Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Алыкул Осмонов маляр

Баш барак | Адабият | Алыкул Осмонов маляр
Маляр (ыр)
АвторАлыкул Осмонов
Дата3-ноябрь, 1948-жыл
ЖериЧолпон-Ата

Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады.
Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,
Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.

Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы,
Кеткенине кубанды уул, атасы.
Ушул адам, ушул эски кийимчен,
Бул дүйнөнүн, үстүндөгү тазасы.

Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды,
Өмүргө кас учкан чаңдар басылды.
Сөздөрү орой, чала кызуу бул адам,
Бул дүйнөнүн асылынын асылы.

Эң кеч жатып, элден эрте тура алган,
Ойлогонун ойдогудай кура алган.
Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам, билбейм неге кур калган?

Кошумча

Маляр — кыргызчасы боёкчу, сырчы, сырдагыч. Имараттарды, түрдүү курулмаларды сырдоочу адам.

Жазуучунун бул ыр саптары абдан популярдуу болуп, Кыргыз элине кеңири тараган.

Алыкул чыгармачылык менен алпурушкан мезгилде акындардын темаларынын эң башкысы — эмгек болгон. Алар үгүтчү катары элди социализм үчүн жумуш кылууга чакырган, көп нерсени эмгек кылуу менен байланыштырган, маселен, аялдагы сулуулук анын көрк-келбетинде, сымбатында эмес, анын коомдук пайдалуу жумуш аткаргандыгында, колхоз үчүн жан аябай иштегендигинде болгон.

Эмгекке үндөгөн миңдеген ырлар жазылган, бүгүн анын баары тарых барагында гана калды. Осмоновдун да ошондой ырлары көп эле болгону менен, ал бул темада кандайдыр бир өзгөчөлөнүп көрүнө алган, б. а. эмгек ырлары аркылуу да акындык жүзүн көрсөтүп, өзүнүн жеке ойлорун айта алган. Маселен, «Маляр» деген ырда ушул кесиптин адамдарына мүнөздүү болгон пейилди, жалпы образды алдыга сүрөп атпайбы.

Анан ушундай кесиптен биздин ата-бабалардын кур калып келгенин, деги эле үй куруп, ал жерде маданияттуу өмүр кечирген жашоо образынан алыс калганыбызды «касиеттүү мындай кымбат кесиптен, менин атам билбейм неге кур калган?» деген суроо менен туюнтуп коёт. А. Осмонов эмгек процессин көбүрөөк сүрөттөйт, каармандарынын ички дүйнөсүнө аралашууга аракет кылат, ар бир ырында өзү кошо жүрөт, акын катары жумушчуга өзүнүн мамилесин, симпатиясын билдирет.

Сайтка жарнама жайгаштыруу