Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кененсарынын чабуулу

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кененсарынын чабуулу

18-кылымдын аягы - 19-кылымдын ортосунда кыргыз менен казактын ортосунда салыштырмалуу тынчтык орногон. 1846-жылы Кенесары хан жакындап келе жаткан орустарга каршы биргелешип согушалы деген сунуш менен Ормон ханга элчи жиберет. Ормон бийлеген тундук уруулары кенешип, Кенесарынын сунушуна макул эместигин билдиришкен. Муну уккан Кенесары 1846-жылы жазында Норузбай, Эржан сыяктуу баатырлары менен кыргыздарга жортуул баштап, солто, сарыбагыш урууларын талкалайт. Боюнда бар аялдардын ичин жарып, балдарды олтурот. 1847-жылы жазында Кенесары 20 миндей колу менен Чуй ороонунун этегин туро чаап келип, азыркы Токмок шаарынын тундук жагындагы Текеликтин сенирине жакын, азыркы Шордобо, Майдобо деген кыштактар турган жерде жайланышып, жаны чабуулга даярдана баштайт. Бишкек, Токмок чектериндеги Кокон хандыгынын аскерлери оздорунун букаралары болгон кыргыз элин баскынчылардан коргоо, чабышты токтотуу учун эч кандай аракет кылбай, чептерине бекинип жатып алган.

Кыргыз билермандары кол курап Кенесарынын чабуулун тосот. Бул согушта кыргыз колун Ормон хан, Жантай, Жангарач, Ажыбек баатыр жетектейт. Бул согушта Ормон хан колбашчы катары айлакердигин корсотот. Кыргыздар жоону суруп отуруп, Мыкандын Карасуусундагы сазга (азыркы Кенбулун кыштагынын тундук жагы) маташат. Душмандын кобу сазга тыгылып олот.

Аман калгандары колго тушуп беришет. Кенесары жакын адамдары менен кошо олтурулот. Кенесарынын колун талкалагандыгы учун орус окмоту Ормон хан менен Жантайды алтын медаль, алтын жип менен саймаланган чепкен менен сыйлаган. Согуш буткондон алты ай откондон кийин 1847-жылы 22-августта казактардын Копал чебинде (азыркы Талдыкоргон шаары) орус окмотунун ортомчулугу менен кыргыз-казак калкынын ортосунда тынчтык келишими тузулгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4383, Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо