Анафилактикалык шок же анафилаксия (байыркы грекче - каршы коргонуу) - тез, ылдам түрдөгү аллергиялык реакция, аллергенди экинчи жолу алуудагы организмдин сезимталдуулугунун чукул жогоруланган абалы.
ЭОК-10 (МКБ-10)[1] | T78.2 |
ЭОК-9 | 995.0 |
DiseasesDB | 29153 |
MedlinePlus | 000844 |
eMedicine | med/128 |
MeSH | D000707 |
Орточо 10-20% өлүм менен бүткөн дары аллергияларынан пайда болгон коркунучтуу татаалдашуулардын бири.
Анафилактикалык шоктун жайылуу учурлары: жылына 100 миң адамдын ичинен 5 учур. Анафилаксия учурларынын санынын өсүүсү 1980-жылдарда 100 миң адамга 20 учурдан, 1990-жылдары 100 миң адамга 50 учурга чейин өскөн. Мындай өсүү тамак-аш аллергиялык учурлардын көбөйүүсү менен түшүндүрүлөт. Анафилаксияга көбүнчө аялдар жана жаш жигиттер чалдыгат.
Анафилактикалык шоктун пайда болуу ылдамдыгы, аллерген менен байланыштан кийин бир нече секунд же мүнөттөн баштап 5 саатка чейин. Сенсибилизациясы (сезимталдуулугу) жогору болгон бейтаптардын анафилактикалык шоктун өрчүүсүндө доза дагы, аллергенди организмден чыгаруу ыкмасы дагы ролду ойнобойт. Бирок, дарынын чоң дозасы шоктун оорчулугун жана өтүүсүн узартат. Анафилактикалык шок термини бир убакта орус иммунологу Александр Михайлович Безредка жана француз физиологу Шарль Робер Рише тарабынан киргизилген. Шарль 1913-жылы анафилаксияны изилдегени үчүн медицина жана филиология боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгон.
Биринчи себеп катары адамдын оранизмине уунун кирүүсү болгон, мисалы, жылаан чагууда. Акыркы учурларда анафилактикалык шок терапевттик жана диагностикалык кийлигишүүлөрдө көп байлакала баштаган - дарыларды, (пеницилин жана анын аналогдору, стрептомицин, витамин В1, диклофенак, амидопирин, анальгин, новокаин), иммундук сывороткаларды, йод камтыган рентген контрасттуу заттарды колдонууда, аллергендердин жардамы менен териге текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана гипосенсибилитикалык терапияларды өткөрүүдө, кан куюуудагы ката кетүүлөрдө ж.б.
Чагуучу жана тиштөөчү курт-кумурскалардын уулары, мисалы аарылар же канталалар кабылдагыч адамдардын анафилактикалык шокко кабылуусунун себепкери болушу мүмкүн. Макалада баяндалган оорунун белгилери чагуу же тиштөө жеринен башка жерлерде болсо, тобокелдик факторуна кириши мүмкүн. Бирок, анафилаксиядан каза тапкан адамдардын орточо жарымында айтылган белгилер байкалган эмес.
Көптөгөн азык-түлүктөр анафилактикалык шокко алып келиши ыктымал. Бул түздөн-түз аллергенди биринчи тамак-аш менен кабыл алганда болушу мүмкүн. Географиялык абалдан көз каранды болуп, аллергендердин тизмесинде тигил же бул азыктар басымдуулук кылат. Батыш маданияттарда бул жер жаңгак, буудай, жаңгактар, кээ бир деңиз азыктары (мисалы, моллюскалар), сүт же жумурткалар болушу мүмкүн. Жакынкы Чыгышта күнжүт уруктары, Азияда кой буурчак мисал болот алат. Аллергенди жеп алганда оор кырдаалдар жаралышы мүмкүн, бирок көп учурда аллерген менен контакт болгондо реакция пайда болот. Балдарда аллергия жаштын өтүшү менен өтүп кетиши мүмкүн. Мисалы, сүт жана жумуртканы көтөрө албаган балдардын 80% 16 жашка чыкканда бул азыктарды кесепеттери жок кабыл ала алышат. Жер жаңгак үчүн бул көрсөткүч 20% түзөт.
Астма, экзема, аллергиялык ринит сыяктуу оорусу бар адамдар тамак-аш, латекс, контрасттык заттар (дары-дармектер жана курт-кумурскалардын чагуусу эмес) менен анафилактикалык шокко кабылуу тобокели жогору. Анафилактикалык шоктон каза тапкандардын 60% астма менен ооруганын изилдөөлөр көрсөткөн. Ал эми мастоцитоз оорусу барлар жогорку тобокелдик зонасына кирет. Аллерген менен болгон байланыштан кийин канчалык көп убакыт өткөн соң, ошончолук анафилактикалык шоктун пайда болуу тобокели төмөн болот.
Патогенез негизинде тез түрдөгү гиперсезимталдуулук реакция жатат.
Шоктун жалпы жана олуттуу белиси - клеткалар тарабынан кеңири бөлүнүп чыгуучу гистамин жана башка медиаторлордун таасири алдында перифериялык, андан соң борбордук кан айлануунунун бузулуусу менен коштолгон кан айлануунун чукул азаюуусу. Тери муздак, нымдуу жана цианду (көк) болуп калат. Баш мээдеги кан айлануунун азаюуусу менен башка органдарда тынчсыздануу пайда болот, аң-сезимдин караңгылашы, демигүү, зара чыгаруунун бузулуусу.
Анафилактикалык шок негизинен бир нече мүнөттөрдө же саттарда түрдүү белгилер менен пайда болот. Анафилактикалык шоктун өнүгүүсүнүн биринчи белгиси катары организмге аллергендин кирип кеткен жеринин чукул реакциясы - катуу оорутуу, шишүү, курт-кумурска чагып алган же дары сайылган жердин кызаруусу, денеге тез ылдамдык менен жайылган теринин кытышуусу (генерализацияланган кытышуу), артериалдык басымдык чукул түшүп кетүүсү. Аллергенди жеп алганда биринчи белги катары ичтин оорушу, кускунун келүүсү, кусуу, ич өтүү, ооз көңдөйүнүн жана кекиртектин шишүүсү. Эгер дарыга аллергия болсо, дарыны булчуң ичине берүүдө, 10-60 мүнөттөн кийин кабыргалардын алды оорутушу мүмкүн.
Анын артынан кекиртектин шишиши тез өнүгүп, дем алууну чукул татаалдаштырууга алып келген бронхоспазм жана ларингоспазм өнүгөт. Дем алуу татаалдашып, кыркырап, астматикалык деп алууга алып келет. Гипоксия (кычкылтек жетишсиздиги) өнүгөт. Бейтап кубарып, эриндери, көрүнүп турган былжыр челдери, ошондой эле сөөмөйлөрү көгөрүшү мүмкүн. Анафилактикалык шок болгон бейтаптын артериалдык басымы түшүп, коллапс өнүгөт. Бейтап эс-учун жоготуп жыгылып калышы мүмкүн.
Анафилактикалык шок өтө тез өнүккөнүнө байланыштуу, аллерген организмге киргенден баштап, бир нече мүнөт же саатта адамды өлүмгө учуратышы мүмкүн.
Адам анафилактикалык шок болгондо биринчи кезекте чагып алган же иньекция жасалган жерден өйдө жагына жгут коюлуп, тез арада 0,2-0,5 мл 0,1% адреналин эритмеси тери алдына же кан тамырга куюлат. Кекиртектин шишигинин белгилери пайда болгондо 0,3 мл 0,1% адреналин эритмесин (эпинефрин) 10-20 мл 0,9% натрий хлорид эритмесин кан тамырга куюуу сунушталат; преднизолон 1-5 мг/кг кан тамырга же булчуңга (мунун баарын, тажрыйбалуу адис-дарыгер жасашы керек). Курч дем алуунун жетишсиздиги өсө баштаса, тезинен интубация жасоо керек. Трахеянын интубациясы мүмкүн болбосо, коникотомия, трахеостомия же трахеяны эни чоңураак 6 ийне менен пунктирлөө зарыл. Адреналинди берүүнү жалпы 1-2 мл 0,1% эритме дозасына чейин кыска убакыт аралыгында (бир нече мүнөт) кайталаса болот, бирок кандай гана болбосун адреналинди порция менен берүү керек. Андан кийин адреналиндин жарым чыгаруу мезгилин эске алып, артериалдык басым, жүрөк жыйрылуусунун жыштыгы, передозировка белгилерине (тремор, тахикардия, булчуңдардын тартылышы) таянып зарылдык боюнча берилет. Адреналинди передоз кылууга болбойт, анткени анын метоболиттери анафилактикалык шоктун өтүшүн татаалдаштырып жана адренорецепторлорду блок кылышы мүмкүн. Өтө көп берүүдө кан тамырлар айрылып же жүрөк токтоп калышы ыктымал.
Адреналиндин артынан глюкокортикоиддер берилиши керек. Ошону менен бирге анафилактикалык шокту купировкалоочу глюкокортикоиддер дозасы «физиологиялык» дозадан ондогон эсе көп, жана өнөкөт сезгенүү артрит сыяктуу ооруларды дарылоодогу дозаларынан көп эсе чоң болоорун эстен чыгарбаш керек. Анафилактикалык шоктогу глюкокортикоиддердин зарыл болгон типтүү дозалары - метилпреднизолондун 500 мг 1 чоң ампуласы (пульс-терапия сыяктуудай), башкача айтканда 500 мг метилпреднизолон, же 4 мг дексаметазондун 5 ампуласы (20мг), же 30 мг преднизолондун 5 ампуласы (150мг). Азыраак дозалар анча эффективдүү эмес. Кээде айтылган дозалардан көбүрөөк доза зарыл болот, анткени, зарыл болгон доза анафилактикалык шок менен жабыркаган бейтаптын абалы менен аныкталат. Глюкокортикоиддердин таасири, адреналинден айырмаланып, дароо тийбейт, ондогон мүнөттөрдөн же бир нече сааттан кийин болуп, бирок таасири узак болот. Адреналиндин иш-аракетине туруктуу келген бронхоспазмды купировкалоо үчүн эуфиллин (аминофиллин) 20 мл кан тамырга шашпай куюлат, преднизолон 1,5 - 3 мг/кг.
Ошондой эле артериялык басымды түшүрбөгөн жана аллергендик потенциалы жок антигистаминдик дарыларды колдонуу көрсөтүлгөн. 1,-2 мл 1% димедрол же супрастин, тавегил. Дипразинди берүүгө болбойт, ал фенотиазиндин туундусу болуп, жеке аллергендик потенциалга ээ, андан тышкары ансыз деле төмөн болгон артериалык басымды төмөндөтөт. Заманбап көрсөтмөлөргө жараша, хлорид же кальций глюконатын берүү мурд кеңири таралса, учурда колдонууга көрсөтүлбөйт, ал гана эмес, бейтапка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бронхоспазмды алуу, өпкөнүн шишишин азайтуу жана дем алууну жакшыртуу үчүн 10-20 мл 2,4% эуфиллин эритмесин акырындык менен кан тамырга берүү көрсөтүлгөн.
Анафилактикалык шок болгон бейтапты горизонталдык абалда жаткырып тулку боюн жана башын жапыз (түз) коет, бул (төмөнкү артериалдык кан басымдын жана мээнин кан менен жабдылышы төмөн болгонун эске алып) мээнин кан менен жакшы жабдуу максатында жасалат. Гемодинамика жана артериалдык басым көрсөткүчтөрүн калыбына келтирүү үчүн кычкылтек ингаляциясын кылып, кан тамырга физ эритмени тамчылаптып берүү керек.
Анафилактикалык шоктун өнүгүүсүн алдын алуу үчүн потенциалдык аллергендерден алыс болуу зарыл. Аллергиясы бар бейтаптарга (дарыга, азыктарга, курт-кумурскаларга) жогорку аллергендик потенциалы бар дарылардан оолак болуу абзел, же абайлап териге текшерип колдонуу керек. Териге текшерүүдө 15-20 мүнөт деген жарабайт, минимум 24 саат.