Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коронавирустан кантип сактануу керек

Дүйнөнү каптаган жаңы коронавирус күн санап көптөгөн өлкөлөрдү каптоодо. Бул илдет Кыргызстанга да келди. Мындан кантип сактануунун жолдорун билип алыңыз.

Мазмуну

Контактты азайтуу

Жүйөөлүү себепсиз үйдөн чыкпаганга аракет кылыңыз. Кол кармашып, өбүшүп, кучакташып учурашпагыла! Саламдашуунун башка ыкмаларын колдонгула: баш ийкөө, ахыбалын суроо менен гана чектелиңиз. Адамдардан 1-1,5 метр аралыкты сактаңыз. Эгер чүчкүрүп же жөтөлүп жатса 2-3 метр аралыкты сактаңыз же, басып кетиңиз.

Коргонуу

Көчөөгө чыкканда сөзсүз медициналык маска, мээлейлерди колдонгула. Түрдүү мекемелердин эшиктерин кол менен ачканда, банкоматтардын баскычтарын басканда, тепкичтердин, унаалардагы кол жөлөктөрүн, жада калса унаага күйүүчү май куюп жатканда мээлейсиз кармабагыла мунун баары вирустан сактайт. Үйгө келгенде мээлейди таштандыга салгыла дагы, колдоруңузду самындап жууп, унаанын ичи-тышын ар бир көчөгө чыгып келген соң рулдарын, панелдерин, эшик кармагычтарын, отургучтарын дезинфекциялаңыз. Коргоочу көз айнектер, коронавирус түрдүү былжыл челдер аркылуу организмге киргендигине байланыштуу көчөгө чыкканда коргоочу көз айнек кийип алсаңыз ашык болбойт. Колдоруңуз менен бетиңизди кармалабаңыз. Сөзсүз кайнатылган сууну ичиңиз, оозу ачык турган чийки суулар коркунуч жаратышы мүмкүн.

Жеке гигиена

Өзүңүздү таза кармаңыз. Колду ар бир көчөгө чыгып келген сайын жууп туруңуз. 20 секундадан кем эмес самындап жууш керек, же курамында 60 пайыздык спирт кошулган дезинфекция каражатын колдонуңуз.

Коомдук жайлар

Дүкөнгө барганда, деги каалаган жакка барсаңыз кайра эле мээлей жана бет кап колдонуңуз, товарларды, кайтарым акчалар, тыйындарды (акчада кагазында коронавирус 3-4 күн жашашы мүмкүн) дагы пакетке салып, оозун бууп, аларды үйдөн дагы бир сыйра дейзинфекциялап, салып келген пакеттерди, колдонгон мээлейди, бет капты таштандыга салыңыз. Колдорду самындап жууңуз. Көчөгө барганда баш кийим кийиңиз, эгер чачтар ачык болсо, үйгө келгенде сөзсүз чачтарды дезинфекциялап, башты жууңуз.

Даярдыктар

Дезинфекциялоочу каражаттарды даярдап алыңыз, үйгө киребериште бирди, унаанын ичине бирди коюп коюңуз, кичинекей спрей болсо чөнтөккө салып алыңыз.

Кийим-кечек

Бир жолу колдонуучу салфеткаларды чүчкүрүп-бышкыруу үчүн колдонуңуз дагы, дароо ыргытыңыз. Салфеткалар жок болсо колдун жеңине чүчкүрүңүз, бирок эсиңизде болсун, мындай чүчкүрүлгөн кийимди, үйгө барганда дароо чечип, аны дезинфекциялап, анан кир жуучу машинага салып жууп салыңыз, кийип жүрө берүүгө болбойт. Кийимде вирустар 1 жумага чейин жашап, кооптуу болушу мүмкүн.

Дүрбөлөңгө түшпөңүз

Дүрбөлөң түшүп, паникага алдырбаңыз, сабырдын түбү сары алтын дегендей, акыл-эстүүлүк менен иш-аракет жасаңыз. Азык-түлүк ажиотажына берилбеңиз. Жөнү жок көчөгө чыга бербеңиз, түрдүү коомдук иш-чараларга катышпай эле коюуу туура болот.

Өзүңүздү жаман сезсеңиз

Респиратордук оорунун симптомдору пайда болгондо, ооруканага өзүңүз барбаңыз, дарыгерлерди 103 номери аркылуу үйгө чакыртыңыз.

Туугандар келсе

Тууган-туушкандар үйгө келсе, сөзсүз антипцептикалык каражаттар менен колдорун жуудуруп, дезинфекциялоочу каражаттарды кийимине, чокоюна, унаасына, алып келген буюмдарына чачып, туура түшүнүүнү айтыңыз. Алар кеткенден кийин маска, мээлей, салфеткаларды таштандыга таштаңыз. Үйдү, өзүңүздү, колдоруңузду, буюмдарды кайрадан бир сыйра дезинфекцияларңыз.

Жеке дарылануу болбойт

Өзүңүз даарыланбаңыз, даарылануу бир гана медицина кызматкелерине жүктөлөт.

Гаджеттер коркунучу

Түрдүү гаджеттерди башкаларга карматпаңыз, өзгөчө мындай көрүнүш балдар арасында көп, досторлору менен алмашып, кармалашып, оюн-ойноо өңдүү, эгер башка бирөөлөр кармалаган болсо, буларды дагы дезинфекция каражаттары менен тазалаңыз.

Тобокелдер тобу

Пенсия курагындагы адамдар, боюнда бар айымдар тобокел тобуна кирет, ошондуктан мындай топтогу адамдарга өтө этият болуу сунушталат. Балдар коронавирустан азыраак жабыркаганы менен, алар ооруну үй-бүлөө мүчөлөрүнө жуктуруу тобокели абдан чоң. Ошондуктан балдарды жакшылап байкагыла, алар көп нерселерди кармалашат, колдон келсе көчөгө балдарды алып чыкпагыла жана чыгарбагыла. Эгер өтө зарыл болуп жатса балага дагы медициналык мээлей жана маска кийгизип коюңуз.

Маанилүү
Жаңы коронавирус чүчкүргөндө, жөтөлгөндө майда жана чоң тамчылар аркылуу жайылат. Чүчкүрүп кеткен абада 20-30 мүнөт сакталат. Бирок ар кандай нерселердин үстүндө вирус орточо 1 жумадай сакталат дагы жугуштуу болот. Ошондуктан тазалыкты сактоо, дезинфекция иштерин тез-тез жүргүзүү, коомдук жайларда көп нерселерди кармалабоо абдан маанилүү.

Бул вирус өпкөнүн клеткалары үчүн болгон клеткалык рецепторлорду камтыйт, башкача айтканда көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ал эми өпкөгө кирүүнүн жолдорду бул ооз жана мурун көңдөйлөрү. Ушуга байланыштуу ооз жана мурун көңдөйлөрүн атайын чайкоочу каражаттар менен чайкап турсаңыз ашык болбойт.

Кымбаттуу окурман, макалада айтылган сактануу ыкмаларын так аткаруу менен, өзүбүздү, бир тугандарыбызды бул жаман илдеттен сактайбыз. Ошондой эле, ансыз деле оңой эмес болуп жаткан медицина кызматкерлеринин, анын ичинде өкмөттүн ишине карантин, өзгөчө кырдаал эрежелерин бузуп, тоскоолдук жаратпасак. Мунун баары өзүбүздүн гана пайдабыз үчүн.

Ал эми көмөктөшүүгө салым кошкуңуз келсе, социалдык тармак баскычтарын басып, макаланы досторуңуз менен бөлүшүүнү суранабыз. Cуроолоруңузду тартынбай жазып тургула, макаланы толуктап, суроолорго жооп берип турмакчыбыз.

Жайгаштыруу: 2020-03-20, Көрүүлөр: 5991, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-03-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо