-Natural». Косметиканын аталышында «organic shampoo» жана башка ушул сыяктуу белгилөөлөргө жол берилбейт. Туура жазуусу: «Shampoo with organic jojoba oil».

Ecocert (Франция) стандарты кийинкилерди кепилдейт:

Жаныбарларга текшерүү

Акыркы жылдары косметикалык каражаттарды жаныбарларга текшерүү терс маанай менен кабыл алынууда. Мындай текшерүүлөр өзүнө жалпы уулуулукту, көздүн жана теринин дүүлүгүүсүн, фото уулуулук (ультра кызгылт көк нурлар чакырган уулуулук) жана мутагендүүлүктү камтыйт. Косметиканы жаныбарларга текшерүүгө байланышкан этикалык көйгөйлөргө ылайык, кээ бир өлкөлөр косметиканы жаныбарларга текшерүүгө каршы мыйзам кабыл алышкан. 2009-жылдын декабрь айында Европа парламенти жана Кеңеши Евро Биримдиктеги косметикалык өнөр-жайды көзөмөлдөөчү косметика жөнүндө ЕС 1223/2009 Регламентин кабыл алышкан. ЕС 1223/2009 Токтому 2013-жылдын 11-июлунда күчүнө кирген. 2013-жылдын март айында ЕБ (Евро Биримдик) жаныбарларда текшерилген ингредиенттерди камтыган косметиканы импорттоого жана сатууга (ЕБ аймагында) тыюуу салган.

АКШнын жаныбарларды коргоо коомунун маалыматы боюнча 2013-жылга карата жаныбарларды колдонбогон болжолдуу 50 текшерүү (тест) болгон, алар пайдалануу үчүн бекитилип, жаныбарлар менен текшерүү жүргүзүүнү эффективдүү алмаштыра алган. АКШда чычкандар, момолойлор, канатуулар жана муздак кандуу жаныбарлар текшерүү жүргүзүү үчүн көп колдонулат. 2018-жылдан тарта АКШнын Калифорния штатында жаныбарларга текшерилген косметика официалдуу түрдө сатууга тыюуу салынган. Учурда (2021) бир катар өлкөлөр косметиканы жаныбарларга текшерүүгө тыюуу салган: Евробиримдикте, Индияда, Израиль, Жаңы Зелания, Норвегия жана башка өлкөлөрдө. Евро Биримдикте косметикалык өндүрүмдөрдүн айлануусу жана алардын коопсуздугу 1976-жылдан бери мыйзам чыгаруунун предмети. Евро Биримдикте косметикалык өндүрүмдөрдү жаныбарларда текшерүү 2004-жылдын сентябрь айынан бери, ал эми өзүнчө ингридиенттерди жаныбарларда текшерүү мыйзам тарабынан 2013-жылдан тарта тыюуу салынган. Косметиканы жаныбарларга милдеттүү түрдө текшерүүнү жокко чыгаруу боюнча бардык көрүнүктүү мыйзам чыгаруучулук демилгелерге карабастан, адистердин ою боюнча альтернативдүү ыкмалар парфюмердик-косметикалык өндүрүмдөрдүн бардыгына мүмкүн эмес. Иш жүзүндө, Европада жаныбарларга болгон текшерүү, өндүрүүнүн баштапкы баскычтарында жүргүзүлөт.

2019-жылы Кытай косметиканы жаныбарлардын катышуусу жок текшерүүнүн тогуз ыкмасын бекитип, 2020-жылы жаныбарларга милдеттүү түрдө текшерүү жүргүзүү мыйзамдары жокко чыгарылат деп жарыялаган. Учурда (2021), Кытайда косметикалык ингредиенттерди текшерүү милдеттүү. 2019-жылдын мартында Австралия сенаты косметикалык өнөр-жайдын жаныбарларга болгон текшерүүсүн колдонууну 2020-жылдын 1-июлунан баштап тыюуу салуу боюнча мыйзамын кабыл алган.

2015-жылга карата жаныбарларды эксперименттерде пайдалануу боюнча лидер өлкөлөр: АКШ, Япония, Кытай, Австралия, Франция, Канада, Улуу Британия, Германия, Тайвань жана Бразилия.

2019-жылдын 29-мартында Бажы биримдигинин «Парфюмердик-косметикалык өндүрүмдөрдүн коопсуздугу жөнүндөгү» техникалык регламентине өндүрүмдөрдүн үлгүлөрүнө изилдөө жүргүзүү боюнча талаптары кайсы бир деңгээлде жеңилдетилип, кошумча же кайталап изилдөө жүргүзүүсүз декларацияны кабыл алуу учурлары орнотулган.

Жайгаштыруу: 2022-01-04, Көрүүлөр: 1323, Өзгөртүлгөн: 2024-02-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо