Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ашпозчунун же тамак-аш жасаган кишинин өздүк гигиенасы

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Ашпозчунун же тамак-аш жасаган кишинин өздүк гигиенасы

Тамак жасаган киши таза идиш, иш куралдары, сүлгүлөр жана кол аарчылар менен пайдаланбастан, өздүк гигиенанын эрежелерин колдонот, анткени адамдын терисинде, кийим - кечегинде микробдор жашайт. Тамак-ашты үй-бүлөдө көбүнчө айымдар жасашат, ошондуктан башка мүчөлөрдүн астында анын жоопкерчилиги чоң болгон соң, убагында жуунуп, киринип, эшиктен, дааратканадан келгенден кийин, чийки азыктарды кармаганда ж. б. колду самындап жуушу зарыл. Ошону менен бирге кийими таза болушу тийиш, кийимди тез жууп турганга караганда тагынган алжапкычты жууш жеңил. Ошондуктан тамак жасагандын астында фартук тагынып, башка жоолук салынса дурус. Жоолук тамак-ашка чачтын түшпөшүнө тоскоол болот, ошону менен бирге жоолук чачты мештин ысык илебинин терс таасиринен сактайт. Тамакты даярдаган айым төмөнкү эрежелерди эсинен чыгарбаса, анда жасаган тамагы үй-бүлө мүчөлөрүнө жагымдуу жана пайдалуу болот.1.Тамак даярдаардын алдында аш үйдү, өзгөчө жумуш ордун ирээттеп тазалайт.2.Башына жоолук салынып, астына алжапкыч тартынат.3.Колун самындап жууйт.4.Иш үстүндө колу бирдемеге булганса, аны жууп сүртөт.5.Колду кесип же тытып алса, жараканы таза суу менен жууп тегерегине йод тийгизип коюп толук сакайганга чейин ачык алып жүрбөйт.6.Тамак жасаганда саатты, сөйкөнү, шакекти чечет.7.Тамактын даамын көрүү үчүн таза табак жана таза кашык колдонот.8.Кереги жок тамак-ашты кармабайт.9.Тамактын үстүнө чүчкүрбөйт, жөтөлбөйт.10.Сасык тумоо, ич өткөк менен ооруганда, жүрөк айланганда же кусканда тамак-аш даярдоого болбойт.11.Тамак жасаганда салынган жоолук, тартынган алжапкыч менен дааратканага барбайт. Тамак даярдаган киши өздүк гигиенаны бекем сактайт. Жарааты бар колу менен тамак-ашты кармабайт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 1804, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу