TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Өпкө курт - диктикаулез

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-09-06 08:54:09 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-08-18 07:01:47

Макаланын тарыхына кайтуу

Малдын өпкөсүндө (бронхаларында) мителик кылуучу курттар козгоочу ылан. Мите курттар ичке жип түрүндө болуп, узундугу 17 мм-ден - 150 ммге чейин жетет. Малга суу, жем-чөп аркылуу жугат. Ыландаган мал жөтөлөт, мурдунан суюктук, маңка агып калат. Мал арыктайт. Башка өпкө оорулары (пневмония, бронхит ж. б.) пайда болуп малды өлүмгө учуратат. Дарылоо: Акыркы кезде чыккан Альбен таблеткасы жакшы жардам берет, 1 таблеткасы 50 кг тируу салмакка берилет. Ивермек, Баймек, Аверсект-2 дарыларын колдонсо жакшы натыйжа берет. Дарыны ветврачтын кенеши менен же инструкциясы менен бериниз!