Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Коньки

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Коньки

Коньки жонундо маалымат. Коньки тебууну каалаган көп балдар хоккей конькисин (канада), же болбосо жарыш конькисин (жарышуучу) сатып берүүнү өтүнүшөт. Бирок коньки тебүүнү жакшы үйрөнүү, өзүн келечекте хоккейчи же конькиде жарышуучу болууга даярдоо үчүн адегенде снегурочка конькиси менен машыккан оңой. Анын таманынын кыры эндүүрөөк болот. Ал муз үстүндө токтомдуу келет, тапталган карда жылгаяк оңой тебилет. Бул конькини ар кандай бут кийимге атайын кыскыч винт менен оңой бекитүүгө болот. Ал эми калган конькилердин баары атайын ботинкага ажыралгыс бекитилет.

Хоккей конькисинин таманынын кыры ичке, башы менен согончок жагы кайкы, ошондуктан жаңы үйрөнчүккө аны алгач тебүү өтө кыйын. Ал эми жарыш конькисин тажрыйбалуу спортсмен да дароо тээп кете албайт. Алар адегенде жөнөкөй коньки менен машыгып, кийин жарыш конькисине өтүшөт. Эреже катары, мектеп окуучуларынын арасында жөнөкөй коньки менен жарышуу мелдештери 60-100 жана 200м аралыкка, 13-14 жаштагы балдар 200дөн 1500мге, ушул эле курактагы кыздар 200, 300, 400 жана 500мге чейинки аралыкта өткөрүлөт.

Бир кыйла мыкты машыккандар гана 12 жаштан тартып таманынын эни 1,1-1,2 миллиметрден ашпаган, тулку абдан узун жана ичке жарышуучу коньки тебишет. Коньки деген эмне? Жарышуучу коньки менен 500дөн 10000мге чейин, 17-18 жаштагы өспүрүмдөр 5000мге, аялдар ошондой эле 15-16 жаштагы балдар 3000, ушул курактагы кыздар 1500мге чейинки аралыктарга ылдам жүгүрүү боюнча биринчиликке мелдеше алышат. Фигуралык муз тебүү конькисин жаңы үйрөнчүктөр пайдаланса да болот. Анын таманынын эни болжол менен снегурочканыкындай. Мындан бир нече кылым мурда конькилердин таманы жыгачтан же сөөктөн жасалганын, аны тепкенде учуна курч темир ашталган таяк колдонулганын билесеңер керек?

Мындан үч жүз жылча мурда таманы темир кырдуу конькилер пайда болгон. Мындай коньки муз үстүндө күүлөнүүгө ыңгайлуу шарт түзгөндүктөн, таяктын кажети жок болуп калган. Пётр 1нин буйругу боюнча дүйнөдө биринчи жолу бүтүндөй металлдан куюлган коньки Тула заводунан чыгарылган. Анын үч жагы бийик, кайкы келип, алдыга карай бир аз ийилген, ошентип ал аттын башына окшоп калган. Ошондон улам коньки (орусча конь - ат) деген ат келип чыккан. Илгери конькини негизинен бир жакка баруу же көңүл ачуу үчүн тебишкен.

Бирок 13-кылымдан тартып фигуралык муз тебүү, коньки тебүү спорту жана хоккей пайда болгон.

Коньки тебууну уйронуудогу кенештер

  1. Конькинин өлчөмүнө көңүл бургула, кичине чоң болсо, калыңыраак байпак кийип алуу жакшы, конькинин бутка чак болуусу зарыл. Бул бир кыйла травма тобокелдигин төмөндөтөт жана муз тебууну жеңилдетет.
  2. Конькинин боосун жакшылап байлаңыз, бардык тешитерин боолоп, болушунча жогору жагына чейин. Ижара алынган конькилер сапаты көп жакшы эмес болот, ошондуктан бир нече убакыт муз тепкен соң, боолорун текшерип коюуу жакшы.
  3. Музга биринчи чыкканда, биринчи мезгилде атайын таянычтар менен таянып муз тебуу жакшы, андан соң өзүнчө тебе баштаганда сөзсүз тизеңизди кичине бүгүп алып баштаңыз, адам баласы ушундай экен, буттарды түз кармоо менен көпкө чейин коньки тебе албайт экенбиз.
  4. Эгер сизге алдында тиштери бар фигуралык конькилер туш келсе, үйрөнчүк адамдарга ал тиштери жардам берет деп ишенбей эле койгула. Ал тиштер менен түртүнбөгүлө, деги эле аларды хоккей конькиси деп элестеткиле.
  5. Муз үстүндө кантип жылып баштоо керек. Бул учурду сезүү керек. Эрежеге ылайык ички түртүлүүчү буттун ички кыры менен түртүлүү керек, ошол эле учурда экинчи бутту алга коюуу керек. Аракет кылгыла, бирок эсиңерде болсун, тиштери бар конькинин тиштери менен түртүнбөгүлө.
  6. Андан соң буттун учтарын эки жакка кичине ачуу керек, анан албетте алга.
  7. Сөзсүз жылып баратканда дененин салмак борборун бир буттан экинчи бутка өткөрүп тургула, жана тизени бүгүүнү унутпагыла. Сол бут менен түртүнгөндө, дененин салмак борбору оң бутка өтөт, оң бут менен түртүнгөндө, кайра сол бутка өтөт.

Мынакей достор коньки тууралуу маалыматты болушунча пайдалуураак кылып жазууга аракет кылдык. Азыр болсо коньки жонундо кызыктуу бир нече фактыларды жаза кетели.

Коньки жонундо кызыктуу фактылар:

Кошумча шилтемелер:

Сайтка жарнама жайгаштыруу