TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Бадыраңдын ботаникалык жана биологиялык өзгөчөлүктөрү макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бадыраң - бир жылдык чөп өсүмдүгү. Анын баштапкы чыккан жери - Индия, Бирма жана Индонезиянын тропикалык зоналары. Бадыраңдын сабагы - төшөлүп өскөн, бутактанган лианалар сыяктуу, кырдалган жана түктүү болот. Сортуна жана өсүү шарттарына карата негизги сабагынын узундугу 50-80см ден 2 метрге чейин же андан да көп болот. Гүлдөрү (эркек жана ургаачы) жыныстуу. Эркек гүлдөрү жалбырактын боштуктарында жайгашып, топ гүлдөгдү, ургаачы гүлдөр жалбырактын боштуктарында, көбүнчө каптал жагындагы жаш бутактарында бир-бирден (чанда эле 2-3төн) жайгашат. Бадыраң өзгөчө кайчылашып чаңдантылган өсүмдүк.