Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Цистит деген эмне

Баш барак | Медицина | Цистит деген эмне

Бул макаланы окуп жатсаңыз "цистит деген эмне" атуу суроого жооп издеп келгендирсиз? бул суроого жооп берүүгө аракет кылалы. Цистит кандай оору? Цистит бул табарсык былжыр челинин сезгенүүсү. Цистит бул жазгы оору деген ишим бар. Мында өзүнүн чындыгы бар. Дал ушул жазында адамдар жеңил кийинишип, суук тийип, оорунун симптомдору пайда болот. Бирок негизинен цистит менен каалаган мезгилде ооруп калуу мүмкүн. Көп учурда аялдар оорушат. Аял затынын денесинин анатомиясы башкачараак болуп, ооруларга көбүрөөк кабылат. Аялдардын зара чыгаруу каналынын узундугу 4см болуп, жанында эле бактериялык резервуарлар жайгашкан - жатын жана жоон ичеги. Цистит эмнеден пайда болот? Циститтин козгогучу - бактериялар, тагыраак айтканда ичеги таякчалары (кишечные палочки), стафилококк жана башкалар. Шартка ылайык ичеги таякчаларына 90% цистит келет. Түздөн-түз табарсыктын былжыр чели микроорганизмдердин таасирине туруктуу келет, ошондуктан табарсыкка оору алып келүүчү бактериялардын кирип кетиши оорунун өрчүүсүнө жетишсиз. Оорунун башталышынын себеби жатындын микрофлорасынын бузулушу, ошондой эле кичине жамбаштын кан менен камсыз кылуусунун бузулушунда, анын ичинде табарсык стенкасы. Мунун себеби вирустук инфекциялар, организмдин резистенттигинин төмөндөшү, витаминдердин жетишсиздиги, чарчоо, даарыларды көп ичүү жана операциянын себептери да булушу мүмкүн.

>

Циститтин белгилери
Цистит оорусун башка оорулар менен алмаштырып алуу оор, анткени ал мүнөздүү симптомдорго ээ. Алардын ичинде - тез-тез зара ушатуу жана ушатуу учурунда ооруксунуу. Аны менен бирге заранын өңү бозомтук тартып калат. Зара кылгандан кийин дагы бир нече убакыт ооруй берет. Катарда температуранын субфебрилдик көтөрүлүүсү байкалат (узак убакытка дейре температура көтөрүңкү болуп), бул пиелонефритке дагы мүнөздүү. Сезгенүү зара чыгаруунун өйдөңкү жана ылдыйкы каналдарында болот. Табарсыктан өйдө жайгашкандын баарысы өйдөңкү каналдар. Температуранын болуусу, белдин ооруусу өйдөңкү каналдардын сезгенүүсү жөнүндө кабар берет. Башкача айтканда пиелонефрит. Пиелонефритти уретрит же цистит менен алмаштыруу болбойт, анткени бул зара чыгаруучу каналдын сезгенүүсү эмес. Макалабыздын темасы "цистит деген эмне" болгондуктан оорунун бегилерин баарыбыз билип алсак ашык болбос.

Цистти аныктоо (диагностика)
Диагностика анамнездин (бейтаптын оору тарыхы, жашоо шарты, ооруп айыккан оорулары ж.б.). Кээде зааранын макро жана микроскопиялык анализин колдонушат, ошондой эле УЗИ, инфекциянын козгогучуна куюуу колдонулат. Цистит болгондо лейкоцитоз пайда болот (лейкоциттердин санынын көбөйүшү). Зааранын анализинде микроорганизмдер байкалат.

Даарылоо
Ооруну даарылоо комплекстүү болушу зарыл. Даарылоо учурунда төшөк режими сакталып, жылытуучу компресстерди колдонуу сунушталат. Диетада специйлер, ачуу тамактар жок болушу керек. Сүт жана өсүмдүк азыктарын пайдалануу жакшы. Цистит дарылоо, дарылоонун фармакологиялык каражаттарын айтсак - биринчиден антибиотектер (амоксициллин, ципрофлоксацин, цефаклор, цефтибутен и т. д.). Типтүү эмес (атипичный) учурларда вильпрафен, эритромицин, кларитромицин дарылары колдонулат. Антибиотиктерди кабыл алуу убактысы - жок дегенде бир жума. Ошондой эле брусника жана толокнянка тундурмалары сунушталат. Профилактика максатында суукка урунбоо, жылуу кийинүү жана оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дарылануу сунушталат. Мүмкүн болсо, менструация убагында томпондорду колдонуунан баш тартуу же тез-тез алмаштырып колдонуу жакшы.

Өзүңөздү-өзүңөр дарыланбагыла, ооруканага кайрылыңыз, өзүн-өзү дарылоо ден-соолукка эки эсе зыян! "Цистит деген эмне" - цистит бул оору, деги эле бардык оорулар дарыгерлердин көзөмөлүндө жүрүүсү шарт. Жылуу кийиниңиз, ден-соолукта болуңуз. Ал эми цистит жонундогу макалабыз ушундай болду. Кыргызча дайындаган Калмырзаева Ш.

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 16421, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу