Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Цирк - ал эмне, цирк жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Цирк - ал эмне, цирк жонундо маалымат

Цирк деген эмне? Цирк - эң байыркы өнөрлөрдүн бири. Эзелки мезгилдерде эле майрам күндөрү Египет, Греция, Индия, Кытайдын шаарларынын аянттарында акробат, дарчы, коз боочу, чабандес, жонглёр, жаныбар үйрөтүүчүлөр оюн көрсөтүшкөн. Бул байыркы сүйүктүү оюндары ушул күнгө чейин сакталып келди. Мына, аянтка зор фургондор токтотулуп, жүктөр түшүрүлө баштады. Көптөгөн узун түркүктөр орнотулуп, үстүнө брезент тартылып, даяр болгон көчмө цирк имаратында - шапитодо музыка ойнолуп, кол чабуулар угулуп жатты.

Бирок көчмө цирк канчалык кичине болбосун анын аренасынын чоңдугу борбордогу эң чон цирктердикиндей эле - диаметри 13 м. Дүйнөдөгү бардык цирк аренасы бирдей өлчөмдө болот. Ошондой эле аренанын тегерек болушу да бардык цирктерге тиешелүү. Эмне үчүн мындай? Себеби бир кезде бардык цирктердин программасынын көпчүлүк бөлүгү атайы машыктырылган аттардын, чабандестердин оюнуна тиешелүү болгон. Ал эми аттарды аренанын ар түрдүү өлчөмүнө жараша кайра машыктыруунун ордуна бардык аренанын бирдей болушу ишти жеңилдетет.

Бүткүл өмүрүн араба менен кыдырып өткөргөн цирк труппалары да болот. Буларды цирк деп да атап коюшат. Көчмө цирктен башка дайыма иштөөчү туруктуу - стационар цирктер да бар. Кыргыз элинин улуттук оюндарында цирк өнөрүнүн айрым элементтери эзелтен эле болгон. 1962-жылы Кыргыздын биринчи цирк труппасы уюшулган, азыр ал өз алдынча туруктуу коллективге айланды. Цирк жонундо маалымат ушундай.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-07-17, Көрүүлөр: 4685, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-07-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо