TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Адамдын негизги муктаждыктары макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Психологиядагы легендарлуу идеялардын бири бешке бөлүнгөн үч бурчтук менен баяндалат. Ал "Маслоудун муктаждыктар пирамидасы" аталат. Бул пирамида АКШнын академиялык журналында 1949-жылы биринчилерден болуп жарыяланган. Пирамиданын автору психолог Абрахам Маслоу болгон. Ал өзүнүн кесибинде "жашоонун маңызы эмнеде" деген суроого жооп издеп, бүткүл адамдар үчүн жашоонун мааниси эмнеде экенин түшүнүүнү каалаган. Маслоудун ою боюнча адамдын муктаждыктары 5 негизги түргө бөлүнөөрүн аныктаган, бирок кийинечирээк буларга дагы экөө кошулуп жалпысы 7 болуп калган. Бирок ал жети муктаждыктар өз ичинен материалдык жана психолоигялык (жан дүйнөлүк) муктаждыктар болуп 2ге бөлүнөт. Материалдык муктаждыктар Окумуштуу-психологдун оюнча ар бир адамда базалык физиологиялык муктаждыктар бар, бул муктаждыктар Маслоу пирамидасынын эң биринчи баскычында турат алар: Физиологиялык (пирамиданын 1-баскычы) Тамак-аш Суу Үй-жай Жылуулук Эс алуу, уйку Коопсуздук (пирамиданын 2-баскычы) Коопсуздук Коргонуу Коркунучтардан арылуу Психологиялык муктаждыктар Башында айтылган базалык муктаждыктардын экинчи бөлүгүнө жан-дүйнө муктаждыктары кирет, алар төмөнкүлөр: Таандык болуу, сүйүү (пирамиданын 3-баскычы) Кайсы бир чөйрөгө таандык болуу Адамдар тарабынан кабыл алынуу Сүйүү жана сүйүктүү болуу Сый-урмат (пирамиданын 4-баскычы) Компетенттүүлүк Ийгиликке жетүү Башка адамдар тарабынан оюнун макул табылышы Таанылуу Таанып-билүү (пирамиданын 5-баскычы) Билүү Тажрыйба алуу Түшүнүү Изилдөө Эстетикалык (пирамиданын 6-баскычы) Гармония Тартип, ирет Сулуулук Өзүн-өзү актуалдаштыруу, эң жогорку баскыч Максаттарды ишке ашыруу Мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу Жеке инсандык жактан өнүгүү Муктаждыктардын ушундай пирамида формасында баяндалышы өзүнүн жөнөкөйлүгү жана адам тиричилигинин чыныгы зарылдыктары менен дал келиши аркылуу түшүндүрүлөт. Жогорку баскычка адамдардын 2 пайызы гана жетет экен. Маслоу, кээде биздин башыбызды маң кылып, жооп таба албаган маанилүү суроолорго билгичтик жана тактык менен жооп алууга жол көрсөткөн. Мисалы, жаш кездеги, ал гана эмес көптөгөн бойго жеткен адамдардын эң маанилүү суроосу "чындыгында мен эмнени каалайм?", "мен эмнеге умтулам?" - деген суроолорго кантип жооп алсак болот? Маслоу бизге идеалдуу жашоонун формуласын даярдап берди десек болот. Анын сөзү боюнча адам баласы психологиялык гана муктаждыктардын артынан түшүп жашай албайбыз, же ошол эле убакта бир гана материалдык зарылдыктар менен күн кечирүү дагы болбойт. Бүтүндүккө жетүү үчүн материалдык жана психологиялык муктаждыктарга да көңүл буруу зарыл. Учурдагы базар экономикасында миңдеген ишканалар түрдүү буюмдарды чыгарып адамдардын физиологиялык муктаждыктарын гана канааттандырууда, ал эми жан-дүйнөнү байытуучу мекемелер жокко эсе. Ушул нерсени Маслоу ошол кезде эле түшүнүп, мындай кырдаал аны өтө капаланткан. Жеке чөйрөдө Маслоудун пирамидасы жашоонун багытын аныктоодо эбегейсиз пайдалуу нерсе болуп, ар бир адам муну өзүнүн өнүгүүсү үчүн колдоно алат.