Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

21-сентябрь — Жусуп Баласагын күнү

Баш барак | Күндөр | 21-сентябрь — Жусуп Баласагын күнү

21-сентябрь — Жусуп Баласагын күнү, бул күн 2023-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынтык отурумунда кабыл алынган.

Министрлер Кабинетинин басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык улуу ойчулдун чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында чечим кабыл алынып, жыл сайын 21-сентябрда Жусуп Баласагын күнүн белгилөө кабыл алынган.

Эске салсак, Жусуп Баласагын — XI кылымда Караханид мамлекетинде жашап өткөн ойчул. Ал «Кутадгу Билиг» («Кут билим») поэмасын жазган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулган. Кыргыз Мамлекеттик университети ысымын алып жүрөт. Сүрөтү кыргыз сомунун 1000 сом номиналындагы банкнотада түшүрүлгөн.

Макала толуктоого муктаж.

Жайгаштыруу: 2023-12-23, Көрүүлөр: 145, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-12-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу