Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кантип арыктаса болот

Баш барак | Медицина | Кантип арыктаса болот

"Кантип арыктаса болот" - бул суроо көптөгөн адамдарды ойлондурса керек, албетте "Кантип арыктаса болот" темасы боюнча миндеген макалар жазылып, миндеген диеталар бар. Бирок арыктоонун негизги шарты катары туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү болот.

Көптөгөн адамдар тез арыктоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонот:
-спорт менен машыгуу
-ар кандай био кошулмаларды кабыл алуу
-диеталар ж.б.

Көп учурда бул ыкмалар оң натыйжага алып келбейт дагы, бир-эки жумадан кийин адам тажап, чыдамы кете баштайт. Анда кантип арыктоо керек? Үй шартында тез жана ден-соолукка зыянсыз кантип арыктаса болот? Ашыкча салмак менен күрөшүүнүн жөнөкөй ыкмасы барбы? Албетте, бар! Азыр биз бир нече жөнөкөй ыкмаларды сунуштап өтөлү, бул макаланы дайындап жатканда биз бир нече диетологдор менен баарлашып, маалыматтарыбыз менен бөлүшүп кетели.

[ushka=seredina]

Диетолог дарыгерлердин көбүнчөсү айткандай: бардыгы жөнөкөй жана көп жылдар бою адамдардын тажрыйбасынан текшерилген.

1.Күн тартиби - көп учурда зат алмашуу процессинин бузулушуна биологиялык сааттын туруктуу же стабилдүү болбогонуна байланыштуу. Андан тышкары биологиялык сааттын туура эмес иштөөсүнөн ички органдар дагы туура эмес иштеп баштайт. Ошондуктан биринчи кенеш - бир убакта тамактанууга аракет кылыңыз.

2.Диетологдор айткандай, ашыкча салмактын пайда болуусунун биринчи шарты бул "Углеводдор" экен. Андыктан, курамында "Углевод" азыраак болгон азык-түлүктөдү колдонууга аракет кылыңыз, анткени, адам организминдеги май катмарларынын пайда болуусуна дал ушул углевод себепкер болот. Жана спорт менен машыкканда эриген майлардын ордун дал ушул углеводдор басып калып, кайра эле майга айланат. Эгерде организмде углевод аз болсо, организм сарпталган энергияны углеводдон ала албай, май катмарларынан сарптай баштайт. А бул ашыкча салмактын түздөн-түз азаюуусу.

3.Чаңкаганда же суусаганда эч качан, газдалган жана таттуу суусундуктарды ичпеңиз, адам организми 78-85% суудан турат, ал эми таттуу жана газдалган суусундуктар (суюк момпосуй - дешет диетологдор) организмди кургатууга гана шарт түзөт. Анын үстүнө суусундукдарда каллориялар абдан көп болот. Канчалык каллория аз болсо, ошончолук май катмарлары тез сарпталат. Ошондуктан бир гана таза суу ичиңиз. Таза сууда 1грамм дагы каллория болбойт.

4.Ачка болгондо эмне кылыш керек? Айткандай эле адам организми 78-85% суудан турат. Эгер организмди өз убагында суу менен камсыз кылбасак, ачка болуу сезими пайда болот. Таң атканда дароо эле тамактанууга киришпестен 1-2 стакан суу ичип анан 10мүнөттөн кийин тамактансаңыз курсак анча ачпай тамакты дагы азыраак кабыл аласыз. Деги эле ачка болуу сезими пайда болгондо дароо суу ичип койсоңуз ачка болуу сезими бир кылай азайып кетет. А бул эмне алып келет? албетте салмактан арылууга алып келет.

5.Активдүү жашоо образын жүргүзүңүз. Спорт менен машыгыңыз. Эгер жалкооңуз кармап жатса, психологдор айткандай жакшы көргөн ишиңизды табууга аракет кылыңыз. Жашоодогу жакшы көргөн ишиңизди тапсаңыз, бекер отурууга тап-тапкыр убакыт калбайт, жана жалкоолук дагы жок болуп кетет.

6.Майлуу тамактар менен тамактануу семирүүгө алып келет деген туура эмес дешет врачтар, эгер майларды туура колдонсо алар тескерисинче пайда гана алып келет. Күнүмдүк тамак жасоодо өсүмдүк майын колдонуңуз. Маргарин, олив майлар болбойт. Малдын малын колдонсоңуз табигый майды колдонуңуз.

Албетте бул жазылган сунуштар Силерге баналдуу көрүнүшү мүмкүн, бирок биз баарлашкан бир нече диетологдор бардыгынын ойлору бирдей болуп чыкты. "Кантип арыктаса болот" деген суроого аз дагы болсо туура жана так жооп жазууга аракет кылдык. Ден-соолукта болуңуз.

[ushka=pohudenie]
Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 19101, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо