Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Барсбек

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Барсбек

Көгмөндү байырлаган кыргыздар VI кылымдын аягында Барсбекти хан көтөрүштү. Барсбектин бабалары Теңир Атага, Умай Энеге тегиз сыйынган тектүү жердин тукумунан Умай бег деген уруудан чыккан. Атасынан жаштайынан төрт бир туугандары менен жетим болуп, зиректигинен, тыңдыгынан калкка аралашып, баатырдык ариби өсүп, эрте жетилген, эл оозунда болгон эр болчу.

Ал Миң өзөнгө тайган агытып, бүркүт салып, салбуурундап жер безип көңүл ачканды жактырган. Энесайлык кыргыздар эл (мамлекет) башчысына элтөбөр, ажо, тегин, каган деп атап, наам беришкен. Кыргыз санжырасы боюнча сыдырып келсек, "бөрү жатындашын жамандыкта таштай качат, барс боордошун таштабай чогуу өлөт" деген кыргыздар "Барсбек" хан шайланганда атын өзгөртүп ардак наам ыйгарган.



"Барсбек" саны кеткен кыргызды сай-сайдан таап, куну кеткен кыргызды кыр-кырдан издеп чогултуп, элдин башын кошкон, жоодон жалтанбаган, кылычынан от жанган, ажарынан нур чачкан алп баатыр эле. Чыгыш-Батышта эч кимден жалтанбаган түрк билермандары Барсбекке Ынанчу Алп Билге деген даража ыйгарышкан. Мунун артында кыйдылык бар эле. Биринчиден, түрктөр кыргыздан чочулашып, экинчиден энесайлык кыргыз кагандарын айла-амал менен Таң империясына сокку урууга үгүттөгөн. Акылман кыргыз каганы бул азгырыкка көнбөдү. Кыргыздардын эрдигине Таң империясы ыраазы болгон. Байыркы Кытайдын тарыхый жазмаларында ("Жалпы хансу кыргыздарда") кыргыз эли жөнүндө мындай маалымат беришкен: "Кыргыздардын жери жазда суулуу болуп, кышта калың кар каптап жатат. Барып-келиш өтө кыйынга турат... Элдери тоо таянып конуш алган. Алп денелүү, кызыл жүз, коңур чач, көк көз келишет.



Адамдары өтө баатыр келип, конушуна элдер коркунуч ичинде турушат... Кундуз, суусар кийим кийишет. Тамакты колу менен жешет, салт-санаасы негизинен түрктөр менен окшош..." Көгмөн Тоо (Көкмөл тоо) жарыктык кыргыздардын бак-таалайына бүткөн, арашан суусу мол, кышкысын жылуу, жайкысы салкын, тоосунда тоодак, аркар, кулжа, бугу жайылып, чер-токоюнда кушу сайраган, кундуз, кишке толгон, көлүндө өрдөк, каз, аңыр уялаган, зоокасында кийиги чубаган, суусунда балыгы шыкалган, бейиш жер эле. Эли Көгмөн (Көкмөл) жайыгын Жашылтоо деп аташкан. Көгмөн капчыгайын өрдөгөн жалгыз гана жол кетчү. Жолоочу өзөндү чытырман токойду аралап, кыйма-чийме суу кечип, аскага арчадан жасалган асма жолдон атын араң жетелеп өтүп, ажайып жайыкка туш келчү. Жайык Көгмөндүн жайылган төрү кош алакандай, уч жагы айлампа, бийик зоолор менен тосулуп, Темир капка аталчу. Мергенчилер билген бир гана ашуу болгон. Кышкысын Көгмөнгө келчү өзөндүн жолу жабылаар эле. Тоо башындагы ак кар, кек муз жазында эрип, суу кирип, анан тартылганга чейин кишилер катташпаган.



Көгмөн кыргыздар кышында санаасы тыңгылыктуу болуп, тай союп, кара таруудан бозо салып, кымыздан тарткан шарабын ичип, күрүч көжө жеп, өздөрү эккен буудайын моло ташка бастырып, тегирменге тарттырып, нанын чайнап, балык тутуп, токчулук баскан эл тойлоп, устал ар жаандан кийин жер бетине агылып түшкөн темирден өткүр жоокер куралын жасап, келерки жайдын камын көрүп, эч капарсыз чардап жатчу.

Жайгаштыруу: 2017-08-15, Көрүүлөр: 714, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо