Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Франциянын акча бирдиги

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Франциянын акча бирдиги
Франциянын акча бирдиги

Франциянын акча бирдиги кандай аталат, анын тарыхы кандай келгиле бул макаладан билип алалы.

Франциянын улуттук акча бирдиги "франк" 1795-жылдан 2002-жылга чейин айланууда болгон. Символу - ₣. Учурдагы акчасы евро.

Франк акча бирдиги же валютасынын Францияга киргизилиши менен Европага ондук эсеп (1 франк = 10 десим = 100 сантим) жана алтын менен күмүш өлчөм стандарттары келген. Ал франк жерминалы үчүн 1803-жылы аныкталып, 1:15.5 түзгөн. Латын валюта бирдигинде базалык катыштык болуп калган. Бул биримдик Европада ири болуп, 1865-жылдан 1914-жылга чейин жашап, көптөгөн өлкөлөрдүн акча системасынын түзүлүшүнө чоң таасирин тийгизген.

1939-жылдан тарта жаңы валюта биримдиги калыптана баштайт, айтылуу франк аймагы (зона франка). Буга кирген өлкө валюталарынын курстары франкка байланган (2002-жылдан тарта еврого байланыштуу). 1974-1998-жылга чейин франк Эл аралык валюта фондунун беш валютанын корзинасына кирген (доллар, немис маркасы, иен, фунт стерлинг, франк). Булардын негизинде өздөштүрүү же карыз алуунун атайын укуктарынын (СДР - специальные права заимствования)курсу эсептелинген.

Франк Париж жана түрк ливрларынын ордуна келет (9-13 кылым, өлкөнүн түндүгүндө 17-кылымга чейин). Ливр айтылуу 20 тузга бөлүнгөн (жөнөкөй тил менен "су" - деп аталчу) же 240 денье. 17-кылымдан тарта чоңураак тыйындар дагы чыкчу - алтын лиудорлор. Луидор биринчилерден болуп Людовик 13-нүн башкаруу мезгилинде чыккан. Анын салмагы 6,751 грамм болуп, 917-үлгүдөгү алтындан болоор эле. 18-кылымдын башында луидордун салмагы 8,158 граммга чейин жогорулатылган, кийин 9,79 грамм болгон. 0.5, 2, 4, 8 жана 10 луидорлу тыйындар чыгарылып, алар 20 ливр жана 5 ливрга барабар экю болгон.

Экю латын тилинен которгондо "калкан" дегенди билдирип, ар кайсы убакта алтындан, күмүштөн дагы чекандалган. Этимологияга (Этимологияга - тил илиминин сөздөрдүн келип чыгышын изилдөөчү бөлүм) аналогиялуу Португалия жана Испанияда тыйындар "эскудо" деп аталган, Италияда "скудо", бул сөздөр дагы тиешелүү тилдерде "калкан" деген сөздөн келген.

Су - жөнөкөй калк арасында соль тыйындарынынын аталышы болуп, ондук системага өтүү менен 5 сантим ордун баскан. Бул салт эл арасында, айрыкча француздарда күчтүү болуп француздар еврону киргизгенге сейин "су" деп атап келишкен. Бүгүнкү күндөр деле мунун эл арасында майда тыйын акчаларын белгилөөдө колдонуп келишет.

Франциянын андан дагы майда тыйыны 14-18-кылымдарда жүгүртүлүп келгени "лиард" аталган. Ал 3 деньеге барабар болгон. Людовик 15-нин мезгилинде эң майда тыйын катары эле. Бул тыйынды ондук системанын киргизилишине чейин басып-чыгарып келишкен. Париж тыйын сарайы 864-жылы Карл Таз (Карл Лысый) мезгилинде негизделген. Эмнеге билбейм, бирок ушу Франция жөнүндө макала жазганда дайыма эле күлкүм келе берет :)

1790-жылдары Францияда кагаз акчалары чыгып, аларды ассигнат деп аташчу, революциялык кохголоң мезгилдеринде бул акчалар алтындан жана күмүштөн жасалган тыйындардын орун ээлеген. Франция өкмөтүнүн чыгымдары өсүп, кагаз акчаларын чыгарууга аргасыз болушкан. Натыйжада, 1795-жылы өлкө банкрот болуп, кайрадан тыйындарга кайтууга мажбур болбогон.

Ливрдын ордуна Франк келип, 1 франк номиналындагы тыйын 5 грамм салмакта болуп, күмүштүн үлүшү 4,5 граммды түзгөн. 1803-жылы франктын алтын стандарты (франк жерминаль) орнотулуп, алтын үлүш 0,2903 грамм түзгөн. Луиндорлордун ордуна наполеондорлор чыга баштаган. Достор, илгерки тыйындарды издеген адамдар дал ушул тыйындагы кымбат балуу металлдардын айынан болсо керек ким билет.

Кандай гана болбосун, Франкты Франциянын акча бирдиги деп шарттуу түрдө гана айтуу болот. Ар кайсы жылдарда, түрдүү башкаруучулардын мезгилинде аналогиялуу түрдүү алтын жана күмүш тыйындар басылган, мисалы, 1360-жылы алтын "жылкы франкы" бар эле.

Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында алтын тыйындарды банкноталарга алмашытырып (банкнота деген сөз кайдан чыкканын "Банк деген эмне" аттуу макаладан окуңуз), күмүш тыйындардын ордуна - коло аллюминий тыйындары чыккан.

Кагаз банкноталарын алтынга алмаштыруу 1928-жылы аз убакытка калыбына келген. 1933-жылдан Франция алтын блокту башкарып, алтын стандартты сактап калуу максатында курамындагы өлкөлөр (Италия, Польша, Швейцария, Бельгия, Нидерланд) бири-бирине жардам берип турушкан. Көп өтпөй эле дүйнө кризиси болуп, 1936-жылы "Алтын блок" алтын стандарт менен кошо бир отоло жок болгон.

Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде франк рейхсмаркка байланып, (Рейхсмарк - Веймарск республикасынын, үчүнчү рейх жана согуштан кийинки Германиянын акча бирдиги, 1924-1948-жылдар) Вишит өкмөтүнүн герби түшүрүлгөн тыйындар чыккан. 1944-1948-жылдары АКШда басылып чыгарылган 2ден 500гө чейинки франк банкноталары жүгүртүлүп турган. Андан соң өлкө жеке өзүнүн валютасына өткөн.

Согуштан кийинки франк 1934-1940-жылдардагы аналогиялуу дизайнга калтыруу чечими кабыл алынып, тыйындарды болсо арзан аллюминийден басышкан. Согуштан кийинки өлкөнүн финансылык абалы бошоңдоп, франк тез-тез нарксызданып турган. Мисалы, 1944-жылы франкка болгон доллардын курсу 1:50, 1958-жылы 1:420 болгон.

1960-жылы де Голль башкармалыгы акча реформасын өткөрүүнү кабыл алып, эски тыйындарды жаңысына 100:1 катыштыгында алмаштырып, эски 1 жана 2 франк тыйын катары жүгүртүлүп, 1 жана 2 сантимге эквиваленттүү болгон. Инфляция болсо, барыбир акырындык менен франкты нарксыздандырып, 1999-жылы еврого өтүү учурунда 8 эсе аз бааны түзгөн.

1971-жылдын август айынан тарта кош валюта базары өлкөгө киргизилип турган. 1979-жылдын март айынан баштап Франция Европа валюта системасына кирген (системага эле кирген, акчасы алмашыла элек). Акыркы Француз франкынын банкноталарында Франциянын белгилүү ишмерлери чагылдырылган:

Франция еврону кабыл алган өлкөлөрдүн биринчилери болгон. Еврого өтүү 2002-жылы аяктап ал убакта курсу 6,55957:1 болгон. Тыйын алмаштыруу 2005-жылдын февраль айына чейин, ал эми банкнота алмаштыруу 2012-жылдын февралына чейин болгон. Бул күн Францияда "Франктын каза болуу күнү" - деп аталат. Евро тыйындардын улуттук бетинин дизайны салтка айланган франциянын 3 тыйынынын негизинде түзүлгөн:

Бардык евро тыйындарда (Франциянын) Евро Биримдиктин 12 жылдызы, Франциянын белгилери (RF) жайгаштырылып, басылган жылы көрсөтүлгөн. Евроаймактын башка өлкөлөрүндөй эле Франция эсте калуучу 2 евро номиналындагы тыйындарды чыгарат. Мисалы, 2007-жылы чыккан Риж келишимине арналган тыйындар. Ал эми коллекциялык евро тыйындар 2002-жылдан бери чыгып, түрдүү номиналда жана материалда берилген - күмүш, алтын.

Достор, "Франциянын акча бирдиги" аттуу макалабыз ушундай болду. Эгер Франция өлкөсүү тууралуу билгиңиз келсе анда төмөндөгү шилтемеден окусаңыз болот. Пикирлерди жазгыла.

Сайтка жарнама жайгаштыруу