Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Адамдын негизги муктаждыктары

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Адамдын негизги муктаждыктары

Психологиядагы легендарлуу идеялардын бири бешке бөлүнгөн үч бурчтук менен баяндалат. Ал "Маслоудун муктаждыктар пирамидасы" аталат. Бул пирамида АКШнын академиялык журналында 1949-жылы биринчилерден болуп жарыяланган.

Пирамиданын автору психолог Абрахам Маслоу болгон. Ал өзүнүн кесибинде "жашоонун маңызы эмнеде" деген суроого жооп издеп, бүткүл адамдар үчүн жашоонун мааниси эмнеде экенин түшүнүүнү каалаган.

Маслоудун ою боюнча адамдын муктаждыктары 5 негизги түргө бөлүнөөрүн аныктаган, бирок кийинечирээк буларга дагы экөө кошулуп жалпысы 7 болуп калган. Бирок ал жети муктаждыктар өз ичинен материалдык жана психолоигялык (жан дүйнөлүк) муктаждыктар болуп 2ге бөлүнөт.

Адамдын негизги муктаждыктары

Материалдык муктаждыктар

Окумуштуу-психологдун оюнча ар бир адамда базалык физиологиялык муктаждыктар бар, бул муктаждыктар Маслоу пирамидасынын эң биринчи баскычында турат алар:

Физиологиялык (пирамиданын 1-баскычы)

Коопсуздук (пирамиданын 2-баскычы)

Психологиялык муктаждыктар

Башында айтылган базалык муктаждыктардын экинчи бөлүгүнө жан-дүйнө муктаждыктары кирет, алар төмөнкүлөр:

Таандык болуу, сүйүү (пирамиданын 3-баскычы)

Сый-урмат (пирамиданын 4-баскычы)

Таанып-билүү (пирамиданын 5-баскычы)

Эстетикалык (пирамиданын 6-баскычы)

Өзүн-өзү актуалдаштыруу, эң жогорку баскыч

Муктаждыктардын ушундай пирамида формасында баяндалышы өзүнүн жөнөкөйлүгү жана адам тиричилигинин чыныгы зарылдыктары менен дал келиши аркылуу түшүндүрүлөт. Жогорку баскычка адамдардын 2 пайызы гана жетет экен.

Маслоу, кээде биздин башыбызды маң кылып, жооп таба албаган маанилүү суроолорго билгичтик жана тактык менен жооп алууга жол көрсөткөн. Мисалы, жаш кездеги, ал гана эмес көптөгөн бойго жеткен адамдардын эң маанилүү суроосу "чындыгында мен эмнени каалайм?", "мен эмнеге умтулам?" - деген суроолорго кантип жооп алсак болот?

Маслоу бизге идеалдуу жашоонун формуласын даярдап берди десек болот. Анын сөзү боюнча адам баласы психологиялык гана муктаждыктардын артынан түшүп жашай албайбыз, же ошол эле убакта бир гана материалдык зарылдыктар менен күн кечирүү дагы болбойт. Бүтүндүккө жетүү үчүн материалдык жана психологиялык муктаждыктарга да көңүл буруу зарыл.

Учурдагы базар экономикасында миңдеген ишканалар түрдүү буюмдарды чыгарып адамдардын физиологиялык муктаждыктарын гана канааттандырууда, ал эми жан-дүйнөнү байытуучу мекемелер жокко эсе. Ушул нерсени Маслоу ошол кезде эле түшүнүп, мындай кырдаал аны өтө капаланткан.

Жеке чөйрөдө Маслоудун пирамидасы жашоонун багытын аныктоодо эбегейсиз пайдалуу нерсе болуп, ар бир адам муну өзүнүн өнүгүүсү үчүн колдоно алат.

Жайгаштыруу: 2020-02-05, Көрүүлөр: 8511, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2020-02-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу