TYUP.NET
Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аллергия деген эмне

Аллергия деген эмне

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Аллергия — бул оору, ар бир адамга өзүнүн симптомдору мүнөздүү (шишүү, кычышуу, ачышуу, денеде кызыл тактардын пайда болуусу, мурундан суу агуу, чүчкүрүү, бронхоспазм жана башкалар), "аллергия деген эмне" суроосуна көбүрөөк маалымат аллунун кааласаңыз, бул макала сиз үчүн.

Симптомдордун негизин төмөнкүлөр түзөт:

Аллергиянын мындай симптомдору ар кандай заттарга болушу мүмкүн (гүл чаңы, жаныбарлардын жүнү, азык-түлүктөр, дары-дармектер, күнүмдүк-тиричилик колдонуу каражаттары ж. б.), нормада булар жөнөкөй адамдарга коркунуч жаратпайт.

Эмнеге аллергия маанилүү?

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Бүгүнкү күндө аллергия абдан кеңири таралган оорулардын катарына кирет, аллергиянын маанилүүсүн жана коркунучтуусуна көңүл бурбоо туура эмес. Андан көрө профилактика иштери жүргүзүү эффективдүү. Аллергиянын симптомдору дээрлик билинбей өтүшү мүмкүн (башка ооруларга жашынуу), ошондой эле коркунучтуу болот (мисалы, кекиртектин, бронхалардын шишиши, дем алуунун оорлошу же 10-15 мүнөт ичинде пайда болуучу анафилактикалык шок).

Аллергиянын пайда болуусу

Аллергиянын пайда болушуна иммундук система жооп берет. Дал ушул организмдин табигый коргоочусу бузулуп калат дагы, жөнөкөй жана кадимки заттар иммундук система аркылуу душман болуп саналып, иммунитетте чукул реакциялар жүрүп коргоно баштайт. Коргонуу функциясы организмдин ткандарын бузуп, өлтүрүп, аша чаап коргонот десек туура болот. Дал ушул иммундук системанын агрессивдүү коргонуусу аллергия аталат (гиперсезимталдуулук).

Көп кезигүүчү аймактык аллергия симптомдору:

Башка органдарга өтүп кетүүчү жалпы белгилер:

Көп учурда аллергия аллергендин кирип кеткен жеринен пайда болот: Козгогуч мурунга, оозого, бронхага, өпкөгө кирип кеткенде, адам чүчкүрөт, тамагы кырылдайт, мурдунан суу агат, ышкырып дем алуу оорлойт. Мындай жол менен учуп жүрүүчү заттар кирет: чаң, гүл чаңы, микробтор ж. б.

Ооздун былжыр челине, тамак сиңирүү системасына жаныбарлардын эпидермиси, грибоктун спораларынын кирип кеткенде тери кызарат, ачышат, кычышат, эриндер, тил, ооз көңдөйүнүн былжыр чели көбөт, адам кусат, ичи өтөт, ичи ооруйт ж.б.

Ар кандай азык-түлүктөрдү, суюктуктарды, дары-дармектерди кабыл алганда же териге тийгенде кызарат, ачышат, кычышат, тери шишийт, тери туурулуп түшөт, ар кандай кызмактар чыгат, оорутат.

Косметикалык каражаттар, самындар теринин астына кирип кеткенде же курт-кумурскалар чагып алганда тери кызарат, шишийт, оорутат, бүт дене шишийт, дем алуу оорлойт, кекиртек шишийт, дене кычышат, бүт денеге кызамыктар чыгат, анафилактикалык шок болот. Мындайда адам өлүп калышы мүмкүн.

Вакцина же дары-дармектерди сайганда анафилактикалык шокко чейин алып баруучу курч аллергиялык реакция жүрүшү мүмкүн, бул адам өмүрүнө абдан коркунучтуу.

Аллергиянын натыйжалары

Аллергия оорусун көптөгөн адамдар аллергияны коопсуз оору деп ойлошот, бирок бул андай эмес. Аллергиялык симптомдор тез чарчоо, кыжырлануу, иммунитеттин төмөндөшү менен коштолот. Бирок бул акыркы натыйжалары эмес. Аллергия көп учурда экзема, гемолитикалык анемия, сыворотка оорусу, бронхиалдык астмага алып келет. Бирок бул дагы соңку натыйжалары эмес. Эң оор натыйжасы албетте адам өлүмү.

Аллергия болгондо эмне кылуу керек?

Айтылгандай эле аллергия эки түргө бөлүнөт, чыныгы аллергия жана жалган аллергия, же жеңил жана оор аллергия болуп. Негизинен аллергия болгондо дарыгерге кайрылуу керек. Төмөндө аллергиянын түрлөрүн белгилейли.

Жеңил аллергия болгондо:

Эгер ушундай симптомдор пайда болсо төмөнкүлөрдү жасоо зарыл:

Эгерде организмдин абалы жакшы болбой жатса, анда тез жардам кызматын дароо чакыруу зарыл, же мүмкүн болсо өзүңүз ооруканага баруу керек.

Оор аллергия:

Аллергия коркунучтуу, ал гана эмес өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан сак болуңуз. Аллергия болгондо сөзсүз дарыгерге кайрылыңыз.

Кошумча шилтеме

Көрүүлөр: 16026
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.