Эне тили - ата-энеңдин, өз элиңдин тили. Дүйнө жүзүндө көп сандаган эл бар. Алардын өзүнчө эл экендигин, башкалардан бөтөнчөлүгүн белгилеп турган баарыдан мурда - өз тили. Биз эне тилин кичине кезибизден баштап ата-энебизден, ага-туугандарыбыздан, дегеле айлана-чөйрөбүздөгү улуулардан угуп, мектепке барганда атайын «эне тили» деген окуу китептен окуп үйрөнөбүз. Бой тарткан сайын тилди биз калк казынасынан, маданият жана билим бешиги мектептен, китептен гезит-журналдардан, радиодон, теле көрсөтүүлөрдөн, кинофильмдерден улам терең өздөштүрө беребиз. Тил - биздин өмүр бою башка адамдар менен сүйлөшө турган башкы байланыш куралыбыз. Элдин тили - өзүнчө тарых. Ар бир элдин жашаган күндөн тартып, башынан өткөргөн турмушу, баатырдык баяны, жомоктору, ырдаган ырлары, жазган китептери, табияттын кубулуштары, жер-суунун аттары, айтор бардык нерселер эне тилде сакталат, ал аркылуу укум-тукумга берилет. Биздин эне тил - байыркы тил. Ошондуктан элдин байыркы замандан берки тажрыйба билим, тарыхы, акыл казынасы топтолгон чыгармаларда эне тилдин күчү менен бизге жетип, рухий дүйнөбүздү байытат. Жалгыз дарак токой болбойт дегендей, бир адам улуттук тилин жарата албайт. Тил - бүтүндөй элдин байлыгы.
Тил ар дайым эл менен кошо өнүгүп, өзгөрүп, жаңыланып, тазарып жана байып турат. Элдик оозеки көркөм мурастар да, жазма адабий чыгармалар да эне тилдин кудурети менен эл арасында жашайт. Алсак, «Манас» эпосу миң жыл жашап, эл тагдырынын ысык-суугун, ачуу-таттуусун, өз тулкусуна сиңирген. Биз эне тилдин тазалыгын жана көөнөрбөс байлыгын дал ушул океандай чалкыган кыргыз элинин көркөм кенчинен көрөбүз.