Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балалык жөнүндө ырлар жыйнагы

Баш барак | Адабият | Балалык жөнүндө ырлар жыйнагы

Чакан балалык жөнүндө ырлар жыйнагы, ошондой эле бөбөктөргө арналган ырлар менен ушул макаладан таанышсаңыздар болот. Ошондой эле силер дагы өз ырларыңардан бул жыйнакка кошууга мүмкүн, ал үчүн жөн гана пикир жазуу формасына жазып коюңуз.

Бакыт каалайм ушул күнү бөбөктөргө,
Сүйүктүүлөр, кымбаттуулар, чүрпөлөр.
Жаркыраган күнүбүз тийсин дайым силерге,
Жакшы маанай курчап турсун ар дайым.

Биздин бермет, биздин үмүт бөбөктөр,
Күнү-түнү балам деп жашап келет апаңар.
Кыткылыктап күлгөнүңөр жылмайып,
Дайым майрам, дайым жыргал биз үчүн.

1-июнь — коргоо күнү балдардын,
Кубанышсын балдарыбыз бул күнү.
Балалыктын даамын таткын бөбөгүм,
Ишке ашсын максаттарың, ойлоруң.

Кыялдарды, кичинекей дүнөнү,
Сактап турат ата-энеси, чоңдору.
Кубаттуу, күчтүү, акылдуу,
Болгула деп айтып турат ойлорду.

Таалайлуу болсун ар бир күн,
Күлкүгө болсун ар бир үн.
Жарыктыкты, тынчтыкты,
Биз каалайбыз күнү-түн.

Куттуу болсун майрамың,
Келечегим, үмүтүм.
Шаттык, сүйүнүч, кубаныч,
Курчап турсун бүгүнкү күн.

Күн жаркырап асманда,
Күлкү угулат ар таңда.
Өсө бергин балакай,
Айкөл болгун Манастай.

Өзгөчө экен бүгүн күн,
Бөбөгүмдүн күнү экен.
Жылмайып кой балакай,
Бүгүн баары сен үчүн.

Бала гүлү жашоонун,
Гүлдөп турсун күнүңөр.
Орундалып кыялдар,
Ишке ашсын максаттар.

Кагылайын жан балам,
Каалайм сага ырыскы.
Атаң мене апаңдын,
Боло бергин ардагы.

Оңунан тийип күн нуру,
Ойлогонуң орундалсын ар күнү.
Балалыгың бай болсун,
Ата-энең муну колдосун.

Күн нурундай жаркырап,
Маанайың турсун жалтырап.
Желесиндей күнүмдүн,
Түстүү болсун көргөнүң.

Оюн-күлкү шат менен,
Күндө өтсүн күнүңөр.
Жүрөктөгү шамыңар,
Жалындасын балбылдап.

Бакыт-таалай балдарга,
Кубаныч-күлкү балдарга.
Келечек силерде чүрпөлөр,
Үмүт дагы балдарда.

Көбүрөөк жылмай апаңа,
Жылмайып турсун апаң да.
Бирге батып бактыга,
Кетпесин күлкү мындан да.

Кыялдарга батасың,
Кызыктын баарын ачасың.
Чоңойгондо болом деп,
Чоңойгонго шашасың.

Билгиң келет баарысын,
Онюга качан тоесуң?
Ойно, үйрөн балакай,
Жашооң болсун оюндай.

Гүл бересиң апаңа,
Суроо бересиң атаңа.
Чоңоё бер алтыным,
Дилгир болгун жакыным.

Көчөгө чыгып ойнойбуз,
Күн батканда тынабыз.
Терип келип гүлдөрдү,
Белек кылып турабыз.

Каникулга чыгабыз,
Эс алабыз, жыргайбыз.
Экскурсияга чыгабыз,
Жыргап, куунап, ырдайбыз.

Айылга барып келебиз,
Чоң атам бар айылда.
Тоого чыгып келебиз,
Чоң энем бар айылда.

Булуттар учат асманда,
Көл бетине чагылат.
Балалыктын элеси,
Эс алууда табылат.

Сүйүнүшкөн бөбөктөр,
Сууга чуркап жүгүрөт.
Балалыктын күндөрү,
Суудай агат күн карап.

Балалык бакыт-таалай тапкан кез,
Жашообузда жалгыз келген бул кербез.
Каткырып-күлүп, оюнга канча батсак да,
Баарыбир бул нерсеге тойбогон кез.

Балалык канттай ширин мезгилим,
Ушул мезгил сонун менин курагым.
Жашоо биздин өзү чиркин жомоктой,
Эң таттуусу балалыктай кайда бар.

Достор, бул чакан жыйнакка өзүңөр жазган балалык жөнүндө ырларыңар болсо кошуп кетсеңиз болот. Ал үчүн пикир жазуу формасына жазып коюңуз.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-05-31, Көрүүлөр: 690, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-06-08, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу