Аутэкология — экологиядагы айрым организмдердин айлана-чөйрө менен өз ара байланышын изилдөө аркылуу түрлөрдүн таралышын жана санын түшүндүрүүгө аракет кылган ыкма жана экология илиминин бөлүмү.
Популяция чөйрөсү жана көптөгөн организмдерден турган экосистемалардын карым-катнашын изилдеген демэкология жана синэкологиядан айырмаланып, аутэкология физиология менен жеке организмдердин кошулган жерин же байланыштарын изилдейт.
Бул термин учурда эскирген деп саналып (Odum, 1959), бөлүмдүн предметин демэкологиядан айырмаланбайт деп божомолдошот.
Аутэкологиялык ыкма жамааттар экологиясынан (синекологиядан) да, популяциялык экологиядан да айрым жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн же башка организмдердин түрлүк спецификалык адаптацияларды кеңири таануу менен, ошондой эле, жыштыктан көз каранды болгон түрлөрдүн жайылуусуна айлана-чөйрөнүн таасири менен айырмаланат.
Аутэкологиялык теория түрдүн географиялык таралышы менен жандыктардын айлана-чөйрөгө болгон түрдүк спецификалык талаптарын жана чыдамдуулугун байланыштырат, ошону менен бирге, жашоосунун жок дегенде бир циклинде миграция мүмкүндүктөрүнө ээ болуп, жандыктар ылайыктуу шарттарды көзөмөлдөшүп турат. Аутэкология эволюциялык теорияда бекем негизге ээ, анын ичинде үзгүлтүктүү тең салмактуулук теориясы жана түрлөрдү таанып-билүү концепциясы.
Аутэкология 19-кылымдын аягында немис талаа ботаниктери тарабынан иштелип чыккан. XX кылымдын өтүшүндө аутэкология негизинен колдоочу теориясы бар илим эмес, баяндоочу илим катары жашап келип, аутэкологиялык ыкманын белгилүү жактоочулары Герберт (Herbert Andrewartha) жана Чарльз Берч (Charles Birch) болгон, алар жыштыктан көз карандысыз түрлөргө, процесстерге багытталган экологиялык изилдөөлөргө басым жасоо менен кайрылганда, аутэкология терминин колдонуудан алыс болууга аракет кылышкан. Аутэкология үчүн теориялык түзүмдү чыгаруудагы көйгөйлөрдүн бөлүгү, өзүнчө түрлөрдүн өзүнүн жашоо тарыхында жана өзүн алып жүрүүсүндөгү уникалдуулугунда болуп, бул түрлүк деңгээлде биологияны изилдөөдө маанилүү маалыматты жоготпостон кеңири жалпылоолорду өткөрүүнү татаалдантат. Акыркы убакта Патерсондун түрлөрдү таануу (аныктоо) концепциясы жана организмдер тарабынан жашоо чөйрөсүн көзөмөлдөө концепциясы ортосунда алга жүрүш байкалган. 2014-жылы аутэкологиянын теориялык түзүмүн чыгаруунун соңку аракети экологдор Гимм Уолтер жана Роб Хенгевельд тарабынан жарыяланган.
Аутэкологиялык теория биологиялык түзүлүштүн эң маанилүү бирдиги катары түрлөргө көңүл бурат, анткени, белгилүү бир түрдүн бардык популяцияларындагы жандыктар алардын экологиясына таасир эткен жалпы түрлүк адаптацияга ээ. Бул, өзгөчө, көбөйүүгө таандык, анткени, жыныстык түрлөрдөгү жакдыктар потенциалдуу өнөктөштөрүн таанып-билүүдө уникалдуу адаптацияларга ээ болуп (мисалы, камкордук ырлары, феромондор), уруктандыруунун жалпы механизмдери бар, а бул бардык башка түрлөрдүн механизмдеринен айырмаланып турат. Түрдү кайчылаш жупташууда стерилдүүлүгү боюнча аныкталган, аллопатриялык түр калыптандырууда жаңы түрдү уруктандыруу механизминдеги башка чөйрөгө айкалышуу үчүн адаптивдик өзгөрүүлөрдүн натыйжасы гана болуп, түрлөрдү аныктоо концепциясы биологиялык түрлөр концепциясынан (же обочолонуу концепциясынан) айырмаланып турат.
Түрдүн бүткүл ареалынын жандыктары шартка ылайык, алардын тамактануу жана жашоо чөйрөсүнө болгон талаптарынын, ошондой эле, алар көтөрө алган айлана-чөйрө шарттарынын диапазонундагы көз карашында салыштырмалуу бир тектүү. Ушундан улам булар башка түрлөдөн айырмаланып турат. Түрдүн жандыктары, ылайыктуу жашоо чөйрөсүн таануу үчүн өзгөчө сенсордук адаптацияларына дагы ээ. Мезгилдик өзгөрүүлөр жана климаттын өзгөрүүлөрү, түркүм үчүн ылайык келген чөйрөнүн мейкиндиктик жана/же мезгилдик бөлүштүрүүсү да өзгөрөт дегенди билдирет. Жооп катары организмдер ылайыктуу шарттарды байкап турушат, мисалы, туура келген чөйрөдө калуу үчүн, буга ташка айлангандардын жылбаянында күбөлөр бар. Белгилүү бир түркүмдүн талаптарын жана мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен анын конкреттүү айлана-чөйрөгө кандай реакция жасаарын алдын ала айтууга болот.
Эгер айлана-чөйрөдөгү жандыктардын жогорку же төмөнкү тирүү калуусун чакырган өзгөрүү мезгили жаңылануунун кайрадан жаңылануу деңгээлинде турукташканга чейин популяцияны өсүүгө же кыскарууга мажбурлабаса, популяция болжолдуу жаңылануу деңгээлинде жаңыланып тураарын аутэкологиялык теория алдын-ала айтып бере алат. Популяция саны жырткычтар тараптан басым жасоосунан азайышы мүмкүн, мисалы, балык улоону начар көзөмөлдөө же инвазивдик түрлөрдү башкаруу үчүн биологиялык күрөшүү агентин киргизүүдө, ошондуктан, R0 (R0 — эпидемиологияда базалык репродуктивдик санды белгилөөчү символ) репродуктивдик мумкүндүгү жаңылануу деңгээлинен төмөндөп кетет. Ар бир учурда эле аңчылыкка кабылган түрлөр, жогорку трофикалык деңгээлдеги жандыктар түрдүн жайгашкан жерин аныктоого татаал болгондо популяциянын төмөнкү жыштыгында да турукташышы мүмкүн, бирок, ошол маалдагы жырткычтыктын азаюуусу популяциянын санына анча таасир этпейт, анткени, жандыктар жогорку трофикалык деңгээлди киргизгенге чейин жогорураак жыштыкта болуп, алар ордун басуу деңгээлинде көбөйүүсүн уланта берет.
Зыянкечтер — маданий (айдоо) өсүмдүктөргө экономикалык зыян келтирүүчү жаныбарлар же агенттер. Зыянкечтер менен күрөшүүгө, зыянкечтер тарабынан айдоолорго алып келүүчү зыянды көзөмөлдөө же минимизациялоочу технологиялар жана ыкмалар кирет. Зыянкечтерге каршы күрөшүү химиялык, механикалык, биологиялык же комплекстүү ыкманы камтышы мүмкүн. Зыянкечтерге каалаган эффективдүү программаны колдонуу үчүн зыянкечтердин конкреттүү түрлөрү жөнүндө бардык маалыматтарды билүү өтө маанилүү. Зыянкечтин экологиясын атайын изилдөө ага каршы күрөшүү боюнча керектүү маалыматтарды берет.