Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Апостроф

Баш барак | Башкалар | Апостроф

Апостроф (байыркы грек ἀπόστροφος сөзүнөн, французча apostrophe — «артты караган») — тамга деп саналбаган сап үстүндө турган үтүр, штрих же башка каалаган жазуу түрүндөгү орфографиялык белги. Түрдүү тилдерде ар кандай мааниде тамга жазууларында колдонулат.

Мазмуну
Апостроф
Апостроф
Аталышыапостроф, англисче: apostrophe, right single quotation mark
ЮникодU+0027, U+2019
HTML коду' же ', ’ же ’
UTF-160x27, 0x2019
URL коду%27, %E2%80%99
Мнемоника' - ', ’ - ’

Байыркы грек тили

Байыркы грек тилинде апостроф катары элизия белгилениши мүмкүн, башкача айтканда кийинки сөздүн баштапкы үндүүсүнүн алдындагы аркыркы кыска үндүүсүнүн айтылбастыгы. Мындай апостроф кылдат дем менен чыккан (псили) белгиден айырмаланбайт, бирок, акыркысынан айырмаланып, тамганын үстүнө эмес элидацияланган үндүүнүн ордуна коюлат. Апостроф деп кылдат үн чыгаруу менен оор басым жасоо белгилеринин кошулуусу дагы айтылат.

Кыргыз тилинде

Кыргыз тилинде апостроф кийинки учурларда колдонулат:

Башка тилдерде

Орус тилинде

Орус тилинде кийинкидей учурларда колдонулат:

Башка тилдер, транскрипциялык системалар

Тилге жана апострофдун аткарган ролуна жараша бул белги тыныш белгилерге, диакритикалык белгилерге жана башка категорияларга таандык болушу мүмкүн (ал гана эмес тамгаларга дагы). Апострофтун кээ бир колдонулуштары:

  1. Көптөгөн тилдерде үндүүлөрдү өткөрүп жиберүүнү билдирет:
    • французча мүмкүн эмес болгон le homme ордуна l'homme,
    • англисче I am толук вариантынын ордуна I'm,
    • осетиндик мӕ ӕфсымӕр толук вариантынын ордуна ме 'фсымӕр,
    • сербияча онамо, онамо ордуна онамо, 'намо (Черногориянын эски гимнинде) ж. б.,
    • валлияча dw i yn hoffi толук вариантынын ордуна dw i'n hoffi.
  2. Англис тилинде жазууда оозеки сөздүн үндүүлөрүн түшүрүп айтуу сезимин, ошондой эле үнсүздөрдүн, ал гана эмес «үнсүз + үндүү» үндөрдүн ыраатын берүүдө колдонулушу мүмкүн. Give them a try ордуна Give 'em a try (Аларга мүмкүндүк бер), he will... ордуна he'll quit Bishkek (Ал Бишкектен кетет), she would have said ордуна she would've said же she'd have said (Айтса болмок). Апострофту ing менен аяктаган сөздөрдө колдонуунун өзгөчө учуру кызык, мында акыркы үн [ŋ] эмес [n] катары окулушу керек: replacing жана of ордуна колдонулушу I spent most o' the day replacin' the broken bit…
  3. Ошондой эле, апостроф англис тилинде таандык жөндөмө орфографиялык айтылыш болуп саналат (көптүк сандагы окшош формаларды айырмалоо үчүн): cats «мышыктар», cat's «мышыктын, мышыктыкы; мышыкка таандык», cats' «мышыктыкы; мышыктарга таандык».
  4. Англис тилинде сөздөрдүн транскрипциясында басым жасоо жерин көрсөтүүдө
  5. Крым-татар тилинде (латын графикасынын варианттарынын биринде) апостроф ичкертүү белгисинин ролунда пайдаланылат (мисалы: бугунь — bugun', кочьмек — koç'mek).
  6. Азербайжан тилинде апостроф 2004-жылга чейин эки максатта колдонулган: 1. үндүүдөн кийинки жана үнсүздүн алдындагы абалда үндүү үндү узарткан. 2. араб тилинен өткөн сөздөрдө үнсүздөн кийинки жана үндүүгө чейинки абалда бул үндөрдү так айтуу максатында бөлүп турган. 2004-жылы жокко чыгарылган.
  7. Немец тилинде [s] үнү менен аяктаган сөздөрдө илик жөндөмөнүн орфографиялык туюнмасы саналат (атоочтон айырмалоо үчүн): Marx «Маркс» — Marx' «Маркстыкы, Маркска таандык». Ошондой эле, оозеки сүйлөөнү берүүдө ооз көңдөйү аркылуу өткөн үндү көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн, мисалы, ырларды жаздырууда.
  8. Нидерланд тилинде кээде 't кыскартуусу колдонулат, ал het артиклын белгилейт. Үндүүлөр менен бүткөн зат атоочтордун көптүк саны жекелик сандагы сөзгө 's кошуу менен калыптанат. (бирок, бул эрежеде четтөөлөр да бар): opa's (opa — чоң ата), baby's (baby — ымыркай), auto's (auto — унаа). Зат атоочтордун таандык жөндөмөсу да 's кошуу менен калыптанат.
  9. Македония тилинде кээ бир сөздөрдүн диалекттик варианттарында нейтралдуу үндүү үндү белгилейт (мисалы: стандарттык саклет, касмет ордуна с'клет, к'смет), же сөздүн башындагы муун калыптандыруучу [р] көрсөтөт ('рѓа, 'рж, 'рбиново).
  10. Эсперанто тилинде апостроф жекелик сандагы атооч жөндөмөсүнүн зат атоочунун акыркы үндүүсүнүн элизиясын белгилөөдө, ошондой эле «la» артиклын кыскартууда колдонулат (мисалы, «la koro» ордуна «l' kor'»).
  11. Транскрипцияда кекиртек байланышын берет (семит жана башка тилдерде), ушул эле ролдо ненец тилинин орфографиясында колдонулат (ошону менен бирге тамга деп да саналат).
  12. Вепс жазмасында алдыдагы үнсүздүн жамшартылышын билдирет; славян жана кээ бир башка тилдердеги фонетикалык транскрипциясында үнсүздөрдүн жумшартылышын туюнтат (жана фактылык жактан ошону менен бирге диакритикалык белги саналат); чех жана словакия жазмасында дээрлик тамгага жабышып калган апостроф белгиси «гачек» белгисинин графикалык варианты саналып (тамга үстүндөгү чымчыкча «ˇ») жумшак үнсүздөрдүн «бийик» тамгалар курамына кирет, мисалы, Ľ жана ď.
  13. Кээ бир латын тажрыйбалык транскрипция системаларында жана кириллицаны транскрипциялоодо апостроф (же бурчтук мүнөттөрдү белгилөөдөгүдөй түз штрих) жумшартуу (же ичкертүү) белгисин билдирет (ал эми ажыратуу белгиси кош апостроф же кош штрих менен белгиленет).

Жазылышы боюнча апостроф менен кээ бир тилдерде (мисалы, англис тилинде) колдонулуучу «жабуучу жекелик тырмакча» тыныш белги туура келет.

Эсептөөчү техника

Башка белгилеништери

Апостроф кээде жылды кыскартып эки цифра менен жазууда алардын алдына коюлат (мисалы, 2022 ордуна '22), шартка ылайык жылнаамаларда жана түрдүү жыл сайын өтүүчү иш-чараларда колдонулат. Ошондой эле, географиялык координаталарды көрсөтүүдө жазылат (мисалы, Бишкек шаарын координаталары; 42°52' түндүк кеңдик 74°34' чыгыш узундук; 42°52' түн. кең. 74°34' чыг. уз.).

Апострофтун жана ага окшош символдордун коддору

Типаграфиялык апостроф

Апострофту типографиялык жактан адекваттуу билдирген бирдей жазылыштагы символдор үчүн юникоддо эки код бар:

Түрдүү 8 биттик кодировкаларда бул символдор ар кандай коддук абалдарга ээ, ал эми кээде таптакыр ээ болбойт. Акыркы учурунда (жеке апостроф, тырмакч дагы) аларды суррогаттык белгилер менен алмаштырууга туура келет.

Машиналык жазуу апострофу

Эки суррогаттык символ (өз алдынча мааниге алар программалоодо гана ээ болот) Юникоддо дагы, ошондой эле, көптөгөн 8 биттик кодировкаларда да бар, анын ичинде ASCII:

Жакын формадагы белгилер

Адабияттар

Булактар

  1. Unicode
  2. Quotation Marks & Apostrophes
Жайгаштыруу: 2022-11-20, Көрүүлөр: 923, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2022-11-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу