Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңдын ботаникалык жана биологиялык өзгөчөлүктөрү

Баш барак | Бадыраң өстүрүү | Бадыраңдын ботаникалык жана биологиялык өзгөчөлүктөрү
Бадыраңдын ботаникалык жана биологиялык өзгөчөлүктөрү

Бадыраң - бир жылдык чөп өсүмдүгү. Анын баштапкы чыккан жери - Индия, Бирма жана Индонезиянын тропикалык зоналары. Бадыраңдын сабагы - төшөлүп өскөн, бутактанган лианалар сыяктуу, кырдалган жана түктүү болот. Сортуна жана өсүү шарттарына карата негизги сабагынын узундугу 50-80см ден 2 метрге чейин же андан да көп болот. Гүлдөрү (эркек жана ургаачы) жыныстуу. Эркек гүлдөрү жалбырактын боштуктарында жайгашып, топ гүлдөгдү, ургаачы гүлдөр жалбырактын боштуктарында, көбүнчө каптал жагындагы жаш бутактарында бир-бирден (чанда эле 2-3төн) жайгашат. Бадыраң өзгөчө кайчылашып чаңдантылган өсүмдүк.

Жайгаштыруу: 2016-05-29, Көрүүлөр: 863, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу