Кичи гидроэлектрстанция


Кичи гидроэлектрстанция же кичи ГЭС (КГЭС) — салыштырмалуу аз көлөмдөгү электр энергиясын өндүрүүчү гидроэлектрстанция (ГЭС). Жалпы кабыл алынган кичи гидроэлектрстанция түшүнүгү өлкөлөрдө жок, мындай ГЭСтердин кабыл алынган негизги мүнөздөмөсү алардын орнотулган кубаттуулугу.

Мазмуну

КГЭС классификациясы

Көбүнчө кичи гидроэлектрстанцияларга орнотулган кубаттуулугу 5 Мвт ашпаган орнотмолор таандык (Австрия, Германия, Польша, Испания ж. б.). Латвия жана Швецияда кичи деп орнотулган кубаттуулугу 2 Мвт чейинки ГЭСтерди эсептешет, кээ бир башка өлкөлөрдө — 10 Мвт (Греция, Ирландия, Португалия). Ошондой эле, Европалык Кичи Гидроэнергетика Ассоциациясынын аныктамасына ылайык 10 Мгт чейинки ГЭСтер кичи делет.

Асылбаш айылындагы 2021-жылы ишке берилген кичи ГЭС
Асылбаш айылындагы 2021-жылы ишке берилген кичи ГЭС

Мезгил-мезгили менен классификациялардын алмашуулары болуп турат: АКШда кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө дем берүү чаралары көрүлүп (Кичи ГЭСтердин имараттарынын проектисин лицензиялоону жөнөкөйлөштүрүү жолу менен), алгач КГЭСтерге кубаттуулугу 5 Мвт чейинки ГЭСтер таандык болуп, андан кийин 15 Мвт, ал эми 1980-жылдары алардын максималдуу орнотулган кубаттуулугу 30 Мвт менен чектелген. СССРде СНиП 2.06.01-86 ылайык кичи ГЭСтерге турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн диаметри 3 м болуп, орнотулган кубаттуулугу 30 Мвт чейинкилер кирген. КГЭСтер арасында шарттуу түрдө микроГЭСтерди дагы белгилешет, алардын орнотулган кубаттуулугу 0,1 Мвт ашпайт.

Өлкөлөр боюнча КГЭС

Белоруссияда бирдиктүү Белоруссиялык энергетикалык системаны түзүүгө чейин 179 кичи ГЭС болгон, алар айыл-чарбасын электр энергиясы менен камсыз кылып турган, кийин, көбүнчөсү каралбай, учурда аларды кайрадан түзүү аракеттери жасалууда. Белоруссия Республикасынын Министрлер Кеңешинин 1997-жылдын 24-апрелиндеги №400 «Кичи жана салттуу эмес энергетиканы өнүктүрүү жөнүндө» токтомуна ылайык орнотулган кубаттуулугу 6 Мвт чейинки электростанциялар кичи электростанциялары деп саналат. «Белэнерго» концерни кичи электростанциялары тарабынан берилген электр энергиясына эки эселенген тарифтер менен эсептешишет. 2010-жылы өлкөдө 36 КГЭС иштеп, жалпы кубаттуулугу 13,5 МВт жана жылына 33 млн кВт•сааттан ашык иштеп чыгуу туура келет.

Аналогиялуу жеңилдиктер Латвияда дагы иштейт, 1998-жылдын 3-сентябрындагы «Энергетика жөнүндөгү мыйзамына» ылайык өкмөт Кичи ГЭСтерден электр энергиясын эксплуатацияга киргизгенден кийин 8 жыл бою эки эселенген тариф боюнча сатып алууну кепилдейт.

Швецияда 1350 КГЭС иштеп, өлкөгө зарыл болгон электрэнергиясынын 10 % иштеп чыгат, ал эми Кытайда болжолдуу 83 миң КГЭС иштейт.

Россияда кичи гидроэнергетикага кубаттуулугу 30 МВт ашпаган ГЭСтер таандык (ГОСТ Р51238-98). Өлкөдө (Россияда) кубаттуулугу 6 Мвт чейин болжолдуу жүздөй ГЭС бар, булардын суммардык кубаттуулугу 90 Мвт жана иштеп чыгуулары болжолдуу жылына 200 млн кВт•саат, курулуп жаткан кичи станциялардын көбү Түндүк Кавказда.

Евробиримдик өлкөлөрүндөгү 2005-жылга карата кичи гидроэнергетика кубаттуулугу:

Өлкө Агрегаттар саны КГЭС кубаттуулугу, МВт Евробиримдиктин жалпы кубаттуулугундагы КГЭС үлүшү (%) ГЭСтин жалпы кубаттуулугундагы КГЭС үлүшү (%) КГЭСтин электр энергияны өндүрүүсү (ТВт*ч) Евробиримдиктин электр энергиясын генерациялагандагы КГЭС үлүшү (%)
Бельгия 82 96 0.61 6.86 385 0.46
Дания 40 11 0.09 100.00 30 0.08
Германия 6200 1500 1.27 16.67 6500 1.14
Греция 40 69 0.63 2.30 350 0.65
Испания 1106 1607 3.06 9.08 4825 2.14
Франция 1730 2000 1.73 7.81 7500 1.39
Ирландия 45 23 0.48 4.51 96 0.40
Италия 1510 2229 3.12 10.98 8320 3.01
Люксембург 29 39 3.25 3.55 195 0.22
Нидерланд 3 2 0.01 2.22 1 8.47
Австрия 1700 866 4.89 7.53 4246 6.87
Португалия 74 286 2.62 6.36 1100 2.51
Финляндия 204 320 1.96 11.03 1280 1.83
Швеция 1615 1050 3.20 6.40 4600 3.15
Улуу Британия 110 162 0.21 3.77 840 0.22

Кыргызстандагы потенциал

Кыргызстанда аккан суулардын орточо саны 40 000 ашык (чоң/кичинесин кошкондо), булардын жалпы узундугу орточо 150 000 км, агып чыгуусу жылына болжолдуу 47 куб/км. Суунун негизги булактары көптөгөн мөңгүлөрдөн аккан суулар. Жаан-чачындын саны бүткүл суу агымынын 1/5 азын түзөт. Кыргызстан океан жана деңиздерден алыс жайгашкандан, бардык суулары жабык дренаждык системаларга агат. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда КГЭС потенциалы өтө жогору деп бааланат.

КГЭС гидротурбиналары

Кичи ГЭС курууда технологиялары ар өлкөдө ар түрдүү келип, суунун көлөмү, дамбанын бар же жогуна жараша негизинен электр энергиясын иштеп чыгуучу үч түрдөгү гидротурбиналар коюлат:

  • Калактуу турбина (Лестер А. Пелтон турбинасы)
  • Радиалдык-октук турбина (Джеймс Френсис турбинасы)
  • Бурулма-калактуу турбина (В. Каплан турбинасы)
Жайгаштыруу: 2021-12-23, Көрүүлөр: 298, Жайгаштырган: Жыргалбекова С., Өзгөртүлгөн: 2021-12-23