TYUP.NET
Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Гүл турмуш

Гүл турмуш

Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.

Гүл турмуш
СөзүЖоомарт Бөкөнбаев
ОбонуАбдылас Малдыбаев

Мына биздин гүл турмуш,
Гүл турмуш, гүл турмуш.
Гүл турмушта жадырап,
Күлө турган кез ушул.
Күн нурундай сайраңдап,
Жүрө турган кез ушул.

Мына биздин гүл турмуш,
Гүл турмуш, гүл турмуш.
Эл достугу аскадай,
Бузулбаган кез ушул.
Эркин учуп туйгундай
Кыз ырдаган кез ушул.

Мына биздин гүл турмуш,
Гүл турмуш, гүл турмуш,
Тоонун жашыл гүлүндөй,
Өмүр өскөн кез ушул.
Толкуп жаткан деңиздей,
Көңүл өскөн кез ушул.

Көрүүлөр: 6805
Бөлүшүп койгула WhatsApp Facebook OK.ru VK X (Twitter) LinkedIn Telegram
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо

Жарнама тандалган купуялуулук жөндөөлөрүнө байланыштуу көрсөтүлбөйт.