Cилер билесинерби? Кыргыздардын ата-бабалары жердеген Енисейдин боюнда орто кылымдарда күчтүү Кыргыз мамлекети өкүм сүргөн. Ошол мамлекетке 8-кылымдын башында Барсбекти хан (ажо) көтөрүшкөн. Барсбек атасынан жаштайынан төрт бир тууганы менен жетим калып, өзүнүн зиректигинен элге аралашып, баатырдык даңазасы өсүп, эрте жетилген, эл оозуна кирген эр болгон. Анын тушунда кыргыз элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип турган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандары Барсбекти өзүнө ийитүү максатында оболу анын бийлигин таанышкан жана Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка беришкен.
Барсбек түрктөргө каршы табгачтар, чик, аз уруулары менен согуштук ынтымак түзгөн. Бирок түрктөрдүн Тоң-Йокук жана Күлтегин баштаган кошууну озунуп, бул ынтымактын өкүлдөрүн бириндетип талкалоону көздөшүп, 710—711-жылы кышында алар Когмен (Саян) тоосун ашып, кыргыздарга капысынан кол салат. Суңга деген чер токойлуу жердеги салгылашууда Барсбек өзү кол баштап, баатырларча курман болгон. Енисей Кыргыз кагандыгы убактылуу Экинчи Түрк кагандыгына баш ийип калган. Барсбектин курман болушу жана кыргыз ордосунун чабылышы эл үчүн абдан оор кайгы болгон.
Эл өзүнүн сүйүктүү жол башчысына болгон урматын, жоктоосун, арманын ушул күнгө чейин сакталып калган Барсбекке арналган эпитафияга (таш бетине чегилген жазуу) калтырган.